# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 289-т (Мамлекеттик кыймылсыз мүлктү акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 289-т (Мамлекеттик кыймылсыз мүлктү акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 289-р
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007470>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19204/edition/9429/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230007470.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 289-т (Мамлекеттик кыймылсыз мүлктү акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу) тескемеси (28.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007470

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 28-майы № 289-т Жалпы республикалык маанидеги мамлекеттик программаларды жана милдеттерди ишке ашыруу, социалдык маанилүү долбоорлорго жана демилгелерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү, эл аралык келишимдердин шарттарын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 8, 11-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (мындан ары - АРИС) социалдык маанилүү долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу мезгилинде жергиликтүү деңгээлдеги артыкчылыктуу социалдык жана экономикалык проблемаларды аныктоодо жана чечүүдө жергиликтүү коомчулуктарга, коомдук уюмдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына техникалык, административдик жана финансылык жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик кыймылсыз мүлктү акысыз (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөдөн жана эксплуатациялык чыгымдардан тышкары) убактылуу пайдаланууга берсин.

2. АРИС мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга АРИСтин облустук жана райондук өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери ээлеген кызматтык жайлардын тиешелүү тизмегин берсин.

3. АРИСтин акысыз (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөдөн жана эксплуатациялык чыгымдардан тышкары) убактылуу пайдаланууга берилген мамлекеттик кыймылсыз мүлктү пайдалануу укугу тиешелүү мамлекеттик кыймылсыз мүлктү иш жүзүндө ээлеген учурдан тартып пайда болот деп аныкталсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
