# 1-берене

- Документ: [Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230007120)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24-майындагы № 89 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007120/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5333/edition/9084/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230007120/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (24.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007120/st-1

---

"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин мезгилинде колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен убактылуу жана/же туруктуу жашап туруу уруксатынын колдонуу мөөнөтүн узартат.";

2) 43-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 16 жашка чыга элек баланын өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин мезгилинде колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен жалпы жарандык паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230007120/st-2)
