Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Жол курулуш жана кѳпүрѳ оңдоо иштерине гравий алуу жөнүндө» токтому
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-майы №33
Жол курулуш жана кѳпүрѳ оңдоо иштерине гравий алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын ѳнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жѳнүндѳ” №221 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жѳнүндѳ” мыйзамынын 5 бѳлүмүнүн 35-статьясы “Кыртыш карьерлерин, резервдерди жана жергиликтүү курулуш материалдары алынуучу карьерлерди уюштуруу”, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 26-июлундагы №198 “Жолдорду куруу жана оңдоо иштеринде карьерлерди пайдаланууга укук алуу” тууралуу буйругун жетекчиликке алып, Кууганды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №36 жол тейлөө мекемесинин 0,5 км чакырым жолго гравий төшөө үчүн, асфальт басуу иштери толугу менен бүткөрүлгөнгө чейин жана Арал-Чоңѳр-Луговое жолундагы чоң кѳпүрѳнү оңдоого гравий алууга Кууганды айыл аймагынын Кууганды өзөнүндөгү Кызыл таштын жаны, Тегерек ѳзѳнүнүн сайы көрсөтүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.Молдокуловго милдеттендирилсин.
Тѳрага:
Ф.К.Токушев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.10.2018 · № 221
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон