Кыргыз Республикасынын «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 24-майы № 89 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин мезгилинде колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен убактылуу жана/же туруктуу жашап туруу уруксатынын колдонуу мөөнөтүн узартат.";
2) 43-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 16 жашка чыга элек баланын өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин мезгилинде колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен жалпы жарандык паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 17-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
Шилтеме берет (1)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61