Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Н.Исанов айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтому жөнүндө» токтому
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 26 отуруму (сессиясы)
2018-жылдын 21-декабры № 26-11 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтому жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомундагы “Сугат айдоо жерлерин, жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп,талкуулап, Н.Исанов атындагы Айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүндө,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомундагы “Сугат айдоо жерлерин, жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамы аткарууга алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомундагы “Сугат айдоо жерлерин, жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу №512 токтомуна ылайык, айыл аймагындагы төмөндөгү контурдагы жер аянттарын турак жай салуу үчүн трансформациялоо жагы райондук жана облустук жерлерди бир түрдөн экинчи түргө которуу (трансформациялоо) боюнча комиссиясына сунушталсын.Тиркеме тиркелет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Ж. Нурмаматов
Депутаттардын Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин № 6 чакырылышынын кезектеги 26- отуруму (сессиясы) №26-11 токтомуна №1 тиркеме
Н.Исанов атындагы айыл аймагындагы турак жай үчүн трансформациялоого берилген контурлар
К№
Айылдардын аталыштары
Которулуучу контурлар
аянттары
1
Чеч-Дөбө айылы
№484 контур
3,0 га сугат айдоо жер аянты
№487 контур
0,60 га сугат айдоо жер аянты
№974 контур
1,0 га сугат айдоо жер аянты
2
Күңгөй-Кожоке айылы
№95 контур
2,7 га сугат айдоо жер аянты
3.
Жаңы-Базар айылы
№65 контур
0,9 га сугат айдоо жер аянты
4.
Тескей-Кожоке айылы
№189 контур
0,9 га сугат айдоо жер аянты
№183 контур
4,9 га сугат айдоо жер аянты
№304 контур
1,6 га сугат айдоо жер аянты
5.
Жар-Коргон айылы
№443 контур
8,0 га сугат айдоо жер аянты
6
Аймак боюнча жалпы
9 контур
23,6 га жер аянты бар.
Жооптуу катчы Н.Атаканова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого)…Постановление · 31.10.2018 · № 512 · Күчүн жоготкон