Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө” токтому
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 2024-жылы 19-апрели №9
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ишеним катынын негизинде түзүлгөн келишимди карап жана талкуулап Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышындагы кезексиз № IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бургөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунуш каты эске алынсын.
2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим бекитилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кубатов.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.