# Көк-Таш айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-мартындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун турмушка ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Таш айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-мартындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун турмушка ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007282>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27587/edition/9234/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Таш айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-мартындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун турмушка ашыруу жөнүндө" токтому (09.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007282

---

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы 2021-жылдын 9-марты № 7 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун турмушка ашыруу жөнүндө “Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун турмушка ашыруу тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.“Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун турмушка ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратууга макулдук берилсин.

2.Мектеп директорлору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун турмушка ашыруу Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Н. Жакыев
