# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 249
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006746>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27180/edition/8689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230006746.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому (15.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006746

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 15-майы № 249

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2023-жылдын 26-майындагы чечимин ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте окумуштуулук даражасы үчүн үстөк акы;

2) эмгек өргүүсүнө чыкканда эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;

3) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү пункттун 3-пунктчасын копшогондо, 2023-жылдын 26-майынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери

№

Кызмат орундун аталышы

Эселөө коэффиценттери

1

Окутуучу

4,15

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттеринин өлчөмүн аныктоодо жумуштун узактыгы 40 сааттык жумалык ченемде белгиленет.

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү

№

Иш стажы

Пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү (%)

1

1 жылдан 3 жылга чейин

5

2

3 жылдан 5 жылга чейин

10

3

5 жылдан 10 жылга чейин

15

4

10 жылдан 15 жылга чейин

20

5

15 жылдан 20 жылга чейин

25

6

20 жылдан 25 жылга чейин

30

7

25 жылдан жогору

40

Эскертүү:

1. Иштеген жылдары үчүн үстөктөр мамлекеттик органдардагы, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын ведомстволук мекемелериндеги, уюмдарындагы жана ишканаларындагы, министрликтердеги, комитеттердеги, административдик ведомстволордогу жана укук маселелери менен иштеген жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамдагы кызмат орундарындагы иш стажы үчүн белгиленет.

2. Иштеген жылдары үчүн үстөктөр башка үстөктөрдү жана кошумча төлөөлөрдү эсепке албастан кызматтык маянага эсептелет.

3. Иштеген жылдары үчүн ар айлык үстөктү төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчиси тарабынан бекитилет.

4. Иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү төлөө ай сайын, иш стажына жараша дифференциалуу жүргүзүлөт.
