# Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-2 "Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-2 "Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21-2
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27576/edition/9222/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 2021-жылдын 15-майы № 21-2 "Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (15.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007270

---

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 21-отуруму (сессиясы)

2021-жылдын 15-майы № 21-2 Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жооптуу катчысынын Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүнө негиз, Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап,Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдоруна “Жер Кодексинин” 12-14 беренеси,Кыргыз Республикасынын “Турак жай Кодексинин” 2013-жылдын 9-июлундагы №117 13-88-беренеси, 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 18-41-беренесине негиз, өзгөртүү киргизүү колго алынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн системалык каттоодон өткөн токтомдорундагы жер аталыштарына Тескей-Кожоке айылы-Кожоке,Федоров айылы-Күңгөй-Кожоке айылы, Алике, Байыш-Жаңы-Базар айылы деп өзгөртүлүп,жарандардын аты жөнүн мыйзам чегинде ,өздүгү боюнча тактап жазып берүү, Жооптуу катчы Н.Атакановага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

Н.Жолдошов
