# Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-7 "Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы “Муз булак” , “Кошчан” , “Мамбет” ИСКАКБ ларын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-7 "Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы “Муз булак” , “Кошчан” , “Мамбет” ИСКАКБ ларын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21-7
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007278>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27583/edition/9230/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-7 "Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы “Муз булак” , “Кошчан” , “Мамбет” ИСКАКБ ларын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө" токтому (15.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007278

---

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 21-отуруму (сессиясы)

2021-жылдын 15-майы № 21-7

Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы “Муз булак” , “Кошчан” , “Мамбет” ИСКАКБ ларын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Жолдошевдин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №59 токтомуна негиз,”Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча органдырынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү” берген билдирүүсүн айылдык кеңештин депутаттары угуп,талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы ”Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча органдырынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү” №59 токтому аткарууга алынсын.

2. Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы “Муз булак” , “Кошчан” , “Мамбет” ИСКАКБ ларын айыл өкмөтүнүн балансына алып, муниципалдык ишкана эки айлык мөөнөттө,15-июлга чейин түзүлсүн, иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Жолдошевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага:

Н.Жолдошов
