# Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №5/7 "Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тегирмеч айылында жайгашкан үлүш жерлерде эгилген эгиндерге кароолчу дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №5/7 "Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тегирмеч айылында жайгашкан үлүш жерлерде эгилген эгиндерге кароолчу дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/7
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27555/edition/9200/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №5/7 "Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тегирмеч айылында жайгашкан үлүш жерлерде эгилген эгиндерге кароолчу дайындоо жөнүндө" токтому (21.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007244

---

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы 2024-жылдын 21-майы № 5/7

Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Тегирмеч айылында жайгашкан үлүш жерлерде эгилген эгиндерге кароолчу дайындоо жөнүндө

Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылынын дыйкан чарбаларынын мүчөлөрүнүн кылкандуу дан эгиндерин мал-жандыктардан коргоп бериңиздер деп жазган арыздарын канаттандыруу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылынын дыйкан чарба мүчөлөрүнүн элдин үлүш жерлерине эгилген кылкандуу дан эгиндерин мал-жандыктардан коруктап, сактоо үчүн кароолчу дайындалсын.

2. Жусубалиев Абдурашит Аширбаевич Үч-Коргон айыл аймагынын Тактек зонасындагы элдин үлүш жерлерине короолчу болуп дайындалсын.

3. Кароолчунун эмгек акысын дыйкан чарбалардын эсебинин макулдугу менен төлөнүп берилсин.

4. Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.Шакировго жүктөлсүн.

5. 2021- жылдын 28- октябрындагы №128 Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиндеги беренелерине ылайык эсептик өлчөмдө айып пул салынсын.

Төрайым

М.Кочконова
