Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «2021-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдагы баяндамасы жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-июну № 318-VII
2021-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдагы баяндамасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 133-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 2021-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун ар жылдагы баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2021-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин же жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (мындан ары - Улуттук борбор) ар жылдагы баяндамасы эске алынсын.
2. Улуттук борбордун баяндамасынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү сунуштамалар мамлекеттик органдардын кароосуна жөнөтүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- "кыйноолор", "далил" аныктамаларын эл аралык ченемдерге ылайык келтирүү, Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө боюнча "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- кыйноолордун курмандыктарын гумандуу камоо жана алардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү укуктарын камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, эл аралык жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда кыйноолордун жана катаал мамиленин курмандыктарына зыяндардын ордун толтурууну жөнгө салуу механизмдерин, объекттерди куруу, башка жерге которуу, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жерлери болуп саналган имараттарды жана курулмаларды (Бишкек ш. ИИБнын УКЖсынын, № 21, 10, 23 мекемелердин, Жалал-Абад областындагы эркектерди камоочу СИЗОсун, № 9, № 25 (СИЗО) (Ош шаары) мекемелердин, Талас, Баткен, Жалал-Абад областтарындагы тергөө изоляторлорунун, Кара-Кулжа жана Чоң-Алай райондорунун ИИБнын УЖКларынын, Чаткал районунун ИИБнын УЖКсынын, Ош ш. СИЗО-5 камераларынын, Жети-Өгүз районунун ИИБнын УЖКсынын жана Каракол ш. УЖКсынын, Каракол ш. № 21 (СИЗО-1), № 23 (СИЗО-3) мекемелеринин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 түзөтүү колониясынын, № 19 мекеменин № 2 корпусунун, № 16 мекеменин соттолгондор үчүн обочолонгон участкасынын жана № 2 мекеменин корпустарынын имараттарын куруу же көчүрүү, № 53 мекемени, Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканасын кайра түзүү) капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоого, ошондой эле анда камалган адамдарды коргоо боюнча функцияларды тийиштүү укук коргоо органынын бөлүмүнө жүктөө менен мажбурлап дарылоо жөнүндө соттун чечими чыккан бейтаптар үчүн адистештирилген дарылоо мекемелерин түзүүгө тиешелүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- камакка алуу (кош бойлуулугу, жаш балдары, майыптыгы, ден соолугунун олуттуу көйгөйлөрү бар болгону), Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагындагы параллель медициналык кызматтарынын абактагы психиатриялык жардамды жалпы саламаттык сактоо системасына интеграциялоого которуу түрүндөгү бөгөт чараларын кабыл алуу боюнча шарттарды кайра кароого багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде (СИЗО, түзөтүү, тарбиялоо колониялары) камалгандардын тийиштүү социалдык жеңилдиктерин, жөлөкпулдарын, пенсияларын алуу предметине карата Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бардык мекемелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Улуттук борборго сунуш киргизсин;
- соттолгондордун документтерди (паспортторду, балдардын туулгандыгы, майыптыгы жана жашы боюнча жөлөкпулдар жана пенсиялар тууралуу күбөлүктөрүн ж.б.) каттоосу жана алуусу боюнча иштерди консолидацияласын;
- Улуттук борбордун алдын алуу механизминин толук көз карандысыздыгын камсыз кылуу жана анын түзүмүнө жана кызматкерлердин эмгек акысына таасир этүүчү өзгөртүүлөр (Кыйноолорго каршы конвенциясынын Факультативдик протоколунун 17 жана 18-беренелери, 2018-жылы БУУнун Кыйноолорду алдын алуу боюнча подкомитетинин Кыргыз Республикасына сапарынын жыйынтыгы боюнча берилген сунуштамаларынын 16-пункту) бөлүгүндө, БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясынын Факультативдик протоколунун (17-18-беренелер) жана Улуттук борбор жөнүндө мыйзамдын (5-берененин 10-пункту) алкагында Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюнча сунуштарды киргизсин;
- Кыргыз Республикасына карата 7 (кыйноолордон эркин болуу укугу) жана 10 (камоонун гумандуу шарттарына болгон укук) беренелери, ошондой эле Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын башка жоболору бузулду деп таанылган жеке даттануулар боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштамаларын кароо боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтордун ишин контролдоону күчөтсүн;
- камактагылардын санын кыскартуу боюнча эл аралык уюмдардын сунуштамаларын аткарсын;
- УЖКда, СИЗОдо, түзөтүү колонияларында камалган адамдардын укуктары жана эркиндиктери; аларды камоо шарттары; мекемелерде болуу эрежелери; тартиптик жаза колдонуунун ыкмалары жана жол-жоболору; даттанууларды кароонун тартиби ж.б. маселелерине тиешелүү документтерге купуялыкты чектөөчү белгилердин коюлушун болтурбоо максатында, Министрлер Кабинетинин, министрликтердин жана ведомстволордун ченемдик укуктук актыларын инвентаризацияласын жана текшерсин;
- ШИЗОнун камераларын жапсын, же болбосо ал жерде камалгандарды камоо шарттарынын тийиштүү стандарттары менен камсыз кылсын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин жер төлө кабаттарындагы камераларда камалган соттолгондорду башка камераларга которсун;
- Кыргыз Республикасында кыйноолорду колдонуу практикасын жок кылуу максатында жаза аткаруу органдарынын, Ички иштер министрлигинин жана адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү Улуттук борбордун мандатына кирген мекемелердин кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин дайыма жогорулатып турсун;
- шектүүлөрдү, айыпталуучуларды багууга тоскоол болуучу катуу оорулардын тизмегине байланыштуу жана оор дарттан жапа чеккен эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду медициналык кароодон өткөрүүнүн жана аларды жазасын андан ары өтөөдөн бошотууга көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзсүн;
- ведомстволук ченемдик укуктук актыларды текшерсин жана адам укуктарынын эл аралык стандарттарын сактоону эске алуу менен өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында, анын ичинде эпидемия мезгилинде ведомстволук мекемелердин ишин жөнгө салуучу жаңы актыларды иштеп чыгууну демилгелесин;
- БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциянын Факультативдик протоколунун 22-беренесин ишке ашыруу максатында, БУУнун Кыйноолорду алдын алуу боюнча подкомитетинин жана Улуттук борбордун ар жылдык баяндамаларынын сунуштамаларын аткаруунун жүрүшүн Улуттук борбор менен системалуу түрдө кароонун жана талкуулоонун механизмин жана жол-жоболорун иштеп чыксын;
- менчигинин түрүнө жана кайсы ведомствого таандык экенине карабастан эпидемия мезгилинде жугузуунун тобокелдиги факторлорун эске алуу менен жабык мекемелердеги эпидемиологиялык, санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди контролдоону, мониторингдөөнү жана сактоону күчөтсүн;
- экстрадициялоо жөнүндө арыз берген чет өлкөлүк соттолгон жарандарды экстрадициялоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечүүгө көмөк көрсөтсүн;
- кыйноолор жөнүндө кылмыш иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөттөрүнүн сакталышына контролду күчөтсүн, бул мөөнөттөрдү негизсиз создуктуруу практикасын четтетүү менен, бөгөт коюу чаралары жөнүндө сотко, анын ичинде УКМК кызматкерлери тарабынан, берилген өтүнүчтөр боюнча мамилелерди кайра карап чыксын;
- дары-дармек каражаттарынын жетиштүү санда жеткирилишине көмөк көрсөтүү жана медициналык кызматтарды көрсөтүү максатында бардык жабык мекемелердин муктаждыктарына баа берүүнү жүргүзсүн, анын ичинде эркиндигинен ажыратуу жана эркиндигин чектөө жайларында камалган адамдардын ооруларына ылайык аларды берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү менен кошо жашоодо өтө зарыл дары-дармектердин тизмегин карап чыксын;
- жабык мекемелердин, анын ичинде эпидемия мезгилиндеги, медицина кызматкерлеринин ден соолугунун абалы, дарылоо ыкмалары, дайындалган дары-дармектердин кошумча таасирлери жөнүндө өз убагында маалымдалышын контролдоону күчөтсүн;
- (БУУнун Адам укуктары боюнча комитети, БУУнун Кыйноолорго каршы комитети, БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитети, Кыйноолорду алдын алуу боюнча подкомитети, Кыйноолор маселелери боюнча атайын баяндамачы, Ден соолук укугу боюнча атайын баяндамачы ж.б. тарабынан) Кыргыз Республикасына карата чыгарылган адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларынын жана атайын жол-жоболордун аткарылышын контролдоону күчөтсүн;
- эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларындагы адамдардын тамак-ашынын ченемдерин (сапаты, көлөмү, ассортименти) кайра карап чыксын;
- мөөнөттүү кызмат өтөөдө адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу боюнча ишти күчөтсүн, адам укуктары жана эркиндиктери маселелери боюнча аскер кызматчыларын чакырууга чейинки мезгилде дагы, мөөнөттүү кызмат өтөө мезгилинде дагы даярдыктарды үзгүлтүксүз жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн медициналык кызматынын, ошондой эле ведомстволук мамлекеттик органдардын жана мекемелердин медициналык кызматтарынын ишине Стамбул протоколунун принциптерин жана Кыйноолорду жана катаал мамилени натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык колдонмону киргизүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын;
- социалдык стационардык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн колдонуучулардын сөөгүн коюунун жана көмүүнүн тартиби жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин. Социалдык стационардык мекеменин аймагында каза болгондорду аты жок көрүстөндөрдө, номерлүү тактасы жок көрүстөндөрдө, аты-жөнүн, туулган күнү жана өлгөн күнү көрсөтүлүүчү такталары жок, номерлүү такталары бар көрүстөндөргө коюу тажрыйбасын жокко чыгарып, аларды татыктуу жерге берүү укугун так сактасын.
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту:
- Кылмыш-жаза кодексинин "кыйноолор" - 3051 (1997-жылдагы редакциясы), 143 (2019-жылдагы редакциясы), 137 (2021-жылдагы редакциясы) беренелери боюнча чыгарылган сот актыларына, ошондой эле кылмыш иштерин кыскартуу жөнүндө жана кылмыш иштеринин ушул категориясы боюнча жаңыдан кароого жиберүү менен төмөн турган соттордун чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндөгү соттук актыларга талдоо жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасына карата БУУнун Адам укуктары боюнча комитети тарабынан чыгарылган пикирдин негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 451-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун тартибинде кылмыш иштерин соттордо кароо боюнча соттук практиканы жалпыласын;
- соттук процесстердин көп жылдырылышына жана соттук териштирүүлөрдүн узартылышына алып келген себептерге жана шарттарга талдоо жүргүзсүн;
- кыйноо фактылары боюнча кылмыш иштерин кароонун мөөнөттөрүнө, кыйноолор тууралуу кылмыш иштерин судья/судьялар тарабынан мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруу жана узартуу фактылары боюнча контролду күчөтсүн;
- кыйноолордун курмандыктарына, ал эми алар каза болгон учурда алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө адекваттуу компенсацияны аныктасын;
- ар кандай формадагы жана ар кандай көрүнүштөгү кыйноо үчүн жазадан кутулбастыкты камсыз кылуу максатында, кыйноолордун колдонулушу жөнүндө ар бир билдирүү ар тараптуу, толук жана объективдүү соттук кароонун предмети болушу үчүн мыйзамдуу жана негиздүү өкүм чыгаруу менен Жогорку соттун Пленумунун токтомун демилгелесин;
- кыйноолордун жана катаал мамиленин курмандыктарына компенсацияларды төлөө жөнүндө талаш-тартыштарды чечүүдө, 2018-2022-жылдарда кыйноолор жана катаал мамиле жөнүндөгү иштер боюнча соттук практиканы жалпылоо боюнча соттук тажрыйбаны жалпыласын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомун кабыл алсын.
3) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- укук коргоо органдарынын ыкчам-издөө ишине, тергөө иштерине, кармоодо эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында камакта кармоо мезгилинде адамдардын укуктарынын сакталышына (медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу, медициналык жардамдын өз убагында жана сапатсыз көрсөтүлүшү ж.б. тууралуу камакта кармоо жайларынан түшкөн даттанууларды кароо), ички иштер органдарынын убактылуу камоочу жайларында камоонун мөөнөттөрүнө жана айыпталуучуну тергөө изоляторуна өз убагында которууга натыйжалуу көзөмөлдү камсыз кылсын;
- Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылуу фактылары боюнча арыздарды кароонун жол-жоболору бөлүгүндө мыйзамдардын бузулушун алдын алууга контролду күчөтсүн;
- пробация, медиация жана мунапыс чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын натыйжалуу ишке ашырылышына көзөмөлдү күчөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун кыйноолорду жана башка адамгерчиликсиз, катаал аракеттерди же кадыр-баркты басмырлоочу мамилени жана жазаны колдонууга тыюу салуунун конституциялык кепилдигин камсыз кылууга прокурордук көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө 2018-жылдын 26-декабрындагы буйругун аткаруу боюнча ишти күчөтсүн;
- жабык мекемелерде камалган жана кыйноолор, катаал мамиле жөнүндө билдирген адамдарды репрессиялардан коргоо бөлүгүндө БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясынын Факультативдик протоколунун 21-беренесинин аткарылышына контролду күчөтсүн;
- Улуттук борбордун жылдык баяндамаларында көрсөтүлгөн оорунун оордугуна жана ден соолугунун абалы начарлаганына байланыштуу жазаны андан ары өтөөдөн бошотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде, ИИМдин жана жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде камакта жаткан мезгилде же болбосо жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулгандан кийинки кыска аралыкта каза болгон ар бир факты боюнча иликтөө жүргүзсүн;
- Улуттук борбордун 2019-2021-жылдарга атайын изилдөөсүнүн жүрүшүндө аныкталган бардык, анын ичинде жаза аткаруу кызматынын СИЗОсунда камалып турган аялдардын боюнан түшүүсү, жабык мекемелердеги соттолгондорго Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча каралган жөлөкпулдарды бербөө фактыларын кошуп алганда, мыйзам бузууларга изилдесин жана юридикалык баа берсин;
- психиатриялык стационарлардын, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын ишине контролдун натыйжалуу механизмин киргизүү аркылуу психиатриялык жардам көрсөтүүдө мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү күчөтсүн;
- соттолгон адамдарды экстрадициялоо жана аларга карата соттун чечими менен медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө жаза аткаруу кызматынын тергөө изоляторлорунан адистештирилген психиатриялык мекемелерге өткөрүп берүү маселелерин өз убагында чечүүгө контролду күчөтсүн.
4) Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча ишти, анын ичинде суицидди алдын алуу, уставдык эмес мамилелердин практикасын жана башка терс көрүнүштөрдү жоюу боюнча иштерди улантсын;
- мамлекеттик соттук-медициналык жана соттук психологиялык-психиатриялык эксперттерди жана көз карандысыз эксперттерди тартуу менен Стамбул протоколунун принциптерине ылайык мөөнөттүү кызматты өтөп жаткан аскер кызматчысынын жараат алышынын же каза болушунун ар бир фактысына тыкыр иликтөө жүргүзсүн.
5) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- кармалгандарга алардын укуктары, УЖКдагы ички тартиптин эрежелери, тартип бузууга жаткан аракеттердин мүнөзү, тартиптик жаза чаралары, алардын колдонулушуна даттануу тартиби, башка бардык маселелер боюнча даттанууларды берүүнүн жол-жоболору жөнүндө маалымат берсин;
- улуттук мыйзамдарда белгиленген бир адамга 3,25 кв.м деген стандарттын сакталышын камсыз кылуу үчүн камералардын ашыкча толуп кетишин болтурбоо боюнча иш-чаралардын системасын иштеп чыксын, сейилдөөчү короолорду жамгырдан жана кардан башпаанектер, отургучтар, спорттук шаймандар менен жабдысын;
- санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларын, УКЖнын жайларын дезинфекциялоону, дезинсекциялоону жана дератизациялоону үзгүлтүксүз жүргүзсүн;
- кармалгандардын бардыгына күнүнө бир сааттан кем эмес сейилдөө берсин;
- жашы жете электерди чоңдордон бөлүп камоону камсыз кылсын;
- мыйзамдардын талаптарын толук сактоо менен түзүлгөн тергөө-кармоо протоколдорунун, ошондой эле бөгөт коюу чарасын тандоо боюнча соттун токтомдорунун өздүк иштердин материалдарында болушуна көзөмөлдү күчөтсүн;
- тергелип камакка алынган адамдарды мыйзамсыз камоо практикасына жана убактылуу камоочу жайларда камоо мөөнөттөрүнүн бузулушуна жол бербесин;
- жактоочуга жеткиликтүүлүк, жакындарына же үчүнчү жактарга адамдын кармалгандыгы жөнүндө анын турган жери жөнүндө билдирүү менен өз убагында кабарлоо жол-жоболоруна контролду күчөтсүн жана кармалган адамдын контролдонгон телефондук байланышуу укугун камсыз кылсын.
6) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- мекемелерде кармалган аялдардын укуктарынын бардык категорияларына карата улуттук мыйзамдардын жана эл аралык стандарттардын бардык талаптарынын так сакталышына көзөмөлдү күчөтсүн (СИЗОлордо балдары бар аялдарга эң зарыл буюмдарды берүү, ошондой эле аялдар үчүн, анын ичинде төрөттөн кийинки мезгилде, гигиеналык каражаттарды жетиштүү санда бөлуп берүү);
- адам укуктары жаатындагы эл аралык документтердин, атап айтканда, "Мандела Эрежелеринин", "Бангкок Эрежелеринин" ж.б. негизинде персоналды окутуу программаларын иштеп чыксын жана киргизсин;
- камактагы аялдарды коштоо/которуу, жеке тинтүү жүргүзүү, текшерүү, кароо жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн СИЗОго аял жынысындагы кызматкерлердин тартылышын камсыз кылсын;
- кармалгандардын жазаны аткаруу мекемелеринде багылган балдарын 3-5 жаштан баштап балдар үйүнө же фостердик үй-бүлөлөргө которуу маселелерин карасын;
- жазаларды же кылмыш-укуктук таасир берүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө мезгилинде, акысыз алгачкы медициналык-санитардык жана адистештирилген медициналык жардамды, анын ичинде амбулаториялык-поликлиникалык же стационардык шарттардагы жардам алууну кошкондо, соттолгондордун өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам алуу укугунун сакталышын камсыз кылсын. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын, атап айтканда, онкологиялык оорусу бар адамдардын, кургак учук менен ооруган адамдардын, так аткарылышын камсыз кылсын;
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам реестриндеги адвокаттардын ишине контролду күчөтсүн, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам реестриндеги адвокаттардын ишин баалоону мониторингдөө механизмдерин практикага киргизсин.
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
- БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясынын Факультативдик протоколунун алкагында алынган Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин, ошондой эле Улуттук борбордун кызматкерлеринин жана Координациялык кеңешинин мүчөлөрүнүн каалаган күнү жана каалаган убакта ведомстволук жабык мекемелерге тоскоолдуксуз кирүүсүнө байланыштуу Улуттук борбор жөнүндөгү мыйзамдын жоболорунун так сакталышын камсыз кылсын;
- кылмыш-процессуалдык мыйзамдардын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин "Кыйноолор" беренелери боюнча кылмыш иштерин иликтөөнү аяктоо жана кылмыш иштерин иликтөөнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн сактоо менен сотко жөнөтүү боюнча ар тараптуу жана бардык чараларды көрсүн.
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы:
- мөөнөттүү кызматтагы аскерлерге өз убагында жана сапаттуу медициналык жардамга, анын ичинде акысыз стоматологиялык кызмат көрсөтүүлөргө болгон укугунун сакталышын камсыз кылсын;
- окуу программаларына аскер кызматчыларынын кыйноолордон эркин болуу укугу, ошондой эле Улуттук борбордун ролу жана мандаты жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды киргизсин.
9) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- кош бойлуу аялдардын, төрөттөн кийинки мезгилдеги аялдардын жана жаза аткаруу мекемелеринде багылып жаткан үч жашка чейинки балдардын ден соолугун коргоо боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү кошкондо, өз убагында, толук кандуу жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча саламаттык сактоо жана пенитенциардык саламаттык сактоо уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтсүн;
- мажбурлап дарылоого жиберилген жана аларга карата сот тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган адамдарды психиатриялык мекемелерде өзүнчө жайгаштыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишти улантсын;
- бейтаптардын эс алуусу, ишке орношуусу жана андан ары социалдашуусу (ири стационарларды децентрализациялоо) үчүн адекваттуу шарттары бар ачык мекемелерге артыкчылыгы бар психиатриялык мекемелерди пландуу түрдө которуу боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин;
- бейтаптардын кыйла чектелген шарттарда психиатриялык жардам алуу укугун камсыз кылуу максатында, алардын жашаган жерине мүмкүн болушунча жакын жайгашкан стационарда дарылоо жүргүзсүн;
- эмгекке ыктыярдуу катышуу принцибин, эмгек мыйзамдарынын талаптарын толук сактоо, ошондой эле эмгекти коргоону жана коопсуздук техникасын камсыз кылуу менен, психиатриялык стационарлардын бейтаптарынын натыйжалуу социалдык, социалдык-эмгектик реабилитациялоо жана адаптациялоо системасын иштеп чыксын жана ишке киргизсин;
- альтернативдик диагностика жүргүзүү максатында көз карандысыз медициналык эксперттерге карата эркин жетүүнү камсыз кылсын;
- кыйноолор жана катаал мамиле жасоо фактылары боюнча соттук-медициналык жана соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалардын корутундуларын берүүнүн сапатына жана мөөнөтүнө контролду күчөтсүн;
- жетиштүү сандагы дары-дармекти жеткирүү жана медициналык кызмат көрсөтүүгө көмөк көрсөтүү максатында бардык жабык мекемелердин керектөөлөрүнө баалоо жүргүзсүн;
- ыктыярдуу макулдук принцибин милдеттүү түрдө сактоо менен, Психиатриялык стационарлардын бейтаптарына эмдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы, ошондой эле Бейтаптын эмдөө жүргүзүүгө маалымдалган макулдугунун формасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- улуттук саламаттык сактоо реформасынын алкагында камоонун шарттарына, базалык медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жана дары-дармектерге жеткиликтүүлүккө сапаттуу мониторинг жүргүзүү үчүн медициналык стандарттарды унификацияласын;
- стационардык социалдык мекемелерде камкордукка алынгандардын арасында өлүм көрсөткүчүнүн жогору болуп жаткан себептерине талдоо жүргүзсүн;
- бардык убактылуу камоочу жайлардын, тергөө изоляторлорунун жана башка эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын санитардык абалын текшерүү боюнча комиссия түзсүн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган бузуулар боюнча актыларды/жазма эскертүүлөрдү тиркөө менен тиешелүү документти даярдасын;
- бардык медициналык кызматкерлерге клиникалык протоколго жана көрсөтмөгө ылайык далилдүү медицинага негизделген дары-дармек терапиясынын заманбап ыкмаларын окутсун;
- эмдөөгө ыктыярдуу макулдук берүү принцибин сактоодо эркиндигинен ажыратуу же чектөө жайларында камалып турган адамдар учук жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөрдүн керектүү санына баалоо жүргүзсүн;
- психикасы бузулган адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө көрсөтүлгөн кызматтар үчүн Төлөөчүнүн бирдиктүү фондунун каражаттарын алуу үчүн жеке, муниципалдык жана мамлекеттик жеткирүүчүлөргө бирдей шарттарды камсыз кылсын.
3. Улуттук борбор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан кабыл алынган сунуштамалардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзсүн жана кезектеги ар жылдагы баяндаманы Жогорку Кеңешке киргизүүдө маалымат берсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Т.Т. Мамытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомПостановление · 20.11.2015 · № 790 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндөЗакон · 12.07.2012 · № 104 · Күчүн жоготкон