# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 270 "Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 270 "Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 270
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006992>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27371/edition/8940/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230006992.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 270 "Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" токтому (17.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006992

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 28-майы № 270 Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана көбөйтүү максатында, "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында өсүмдүктөрдүн төмөнкү түрлөрүн: макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L), афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch), родиола (Rhodiola L), самарканд өчпөс гүлү (Helichrysum maracandicum), Ольга жөө желими (Lindelofia olgae), узун мамычалуу жөө желим (Lindelofia macrostyla (Bunge), мамычалуу жөө желим (Lindelofia stylosa), Чимган жөө желими (Lindelofia tschimganica) ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого, жапайы өскөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого 2027-жылдын 1-январына чейин убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө калкка маалымдоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-майындагы № 41 (3594) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
