# Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 125 "Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 125 "Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006659>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27109/edition/8584/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 125 "Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө" токтому (17.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006659

---

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XX сессиясы 2023-жылдын 17-февралы № 125 Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 683 “Кыргыз Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндөгү” токтомунун жетекчиликке алып “финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелер боюнча » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч катынын негизинде Мырза-Аке айыл аймагындагы көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар 61 (алтымыш бир ) жаран тазалык, таза суу коммуналдык кызматтарга төлөө акысынан 50 пайыз жеңилдик берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.

Төрайым

Г.Жороева
