# Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №5/3 "Үч-Коргон айыл аймагында крайтаану – тарыхый музей уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №5/3 "Үч-Коргон айыл аймагында крайтаану – тарыхый музей уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 5/3
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27550/edition/9195/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2024-жылдын 21-майындагы №5/3 "Үч-Коргон айыл аймагында крайтаану – тарыхый музей уюштуруу жөнүндө" токтому (21.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007239

---

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы 2024-жылдын 21-майы № 5/3

Үч-Коргон айыл аймагында крайтаану – тарыхый музей уюштуруу жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы тарыхый баалуу мурастарды сактоо, айыл өкмөтүнүн түптөлүшүнө салымын кошкон атуулдардын эмгектерин эскерүү, келечек муунга айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган улуттардын үрп-адаттарын, каада-салттарын, жарандык патриотизмди, маданий, руханий чөйрөнү өнүктүрүү максатында жана элдин көптөгөн кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июль №193 Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндөгү Мыйзамынын 3-глава 13-беренесине ылайык, Үч-Коргон айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы тарыхый баалуу мурастарды сактоо, айыл өкмөтүнүн түптөлүшүнө салымын кошкон атуулдардын эмгектерин эскерүү, келечек муунга айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган улуттардын урп-адаттарын, каада-салттарын, жарандык патриотизмди, маданий, руханий чөйрөнү өнүктүрүү боюнча крайтаану – тарыхый музейжөнүндөЖобо бекитилсин (жобо тиркелет).

2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2017-жыл 28-августундагы № 03-12/296-1-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

3. Үч-Коргон айыл өкмөтүндө Музейди уюштуруу маселелерин координациялоо боюнча жаңыдан «Жумушчу топ» бекитилсин.

4. Музейди уюштурууга байланыштуу иш-чараларга керектүү акча каражаты менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

5. Айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын, мектептердин, балдар бакчалардын жетекчилери музейдин экспонаттарын толуктоо боюнча “Жумушчу топко” жакындан жардам берилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөжагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрайым

М.Кочконова
