# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын контролдонууну продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын контролдонууну продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 243
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007085>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27423/edition/9042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230007085.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын контролдонууну продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (15.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007085

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 15-майы № 243

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын контролдонууну продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү максатында, "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген расмий тилдеги Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесинде:

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 7-тизме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 370 "Экспорттоодо жана импорттоодо лицензияланууга тийиш болгон куралдардын, аскердик техникалардын жана аскердик багыттагы башка продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 17-майындагы № 37 (3590) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
