# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 02 "Кара-Балта шаарында өткөрүлө турган административдик-аймактык реформа боюнча" токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 02 "Кара-Балта шаарында өткөрүлө турган административдик-аймактык реформа боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 02
- Кабыл алынган күнү: 10.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006464>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26957/edition/8391/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230006464.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 02 "Кара-Балта шаарында өткөрүлө турган административдик-аймактык реформа боюнча" токтому (10.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006464

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 10-ноябрь № 02

Кара-Балта шаарында өткөрүлө турган административдик-аймактык реформа боюнча Кыргыз Республикасынын “Административдик аймактык түзүлүш” мыйзамынын 6, 12-беренелерине ылайык, Кара-Балта шаарында административдик-аймактык реформа өткөрүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыл районунун Красный-Восток айыл аймагынын Калинин айылын, Гидропартия жана Индом жер участокторун Кара-Балта шаарына кошуу маселеси колдоого алынсын.

2. Кара-Балта шаарынын аталышы өзгөртүүсүз калтырылсын.

3. Административдик борбору Кара-Балта шаары болуп эсептелсин.

4. Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттардын курамы жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз калат.

5. Жайыл районунун Красный-Восток айылдык кеңешинин депутаттардын курамы жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз калсын.

6. Кара-Балта шаары областтык маанидеги шаар категориясына киргизилсин.

7. “Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө” Кара – Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябрындагы № 01 Токтому күчүн жоготту деп табылсын.

8. Ушул токтом Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй - Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

9. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.

Кеңештин төрагасы

М. Дуйшеналиев
