# Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясынын 2024-жылдын 11-апрелиндеги №14/9 Жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясынын 2024-жылдын 11-апрелиндеги №14/9 Жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14/9
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006848>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27257/edition/8788/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясынын 2024-жылдын 11-апрелиндеги №14/9 Жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө токтому (11.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006848

---

ОРМОН-ХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VII чакырылышынын Ормон Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз ХIV сессиясы

2024-жылдын 11-апрели № 14/9 Жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126 тескемесин талаптарынын негизинде Кочкор айылынын Б.Исакеев көч. №84/2 дарегинде №№361, 457, 461-контурларында жайгашкан 2 га муниципалдык менчиктеги “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясындагы жер аянтын "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын сунушу туралуу маалыматын угулуп, талкуулап, жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 30,33,34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кочкор айылынын Б.Исакеев көч. №84/2 дарегинде №№361, 457´, 461-контурларында жайгашкан 2 га муниципалдык менчиктеги “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясындагы жер аянтын "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Кочкор айылынын Б.Исакеев көч. №84/2 дарегинде №№361, 457´, 461-контурларында жайгашкан 2 га муниципалдык менчиктеги жер тилкесинин багытын өзгөртүгө макулдук берилген тиешелүү документти жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жана тийиштүү органдарга жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.

Төраганын орун басары

Н. Сакыева
