# Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын 15-майындагы №38/147 "Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын 15-майындагы №38/147 "Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38/147
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006574>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-27058/edition/8505/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2024-жылдын 15-майындагы №38/147 "Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (15.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006574

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 15-майы №38/147 Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126 тескемесин аткаруу максатында, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-майындагы № 50 протоколун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ж.Курбановдун 2024-жылдын 8-майындагы № 01-8/1211 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ кылат:

Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКга Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районуна ипотекалык үйлөрдү курууда социалдык объектердин: бала бакча, мектеп, балдар аянтчаларын куруу боюнча сунуш кат жөнөтүлсүн.

Ушул токтомдун 1-2-пункттарын аткаруу жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго жүктөлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ж.Калматов
