# Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылынын 29-мартындагы №10 “Сумсар Тазалык” муниципалдык ишканасын “Терек-Сай” муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылынын 29-мартындагы №10 “Сумсар Тазалык” муниципалдык ишканасын “Терек-Сай” муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006914>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27304/edition/8860/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылынын 29-мартындагы №10 “Сумсар Тазалык” муниципалдык ишканасын “Терек-Сай” муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө” токтому (29.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006914

---

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз II сессиясынын 2024-жылы 29-марты №10

“Сумсар Тазалык” муниципалдык ишканасын “Терек-Сай” муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын, 2016-жылдын 16-майы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, 2002-жылдын 15-марты «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген "Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө" 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 токтомун, “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” 2024-жылдын 7-февралында №52 токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып жана Терек-Сай айылдык кенешинин 2024-жылдын 29-мартындагы IX чакырылышынын кезектүү II сессиясы токтом кылат:

«Сумсар Тазалык” муниципалдык ишканасын “Терек-Сай Тазалык» муниципалдык ишканасына кошуу жолу менен кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.

“Терек-Сай Тазалык» муниципалдык ишканасынын аталышы “Терек-Сай» муниципалдык ишканасына өзгөрүлсүн. Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Терек-Сай" муниципалдык ишканасы;

- расмий тилде: Муниципальное предприятие "Терек-Сай".

Кыскача фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Терек-Сай" МИ;

- расмий тилде: МП "Терек-Сай".

«Терек-Сай» муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү актысы бекитилсин .

Муниципалдык ишкананын директору болуп Балтагулов Шералы Жаналыевич дайындалсын.

Токтомду terek-say-kenesh.gov.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Терек-Сай айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

Токтомдун аткарылышын көзөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

Эргешов К.М.
