# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27640/edition/9316/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230007349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (29.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007349

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 29-марты № 145

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында коллизиянын пайда болушуна жол бербөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кадрлар резервин түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 26 саны менен жарыяланды.

Төрага

А.У. Жапаров
