# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жайгашкан Тоскоол-Ата токой чарбасынын жерлерин "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жайгашкан Тоскоол-Ата токой чарбасынын жерлерин "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 654
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006472>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26970/edition/8400/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230006472.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 654 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жайгашкан Тоскоол-Ата токой чарбасынын жерлерин "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (05.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006472

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 5-декабры № 654

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жайгашкан Тоскоол-Ата токой чарбасынын жерлерин "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, инвестицияларды тартуу жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 14-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 21-февралындагы № 04-01/580 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын токтомун көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Гөлмен участогундагы № 256 (33,0 га), № 301 (8,0 га) контурларда жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын алдындагы Тоскоол-Ата токой чарбасынын менчигинде турган жалпы аянты 41,0 га жайыт жерлери Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер аянтын жоготуунун ордун толуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Кашка-Суу участогундагы № 6 (39,66 га), № 11 (0,54 га), № 13 (0,80 га) контурларда жайгашкан жалпы аянты 41,0 га жайыт жерлери "Запастагы жерлер" категориясынан "Токой фондусунун жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).

3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды алып коюуну.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 98 саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
