Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Эл аралык кызматташтык немец коомунун (GIZ) ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 15-майы № 235-т
"Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Эл аралык кызматташтык немец коомунун (GIZ) ортосундагы Кызматташуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен Эл аралык кызматташтык немец коомунун (GIZ) ортосундагы Кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Суу ресурстары кызматы" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы, 720040, Бишкек ш., Токтоналиев көч., 4А менен мындан ары "GIZ" деп аталуучу Эл аралык кызматташтык немец коомунун (GIZ) GmbH, Dag-Hammarskjöld-Weg 1-5, 65760 Eschborn/Германия ортосундагы мындан ары "Долбоор" деп аталуучу "Климаттык таасирди эске алуу менен Борбордук Азиядагы суу ресурстарын башкаруу" региондук долбоору боюнча Кызматташуу жөнүндө макулдашуу. Макулдашуунун негизи Бул Макулдашуунун негизи болуп төмөнкүлөр саналат: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 84 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1998-жылдын 31-мартындагы техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу. Жогоруда аталган Макулдашуунун 1-беренесинин 2-пунктуна ылайык Долбоордун жоболору GIZ менен Суу ресурстары кызматынын ортосундагы макулдашуу түрүндө баяндалууга тийиш. GIZ Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген тапшырманы аткаруу үчүн аракеттенет.
1. Долбоордун максаты жана көрсөткүчтөрү
Долбоор Кыргыз Республикасында тиешелүү улуттук, региондук жана эл аралык демилгелер менен өз ара аракеттенип ишке ашырылат. Долбоор Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) заказы боюнча Германия Федеративдүү Өкмөтүнүн "Жашыл Борбордук Азия" климат жана коопсуздук боюнча региондук демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат, ал Азия Европа Бирлигинин - Борбордук Азиянын жаңыланган стратегиясын: кыйла күчтүү өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдоо үчүн ишке киргизилген. Бул иштин жалпы максаты: улуттук жана бассейндик деңгээлдеги климаттык таасирлерди эске алуу менен улуттук жана бассейндик уюмдар тарабынан суу ресурстарын интеграциялык башкарууну киргизүү. Долбоордук мамиле: Долбоордун негизги өнөктөшү Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы. Кыргыз Республикасындагы суу ресурстарын интеграциялык башкарууну өнүктүрүү максаттарга лабораторияларды модернизациялоого жана ага тиешелүү технологияларды жана техниканы берүүгө багытталган пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жана суу ресурстарын интеграциялык башкаруу боюнча башка долбоорлор аркылуу жетишет. Максатка төмөнкү натыйжалар аркылуу жетишүү керек:
1) климаттык таасирлерди эске алуу менен суу ресурстарын интеграциялык башкарууну ишке ашырууда улуттук жана бассейндик уюмдарга колдоо көрсөтүү;
2) климаттын таасирин эске алуу менен суу ресурстарын башкаруу боюнча улуттук жана бассейндик уюмдардын жетекчилеринин потенциалын чыңдоо.
Максатка төмөнкү негизги индикаторлорду ишке ашыруу аркылуу жетишет:
1) Суу ресурстары кызматы тарабынан сунушталган климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасында сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
3) Суу ресурстары кызматы менен макулдашуу боюнча климаттык таасирди эске алуу менен суу ресурстарын башкаруу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу.
GIZ жана Суу ресурстары кызматы биргелешип бул максатты ишке ашыруу милдетин өзүнө алат. Иш-чараларды, этаптарды, мөөнөттөрдү жана милдеттерди көрсөтүү менен долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы Суу ресурстары кызматы, суу ресурстарын башкарууга ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылат:
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги.
2. Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн GIZ аркылуу Долбоорго кошкон салымы
Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү беш Борбордук Азия өлкөлөрүнө Регионалдык долбоорду ишке ашырууга Германиянын салымы катары GIZ карамагына 10000000 (он миллион) еврого чейинки сумманы берди, анын ичинде институционалдык жана уюштуруучулук өнүгүүгө GIZ чыгымдары кирет.
2.1. Эксперттер менен камсыз кылуу
GIZ Долбоордун алкагында ушул Макулдашуунун 4-пунктунда баяндалган Долбоорду ишке ашыруунун мезгилинде GIZдин салымы үчүн жооптуу болгон төмөнкү эксперттер менен камсыздоого тийиш: узак мөөнөттүү эл аралык эксперт - компоненттин жетекчиси, долбоордун жетекчисинин орун басары - 1 бирдик; төмөнкү улуттук эксперттер: улуттук кеңешчи - 1; финансылык жана административдик адис - 1.
2.2. Материалдарды жана жабдууларды жеткирүү
GIZ техникалык жардам көрсөтөт, ошол эле учурда зарылдыгына жараша жана макулдашылган иш пландарына жана тиешелүү бюджеттик пландарга ылайык Долбоордун натыйжаларына жетүү үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасындагы өнөктөш-аткаруучулардын техникалык инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жабдууларды бериши мүмкүн.
2.3. Долбоордон тышкары базалык жана кошумча окутуу
GIZ макулдашылган иш пландарына жана тиешелүү бюджеттик пландарга ылайык бардык деңгээлдеги кызыкдар тараптарга базалык жана кошумча окууларды камсыз кылат.
2.4. Операциялык жана административдик чыгымдар
GIZ Германия Федеративдүү Республикасы тарабынан Долбоорго кошкон салымын ишке ашыруу менен байланышкан операциялык жана/же административдик чыгымдарды көтөрөт.
2.5. Башка салымдар
GIZ финансылык каражаттарды гранттар же жергиликтүү субсидиялар түрүндө бере алат. Бул финансылык салымдын деталдары GIZ менен финансылык салымды алуучунун ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууда каралууга тийиш.
3. Суу ресурстары кызматынын Долбоорго салымы
3.1. Эксперттер жана көмөкчү персонал менен камсыздоо
Суу ресурстары кызматы Долбоорго зарыл болгон колдоо жана жардам көрсөтөт. Суу ресурстары кызматы Долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоо үчүн жооптуу кызматкерди дайындоого милдеттенет. Жооптуу кызматкер ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар министрликтери, ведомстволору жана мамлекеттик органдары менен байланышта болот. Жооптуу кызматкер Кыргыз Республикасындагы иш-чараларды уюштуруу боюнча консультация берет жана мүмкүн болушунча аларды уюштурууга жардам берет.
3.2. Маалыматтарды берүү
Суу ресурстары кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн жетүү чектелген маалыматтарды кошпогондо, зарыл болгон маалыматтарга жана башка маалыматтарга жетүүнү камсыздайт.
4. Башка жоболор
4.1. Баалоо
GIZ ушул Макулдашууну ишке ашыруу учурунда же аяктагандан кийин Долбоорго баалоо жүргүзүшү мүмкүн. GIZ бул үчүн долбоорду баалоо боюнча эксперттерди иш сапарга жөнөтөт. Суу ресурстары кызматы баалоону жүргүзүүгө катышат. Кандай гана болбосум учурда ал экспертке(терге) өз ишин аткарууга көмөктөшөт жана жетүү чектелген маалыматтарды кошпогондо, таанышуу үчүн бардык зарыл болгон документтерге жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Суу ресурстары кызматы баалоо жыйынтыктары жөнүндө отчет түрүндө маалымдалат.
4.2. Салымды ишке ашырууну токтотуп туруу жана Макулдашуунун колдонулушун токтотуу
Төмөнкү учурларда Тараптар өз салымдарын токтото турушу мүмкүн:
- тараптардын бири ушул Макулдашуу боюнча же ушул Макулдашууда макулдашылган милдеттенмелерин аткарбаса; же
- ушул Макулдашуунун 1-бөлүмүндө берилген Долбоордун максаттарын ишке ашырууга тоскоол болгон же олуттуу тобокелдик жараткан жагдайлар келип чыкса.
Эгерде ушул пункттун экинчи абзацында баяндалган жагдайлардын бири GIZ менен Суу ресурстары кызматынын ортосунда макулдашылууга тийиш болгон мөөнөттүн ичинде пайда болсо жана ал аяктагандан кийин дагы эле орун алган болсо же эгерде ал ушул мөөнөттүн ичинде жоюлбаса, GIZ Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен, ал эми Суу ресурстары кызматы өз тарабын алдын ала кабарлоо менен бул Макулдашууну аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтото алат.
4.3. Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү
Ушул Макулдашуунун 4.2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, салым кошууну токтотуп туруу жана Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндө, бул Макулдашуу Долбоордун учурдагы фазасынын ичинде күчүндө болот (азыркы учурда анын колдонулушу ушул Макулдашуу кол коюлган датадан тартып 2028-жылдын июнуна чейин пландалган). Бул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү ушул Макулдашууда көрсөтүлгөндөй, Германия Федеративдүү Республикасынын салымдарын ишке ашыруу же Суу ресурстары кызматы тарабынан макулдашылган салымдарды аткаруу кечиктирилген учурда узартылышы мүмкүн.
4.4. Макулдашууга түзөтүүлөрдү киргизүү
Эгерде ушул Макулдашуунун жоболору мындан ары ушул Макулдашуунун 1-пунктунда аныкталган максатка натыйжалуу жетишүүнү камсыз кылбаса, анда GIZ жана Суу ресурстары кызматы бул жоболорду Долбоорду ишке ашыруунун кайсы болбосун этабында өз ара макулдашуу боюнча ылайыкташтыруусу же өзгөртүшү мүмкүн. Бардык өзгөртүүлөр жазуу жүзүндө таризделүүгө тийиш. Эгерде Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү GlZке берилген тапшырманы артка кайтарса, анда ал бул Макулдашууну бир тараптуу жокко чыгара алат.
4.5. Жазуу түрүндө тариздөө
Бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жана ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн мааниге ээ болгон бардык калган олуттуу арыздар жана билдирүүлөр жазуу жүзүндө таризделүүгө тийиш. GIZтин дарегине берилген арыздарды жана билдирүүлөрдү адистер тобунун жетекчисинин кабыл алуусу жетиштүү.
4.6. Айрым аткаруучу уюмдар менен түзүлүүчү макулдашуулар
GIZтин салым үчүн жооптуу адам жана өнөктөш уюмдун же башка аткаруучу уюмдардын кошо турган салымы үчүн жооптуу адам(дар) бири-бири менен Долбоорду ишке ашырууга байланыштуу кошумча аспекттер боюнча милдеттүү макулдашууларды түзө алат (мисалы, иш-аракеттер планынын негизинде) же аларды жазуу түрүндө кандай болбосун башка формада жана зарыл болгон учурда Долбоордун өнүгүү процессин эске алуу менен мындай келишимдерге түзөтүүлөрдү белгилей алат.
4.7. Өкмөттөр аралык макулдашуулар
Калган жагынан ушул Макулдашуунун башында белгиленгендей, Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун (1-тиркемени караңыз) жоболору ушул Макулдашууда да колдонулат.
4.8. Макулдашуунун күчүнө кириши, нускалардын саны
Бул Макулдашуу ага эки тарап кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Макулдашуу англис жана орус тилдеринде түзүлгөн. Эки тилдеги тексттер бирдей күчкө ээ. Кандайдыр бир кайчы пикирлер болгон учурда англис тилиндеги документ артыкчылыктуу күчкө ээ.
Аты-жөнү Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы атынан
Алмаз Сокеев
GIZтин "Климаттык таасирди эске алуу менен Борбордук Азиядагы суу ресурстарын башкаруу" региондук долбоору тарабынан
Каролина Милов
GIZтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн атынан
Виктор Вецель
Бишкек, дата
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Соглашение между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Федеративной Республики Германия о техническом сотрудничестве от 31 марта 1998 года город Бонн (…Соглашение · 31.03.1998
- О ратификации Соглашения между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Федеративной Республики Германия по техническому сотрудничеству (рамочное соглашение), по…Закон · 21.07.1999 · № 84