Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Мамлекеттик объектилерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXV сессиясы 2023-жылдын 21-февралы №25/2 Мамлекеттик обьектилерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө Кочкор райондук мамлекеттик адмиинистрациясынын 17.02.2023-жылы №01-8/456 сандагы катын жана Кочкор айыл өкмөтүнүн 17.02.2023-жылдагы №02-01-33/262 сандагы катын карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 6-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Теңдик айылындагы Т.Усубалиев көчөсүндөгү №30 «Тендик Элдик» үрөөн чарбасы пайдаланып келген эки кабаттуу административдик имарат (контора),1985-жылы курулган, балансалык баасы 95935 миң сомдук жана машина,трактор токтотуучу (гараж) 1977-жылы курулган, балансалык баасы 29095 миң сом, жайгашкан дареги; Теңдик айылы, Оро-Башы көчөсү №15 дарегиндеги обьектилер Кочкор айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Жогорудагы көрсөтүлгөн обьектилерди муниципалдык менчикке өткөрүп алуу, тиешелүү документтерди даярдоо жана Кочкор айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик реестрине киргизүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы №531 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине обьектилерди өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү үчүн тешелүү тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кайрылуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинен суралсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Э.Э.Эшмукамбетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.