# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 228
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230007175/edition/9133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230007175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (08.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007175

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 10-майы № 228

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жана жергиликтүү соттордо коргоо боюнча иштин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында. "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2014-жылдын 12-февралындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пунктта "10" деген цифралар "15" деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

- 4-пунктта "736", "507" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "741", "512" деген цифраларга алмаштырылсын.

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
| --- | --- |
| "9-тиркеме |  |

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ

| № | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| --- | --- | --- |
| 1 | Директор | 7,48 |
| 2 | Директордун орун басары | 7,00 |
| 3 | Эксперт | 6,50 |
| 4 | Адис | 5,50 |

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 50%ына чейинки пайыздык үстөк төлөнөт деп белгиленсин.".
