# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 16-майындагы № 2076-VII "“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 16-майындагы № 2076-VII "“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2076-VII
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230007063>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15403/edition/9014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230007063.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 16-майындагы № 2076-VII "“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (16.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230007063

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2024-жылдын 16-майындагы № 2076-VII

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. “Мекенчил” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович социалдык саясат боюнча комитеттин курамына, Калпаев Бактияр Алиевич Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин курамына, Эргешов Бекмурза Аскарбаевич Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

а) 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

“Калпаев Бактыяр Алиевич – № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, “Мекенчил” депутаттык тобунан;”;

б) 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

“Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович – № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, “Мекенчил” депутаттык тобунан;”;

в) 8-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:

“Эргешов Бекмурза Аскарбаевич – № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, “Мекенчил” депутаттык тобунан;”.

г) тѳмѳнкүлѳр күчүн жоготту деп таанылсын:

- 2-пунктчанын он экинчи абзацы;

- 8-пунктчанын экинчи абзацы.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

Дж.К. Исаева
