Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-майы № 247
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө
Өлкөдө накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн деңгээлинин оптималдуу катышын, акча жүгүртүүнүн ачыктыгын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 139-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Айыл Банк", "РСК Банк" жана "Керемет Банк" ачык акционердик коомдоруна бүтүмдүн суммасынан 0,02% өлчөмүндө эскроу-эсепти тейлөө үчүн комиссия белгилөө сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына коммерциялык банктар үчүн бүтүмдүн суммасынын 0,02% өлчөмүндө эскроу-эсепти тейлөө үчүн комиссия белгилөө сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларында:
- 4-пункттун 1-пунктчасы:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:"; төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи-сегизинчи абзацтар менен толукталсын: "накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:
- эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 10000 (он миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 20000 (жыйырма миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо - 50000 (элүү миң) сом;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-глава жана 6-1-пункт менен толукталсын:
"2-1-глава. Мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө, жер участокторуна укуктар менен жасалган бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алым 6-1. Мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө, жер участокторуна укуктар менен бүтүмдөрдү жасагандыгы үчүн мамлекеттик алым төмөнкүдөй өлчөмдөрдө алынат:
1) накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:
- эгерде бүтүмдүн тараптары балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 300 (үч жүз) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 500 (беш жүз) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо - 1000 (бир миң) сом.
2) накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:
- эгерде бүтүмдүн тараптары балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 3000 (үч миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 5000 (беш миң) сом;
- эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо - 10000 (он миң) сом.".
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.04.2019 · № 159
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122