# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майы № 269 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 126 "Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майы № 269 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 126 "Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007308>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27609/edition/9260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230007308.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майы № 269 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 126 "Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (28.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007308

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 28-майы № 269

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 126 "Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Жергиликтүү бюджеттин каржылоосунда турган мекемелерди электр энергиясы үчүн акы төлөө жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселелерин ыкчам чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 126 "Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндө жободо:

- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештердин чечимине ылайык жергиликтүү бюджетте турган бюджеттик мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн карыздарын жоюуга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп бере алат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
