# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 231
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.02.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26874/edition/8275/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230006351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.02.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби жөнүндө" токтому (12.02.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006351

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 10-майы № 231 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)

Башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, мамлекеттик финансылык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50, 54-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бир билим алуучуга эсептелген бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери (мындан ары - типтүү ченемдер) 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бир билим алуучуга эсептелген бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери (мындан ары - типтүү ченемдер) 2-тиркемеге ылайык;

3) мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли жана даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине түзөтүү коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык;

4) Ченемдик каржылоо шарттарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби 4-тиркемеге ылайык;

5) Мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби 5-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - БИМ) башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген типтүү ченемдерге ылайык билим алуучулардын саны боюнча аныкталат, экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бекитилет жана бөлүштүрүлөт;

2) ченемдик каржылоого өткөрүлбөгөн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кесиптик окуу жайларынын жана Кыргыз-Түрк "Анадолу" кесиптик кыздар лицейинин чыгымдары колдонуудагы жол-жоболорго ылайык сарптоолордун бардык беренелери боюнча чыгымдарды эсептөө жолу менен аныкталат;

3) жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын чыгымдары ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлинин негизинде грант алуучулардын саны боюнча аныкталат, экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бекитилет жана бөлүштүрүлөт;

4) Мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайларына жайылтылбайт;

5) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына грант алуучулардын саны боюнча аныкталган гранттык каражаттардын көлөмү министрликтердин жана ведомстволордун "Борборлоштурулган иш-чаралар" чыгымдар сметасында чыгымдардын бирдиктүү беренеси боюнча каралат жана каржыланат. Чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон ЖОЖдорго каралган каражаттар квартал сайын мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктардагы банктык эсептерине которулат. Өзгөчө статуска ээ болгон ЖОЖдордун атайын (бюджеттен тышкаркы) каражаттары коммерциялык банктардагы банктык эсептерге киргизилет жана казыналык системасынан тышкары эсепке алынат;

6) ченемдик каржылоо шарттарында БИМдин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин штаттык санын түзүү билим алуучулардын санына жана ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген типтүү ченемдерге ылайык эсептелген, бекитилген бюджеттин чегинде жүргүзүлөт;

7) жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде каржылоо шарттарында көзөмөлчүлүк кеңеш менен макулдашуу боюнча бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгымдардын сметасынын чегинде штаттык расписаниени өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө укуктуу;

8) учурдагы жылда билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылганда, ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген мамлекеттик билим берүү грантынын типтүү ченемдерине жана базалык деңгээлине өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин БИМдин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө чыгымдар билим берүү уюмдарынын тарификациялык тизмелеринин жана штаттык расписаниелеринин негизинде каржыланат.

9) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарына бир билим алуучуга эсептелген бюджеттик каржылоонун ченеминин муктаждыгы боюнча аныкталган бюджеттик каражаттардын көлөмү министрликтердин жана ведомстволордун "Борборлоштурулган иш-чаралары" чыгымдарынын сметасында чыгымдардын бирдиктүү беренеси боюнча каржыланат жана каралат. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын каралган каражаттары чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык квартал сайын мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктардагы банктык эсептерге которулат. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын атайын (бюджеттен тышкаркы) каражаттары коммерциялык банктардагы банктык эсептерге чегерилет жана казыналык системасынан тышкары эсепке алынат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)

3. БИМдин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын имараттарын жана курулмаларын капиталдык оңдоого, кымбат баалуу жабдууларды сатып алууга чыгымдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 3111 "Имараттар жана курулмалар" жана 3112 "Машиналар жана жабдуулар" чыгымдар беренелери боюнча максаттуу иш-чаралар катары учурдагы бюджеттен сырткары өзүнчө каржыланат деп белгиленсин.

4. Ченемдик каржылоого которулган БИМдин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине төмөнкүлөргө укук берилсин:

1) билим алуучулардын санына жана ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген типтүү ченемдерге ылайык аныкталуучу жалпы эмгек акы төлөө фондунун чегинде өндүрүштүк зарылчылыкка жараша штаттык расписаниесин өз алдынча түзүүгө;

2) окуу материалдарын сатып алууга байланышкан чыгымдарды жабууга каражаттарды, уюштуруу түзүмүн жана штаттарды оптималдаштыруунун натыйжасында үнөмдөлгөн же бошотулган каражаттарды жумшоого.

5. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору:

1) мамлекеттик билим берүү грантынын жана типтүү ченемдердин негизинде билим алуучуларды жыл сайын кабыл алуу үчүн квотаны белгилесин:

- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында - 6000 адам;

- Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү уюмдарында - 4131 адам;

- Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында - 16500 адам;

2) өзгөчө статусу бар ЖОЖ жетекчилери менен мамлекеттик билим берүү гранттарынын эсебинен адистерди даярдоо боюнча өз ара милдеттенмелер боюнча келишимдерди түзсүн;

3) мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде кабыл алынып, окуудан чыгарылган студенттерди окутууга сарпталган каражаттардын ордун республикалык бюджетке толтуруу боюнча чараларды көрсүн;

4) ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

6. БИМ 2024-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө билим алуучулардын санынын жана ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген типтүү ченемдердин негизинде БИМдин башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу боюнча методикалык колдонмону иштеп чыксын жана бекитсин.

7. Ушул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдарга башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталуучу министрликтердин жана ведомстволордун каралган каражаттарынын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 406 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 404 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 545 "Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында ченемдик каржылоону киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 17-майындагы № 37 (3590) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бир билим алуучуга эсептелген бюджеттик каржылоонун ТИПТҮҮ ЧЕНЕМДЕРИ (сом)

№

Кесиптердин аталышы

Шаарда жайгашкан башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары

Жылына бир билим алуучуга чыгымдар

Айылда жайгашкан башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары

Жылына бир билим алуучуга чыгымдар

Эмгек акы төлөө фонду, анын ичинде Социалдык фондго чегерүүлөр

Стипендия төлөөгө чыгымдар

Тамак-ашка чыгымдар

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

Сарпталуучу окуу материалдары

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдар (байланышты кошкондо)

Күндөлүк оңдоо иштерине чыгымдар

Эмгек акы төлөө фонду, анын ичинде Социалдык фондго чегерүүлөр

Стипендия төлөөгө чыгымдар

Тамак-ашка чыгымдар

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

Сарпталуучу окуу материалдары

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдар (байланышты кошкондо)

Күндөлүк ондоо иштерине чыгымдар

## 1-глава. Окуу топтору үчүн окуу мөөнөтү 10 ай

1

Экономиканын бардык тармактары үчүн жалпы кесиптер

53102

1300

300

1839

4100

440

61081

63846

1300

300

1839

4100

440

71825

2

Металл иштетүү

52372

1300

300

6581

4100

440

65093

62948

1300

300

6581

4100

440

75669

3

Тоо-кен өнөр жайы

53404

1300

300

2076

4100

440

61620

64218

1300

300

2076

4100

440

72434

4

Электр станцияларынын, электр тармактарынын жана байланыш тармактарынын жабдууларын эксплуатациялоо жана оңдоо

54814

1300

300

1622

4100

440

62576

65954

1300

300

1622

4100

440

73716

5

Курулуш

50383

1300

300

5252

4100

440

61775

60499

1300

300

5252

4100

440

71891

6

Жыгач иштетүү өндүрүшү

50232

1300

300

4972

4100

440

61344

60313

1300

300

4972

4100

440

71425

7

Транспорт

51491

1300

300

4778

4100

440

62409

61863

1300

300

4778

4100

440

72781

8

Жумушчу байланыш иштери жана кесиптер

51566

1300

300

3776

4100

440

61482

61956

1300

300

3776

4100

440

71872

9

Жеңил өнөр жай

48805

1300

300

3545

4100

440

58490

58557

1300

300

3545

4100

440

68242

10

Полиграфиялык өндүрүш

50979

1300

300

3588

4100

440

60707

61233

1300

300

3588

4100

440

70961

11

Коомдук тамактануу, тамак-аш азыктарын өндүрүү

50534

1300

300

3465

4100

440

60139

60685

1300

300

3465

4100

440

70290

12

Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы

51642

1300

300

4067

4100

440

61849

62049

1300

300

4067

4100

440

72256

13

Көркөм жана зергер буюмдарын өндүрүү. Элдик кол өнөрчүлүк буюмдары

47966

1300

300

6051

4100

440

60156

57524

1300

300

6051

4100

440

69715

14

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ)

50433

1300

300

3316

4100

440

59889

60561

1300

300

3316

4100

440

70017

15

Туризм жана тейлөө тармагы

48948

1300

300

3819

4100

440

58906

58733

1300

300

3819

4100

440

68692

## 2-глава. Окуу топтору үчүн окуу мөөнөтү 2 жыл

16

Экономиканын бардык тармактары үчүн жалпы кесиптер

60376

1300

11700

300

2164

4100

440

80380

72848

1300

11700

300

2164

4100

440

92852

17

Металл иштетүү

58197

1300

11700

300

5996

4100

440

82033

70162

1300

11700

300

5996

4100

440

93998

18

Электр станцияларынын, электр тармактарынын жана байланыш тармактарынын жабдууларын эксплуатациялоо жана ондоо

57042

1300

11700

300

1948

4100

440

76830

68739

1300

11700

300

1948

4100

440

88527

19

Курулуш

57423

1300

11700

300

3616

4100

440

78879

69209

1300

11700

300

3616

4100

440

90665

20

Жыгач иштетүү өндүрүшү

58654

1300

11700

300

4145

4100

440

80639

70726

1300

11700

300

4145

4100

440

92711

21

Транспорт

58600

1300

11700

300

4697

4100

440

81137

70659

1300

11700

300

4697

4100

440

93196

22

Жеңил өнөр жай

57761

1300

11700

300

2722

4100

440

78323

69625

1300

11700

300

2722

4100

440

90187

23

Полиграфиялык өндүрүш

57794

1300

11700

300

3078

4100

440

78711

69666

1300

11700

300

3078

4100

440

90583

24

Коомдук тамактануу, тамак-аш азыктарын өндүрүү

57826

1300

11700

300

3617

4100

440

79283

69706

1300

11700

300

3617

4100

440

91163

25

Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы

58783

1300

11700

300

2560

4100

440

79182

70885

1300

11700

300

2560

4100

440

91284

26

Көркөм жана зергер буюмдарын өндүрүү. Элдик кол өнөрчүлүк буюмдары

57804

1300

11700

300

3447

4100

440

79091

69679

1300

11700

300

3447

4100

440

90966

27

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ)

57924

1300

11700

300

2323

4100

440

78087

69827

1300

11700

300

2323

4100

440

89990

28

Туризм жана тейлөө тармагы

57543

1300

11700

300

2416

4100

440

77799

69357

1300

11700

300

2416

4100

440

89612

## 3-глава. Окуу топтору үчүн окуу мөөнөтү 3 жыл

29

Металл иштетүү

53653

1300

11700

300

7696

4100

440

79189

67815

1300

11700

300

7696

4100

440

93351

30

Тоо-кен өнөр жайы

52003

1300

11700

300

3986

4100

440

73828

65518

1300

11700

300

3986

4100

440

87344

31

Электр станцияларынын, электр тармактарынын жана байланыш тармактарынын жабдууларын эксплуатациялоо жана ондоо

51709

1300

11700

300

3225

4100

440

72774

65109

1300

11700

300

3225

4100

440

86174

32

Курулуш

52996

1300

11700

300

4145

4100

440

74981

66900

1300

11700

300

4145

4100

440

88885

33

Транспорт

51989

1300

11700

300

2778

4100

440

72607

65499

1300

11700

300

2778

4100

440

86117

34

Жеңил өнөр жай

52090

1300

11700

300

4096

4100

440

74026

65640

1300

11700

300

4096

4100

440

87576

35

Коомдук тамактануу, тамак-аш азыктарын өндүрүү

53600

1300

11700

300

4500

4100

440

75940

67740

1300

11700

300

4500

4100

440

90080

36

Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы

53199

1300

11700

300

2996

4100

440

74035

67182

1300

11700

300

2996

4100

440

88018

37

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ)

52038

1300

11700

300

1026

4100

440

70903

65567

1300

11700

300

1026

4100

440

84433

38

Туризм жана тейлөө тармагы

53786

1300

11700

300

4552

4100

440

76178

68000

1300

11700

300

4552

4100

440

90392

## 4-глава. Реабилитациялык топтор үчүн

39

Металл иштетүү

123510

7490

40150

300

6581

4100

440

182571

158205

7490

40150

300

6581

4100

440

217266

40

Курулуш

123510

7490

40150

300

5252

4100

440

181242

158205

7490

40150

300

5252

4100

440

215937

41

Жыгач иштетүү өнөр жайы

123510

7490

40150

300

4972

4100

440

180962

158205

7490

40150

4972

4100

440

215357

42

Жеңил өнөр жай

123510

7490

40150

300

3545

4100

440

179535

158205

7490

40150

300

3545

4100

440

214230

43

Коомдук тамактануу, тамак-аш азыктарын өндүрүү

123510

7490

40150

300

3465

4100

440

179455

158205

7490

40150

300

3465

4100

440

214150

44

Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы

123510

7490

40150

300

4067

4100

440

180057

158205

7490

40150

300

4067

4100

440

214752

45

Көркөм жана зергер буюмдарын өндүрүү. Элдик кол өнөрчүлүк буюмдары

123510

7490

40150

300

6051

4100

440

182041

158205

7490

40150

300

6051

4100

440

216736

46

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ)

123510

7490

40150

300

3316

4100

440

179306

158205

7490

40150

300

3316

4100

440

214001

47

Туризм жана тейлөө тармагы

123510

7490

40150

300

3819

4100

440

179809

158205

7490

40150

300

3819

4100

440

214504

## 5-глава. Бюджеттин көлөмүн пландоо үчүн

48

Окуу топтору үчүн окуу мөөнөтү 10 ай

50980

1300

300

3800

4100

440

60920

61240

1300

300

3800

4100

440

71180

49

Окуу топтору үчүн окуу мөөнөтү 2 жыл

58220

1300

11700

300

3800

4100

440

79860

70190

1300

11700

300

3800

4100

440

91830

50

Окуу топтору үчүн окуу мөөнөтү 3 жыл

52400

1300

11700

300

3800

4100

440

74040

66080

1300

11700

300

3800

4100

440

87720

51

Реабилитациялык топтор үчүн

123510

7490

40150

300

3800

4100

440

179790

15800

7490

40150

300

3800

4100

440

214480

Эскертүү: Типтүү ченемдер ушул башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү ченемдеринин тиркемесинде келтирилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасына ылайык эсептелген.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бир билим алуучуга эсептелген бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдеринин тиркемеси

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо МЕТОДИКАСЫ

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын (мындан ары - мамлекеттик кесиптик лицейлер) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасында колдонулуучу ыкманын негизи республикалык бюджеттин каражаттарынан мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджетин бир билим алуучуга эсептеп пландоо болуп саналат.

2. Мамлекеттик кесиптик лицейлерди бюджеттик каржылоонун ченемдери (мындан ары - чыгымдардын ченемдери) - бул башталгыч кесиптик билим берүүнүн деңгээлине, мазмунуна жана сапатына карата талаптардын жыйындысы.

Мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдарынын ченемдеринин наркын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө", 2007-жылдын 24-декабрындагы № 618 "Жетим балдар жана баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн башка социалдык аялуу категориялары үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө", 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө", 2008-жылдагы 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө", 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомдору менен бекитилген ченемдер колдонулат.

3. Орточо (эсептик) ченем - башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында билим алуучуну даярдоонун кепилденген мамлекеттик наркынын финансылык камсыз кылынышы.

## 2-глава. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдарынын ченемдеринин түзүмү

4. Чыгымдардын ченемдери төмөнкүлөргө кеткен күндөлүк чыгымдарды камтыйт:

- персоналдын эмгек акысын төлөөгө;

- сарпталуучу окуу материалдарына;

- окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатууга;

- билим алуучулардын тамактануусуна;

- стипендияларды төлөөгө;

- жумуштан бошоо жөлөкпулуна;

- жаңы окуу жылына даярдоодо мамлекеттик кесиптик лицейлерди учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө;

- коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө.

5. Чыгымдардын ченемдерин эсептөө төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:

- 10 ай, 2 жыл, 3 жыл окутуу мөөнөттөрү менен башталгыч кесиптик билим берүү программалары;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 252 "Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окутулуучу кесиптердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окутулуучу кесиптердин (мындан ары - кесиптер) тизмесине ылайык топтоштурулган жумушчу кадрларды даярдоонун негизги кесиптери.

6. Сарпталуучу окуу материалдарына кеткен чыгымдардын ченемдеринде негизги кесиптер боюнча окуу жана чыгымдоо материалдарын сатып алууга иш жүзүндө түзүлгөн чыгымдар эсепке алынат.

7. Жетим балдар жана реабилитациялык топтордогу билим алуучулар үчүн чыгымдардын ченемдери окутуучуларга жана өндүрүштүк окутуу мастерлерине эмгек акы төлөөнүн өзгөчөлүктөрүн, топтордун толушун, стипендиянын жогорулатылган өлчөмдөрүн жана билим алуучулардын тамактануу ченемдерин эске алуу менен эсептелет.

## 3-глава. Чыгымдардын ченемдерин эсептөө

§ 1. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө

8. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

9. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченеми төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат:

- башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жалпы билим берүү жана кесиптик даярдоо боюнча сааттардын саны;

- окутуучулардын саатына эмгек акысынын орточо наркы;

- топтордун иш жүзүндө орточо толушу;

- топко өндүрүштүк окутуу мастерлеринин ставкаларынын ченемдик саны;

- өндүрүштүк окутуу мастерлеринин эмгек акысынын орточо өлчөмү;

- окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин негизги эмгек акысына үстөктөрдүн, кошумча төлөөлөрдүн иш жүзүндө түзүлгөн орточо үлүшү;

- мамлекеттик кесиптик лицейдин жалпы эмгек акы фондундагы администрациялык, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акы фондунун иш жүзүндө түзүлгөн үлүшү.

Типтүү окуу пландарынын негизинде мамлекеттик кесиптик лицейлердин билим алуучуларынын бир жылда жалпы билим берүү жана кесиптик даярдоо сааттарынын саны боюнча маалыматтар 1-таблицада берилген.

1-таблица

№

Кесиптердин аталышы

10 айлык окутуу

2 жылдык окутуу

3 жылдык окутуу

Жалпы билим берүүгө даярдоо сааттары

Кесиптик даярдоо сааттары

Жалпы билим берүүгө даярдоо сааттары

Кесиптик даярдоо сааттары

Жалпы билим берүүгө даярдоо сааттары

Кесиптик даярдоо сааттары

1

Экономиканын бардык тармактары үчүн жалпы кесиптер

118

674

1768

730

2

Металл иштетүү

118

645

1768

530

2006

924

3

Кен казуу өнөр жайы

118

686

2006

688

4

Электр станцияларынын, электр тармактарынын жана байланыш тармактарынын жабдууларын эксплуатациялоо жана оңдоо

118

742

1768

424

2006

646

5

Курулуш

118

566

1768

459

2006

830

6

Жыгач иштетүү өндүрүшү

118

560

1768

572

7

Транспорт

118

610

1768

567

2006

686

8

Байланыш жумушчуларынын иштери жана кесиптери

118

613

9

Жеңил өнөр жайы

118

503

1768

488

2006

701

10

Полиграфиялык өңдүрүш

118

590

1768

490

11

Коомдук тамактануу, тамак-аш продукциясын өндүрүү

118

572

1768

496

2006

889

12

Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы

118

616

1768

584

2006

859

13

Көркөм жана зер буюмдарды өндүрүү. Элдик кол өнөрчүлүк буюмдары

118

470

1768

494

14

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ)

118

568

1768

505

2006

693

15

Туризм жана тейлөө тармагы

118

509

1768

470

2006

943

16

Сааттардын орточо (эсептик) саны

118

590

1768

532

2006

786

10. Окутуучуларга эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөөдө мамлекеттик кесиптик лицейлердеги топтордун ар кандай окутуу мөөнөттөрү менен окуу жана реабилитациялык топтордун толулушунун иш жүзүндө түзүлгөн көрсөткүчү колдонулат (2-таблица).

2-таблица

№

Көрсөткүч

Өлчөө бирдиги

Жайгашкан жери

Окуу мөөнөтү

10 ай

2 жыл

3 жыл

1

Окуу топторунун иш жүзүндө орточо толушу

адам

шаар

27

26

25

айыл

25

24

23

2

Реабилитациялык топтордун иш жүзүндө орточо толушу

адам

шаар

15

15

айыл

13

13

11. Эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөөдө окутуучулардын окутуучулук иши үчүн саатына эмгек акысынын орточо өлчөмү колдонулат:

- окуу топторунда - 270,8 сом;

- реабилитациялык топтордо - 338,4 сом.

12. Өндүрүштүк окутуу мастерлерине эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөөдө орточо айлык эмгек акы колдонулат:

- окуу топторунда - 19809 сом;

- реабилитациялык топтордо - 24761 сом.

13. Жатаканасы жана стационардык ашканасы жок мамлекеттик кесиптик лицейлердин администрациялык, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөөдө төмөнкү жерлерде жайгашкан администрациялык, чарбалык жана көмөкчү персоналга эмгек акы төлөө фондунун иш жүзүндө түзүлгөн үлүшү жалпы эмгек акы фондунда пайдаланылат:

- шаарларда - 35 пайыз;

- айыл жеринде - 41 пайыз.

14. Жатаканасы жана ашканасы бар мамлекеттик кесиптик лицейлерде, ошондой эле өзүнүн отканасы жана меш менен жылытуусу болгон учурда кошумча штаттарды (жатакана боюнча кезметчи, тарбиячы, кастелянша, шеф-ашпозчу, ашкана кызматкери, откананын оператору жана от жагуучу) күтүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн эмгек акы төлөө фондуна жогорулатуучу коэффициент колдонулат:

- жатаканасы болгон учурда - 1,06;

- стационардык ашканасы болгон учурда - 1,04;

- өзүнүн отканасы же меш менен жылытуусу болгон учурда - 1,03.

15. Окуу топтору 12-15 билим алуучудан түзүлүүчү көркөм жана зер буюмдарын жана элдик кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү үчүн кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик кесиптик лицейлерде эмгек акы төлөө фондуна карата жогорулатуучу коэффициент - 1,3 колдонулат.

16. Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин негизги эмгек акысына үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн катышы иш жүзүндө түзүлгөн пропорциялардын негизинде белгиленген:

- шаарларда жайгашкан мамлекеттик кесиптик лицейлерде -16 пайыз;

- айыл жерлеринде жайгашкан мамлекеттик кесиптик лицейлерде - 28 пайыз.

Бул төлөмдөрдүн суммасына педагогикалык иш стажы, окумуштуулук даражасы, ардак наамдары, айыл жеринде иштегендиги үчүн, ошондой эле эмгектин оор жана зыяндуу шарттары үчүн кошумча төлөөр жана үстөктөр киргизилген.

17. Эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченеми кесиптер, окуу мөөнөтү боюнча эсептелет жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:

,

мында: Зi - i-окуу мөөнөтү боюнча билим алуучуга эсептелген эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченеми; Чi - i-окуу мөөнөтү боюнча билим алуучуга эсептелген окутуучулардын акы төлөнүүчү сааттарынын саны; Опп - окутуучулардын саатына эмгек акысынын орточо өлчөмү; Нпп - окутуучулардын саатына эмгек акысына үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн үлүшү; НУi - i-окуу мөөнөтү боюнча окуу топторунун иш жүзүндө толушу; ОМ - өндүрүштүк окутуу мастеринин эмгек акысынын орточо өлчөмү; НМ - өндүрүштүк окутуу мастерлеринин негизги эмгек акысына үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн үлүшү; НПОi - i-окуу мөөнөтү боюнча өндүрүштүк окуу топторунун иш жүзүндө толушу;

- j-кесиби боюнча администрациялык, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга эмгек акы төлөө фондунун жалпы эмгек акы төлөө фондундагы үлүшү;

-j-кесиби боюнча окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлерине эмгек акы төлөө фондунун жалпы эмгек акы төлөө фондундагы үлүшү; СФ -иш берүүчүдөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи; 12 - жыл ичиндеги айлардын саны.

18. Жайгашкан жери жана 10 ай, 2 жыл, 3 жыл окуу мөөнөттөрү боюнча мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө чыгымдардын орточо (эсептик) ченеми 3-таблицада берилген.

3-таблица

№

Көрсөткүч

Жайгашкан жери

Окуу мөөнөтү

10 ай

2 жыл

3 жыл

1

Жылына 1 билим алуучуга эсептелген окуу топторуна эмгек акы төлөөгө чыгымдардын орточо (эсептик) ченеми (сом)

шаар

50980

58220

52400

айыл

61240

70190

66080

2

Жылына 1 билим алуучуга эсептелген реабилитациялык топторго эмгек акы төлөөгө чыгымдардын орточо (эсептик) ченеми (сом)

шаар

123510

123510

айыл

158200

158200

§ 2. Сарпталуучу окуу материалдарына чыгымдардын ченемин эсептөө

19. Сарпталуучу окуу материалдарына чыгымдардын ченемин эсептөө лабораториялык иштерди жүргүзүүдө, ошондой эле өндүрүштүк окутуу мезгилинде колдонулуучу материалдарды жана инструменттерди сатып алуу үчүн түзүлгөн чыгымдарды эске алуу менен жүргүзүлөт.

20. Сарпталуучу окуу материалдарына чыгымдардын ченеми жумушчу кадрларды даярдоонун негизги кесиптери боюнча 2023-жылдын баалары менен 1 билим алуучуга эсептелип жүргүзүлөт.

21. Сарпталуучу окуу материалдарына чыгымдардын ченеми төмөнкүлөрдү сатып алууга чыгымдарды камтыйт:

- окуу куралдарын (көрсөтмө куралдар, аудио жана видеоматериалдар, методикалык материалдар);

- окуу жана лабораториялык сабактар үчүн материалдарды (сарпталуучу материалдар, реактивдер, өндүрүштүк окутуу боюнча устаканалар үчүн приборлор жана инструменттер);

- өндүрүштүк окутуу жана практикалык иштер үчүн материалдарды жана товарларды;

- реабилитациялык топтордун билим алуучулары үчүн алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча керектүү медикаменттерди;

- окуу буюмдарын жана материалдарын (класстык журналдар, ведомосттор, кеңсе товарлары, кеңсе техникаларын тейлөө жана башка материалдар);

- чарбалык чыгымдарга (мамлекеттик кесиптик лицейлерди күтүүгө чарбалык жана жуугуч каражаттар).

Жылына бир билим алуучуга эсептелген кесиптер боюнча сарпталуучу окуу материалдарына чыгымдардын суммасы 4-таблицада берилген.

4-таблица

№

Кесиптердин аталышы

Окуу мөөнөтү

Бир билим алуучуга чыгымдардын ченеми (сом)

1

Экономиканын бардык тармактары үчүн жалпы кесиптер

10 ай

1839

2 жыл

2164

2

Металл иштетүү

10 ай

6581

2 жыл

5996

3 жыл

7696

3

Кен казуу өнөр жайы

10 ай

2076

3 жыл

3986

4

Электр станцияларынын, электр тармактарынын жана байланыш тармактарынын жабдууларын эксплуатациялоо жана оңдоо

10 ай

1622

2 жыл

1948

3 жыл

3225

5

Курулуш

10 ай

5252

2 жыл

3616

3 жыл

4145

6

Жыгач иштетүү өндүрүшү

10 ай

4972

2 жыл

4145

7

Транспорт

10 ай

4778

2 жыл

4697

3 жыл

2778

8

Байланыш жумушчуларынын иштери жана кесиптер

10 ай

3776

9

Жеңил өнөр жайы

10 ай

3545

2 жыл

2722

3 жыл

4096

10

Полиграфиялык өндүрүш

10 ай

3588

2 жыл

3078

11

Коомдук тамактануу

10 ай

3465

2 жыл

3617

3 жыл

4500

12

Айыл чарбасы

10 ай

4067

2 жыл

2560

3 жыл

2996

13

Көркөм жана зер буюмдарын өндүрүү Элдик кол өнөрчүлүк буюмдары

10 ай

6051

2 жыл

3447

14

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (МКТ)

10 ай

3316

2 жыл

2323

3 жыл

1026

15

Туризм жана тейлөө тармагы

10 ай

3819

2 жыл

2416

3 жыл

4552

22. Жылына 1 билим алуучуга эсептелген сарпталуучу окуу материалдарына чыгымдардын орточо (эсептик) ченеми 3800 сомду түздү.

§ 3. Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченемин эсептөө

23. Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченеми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген ченемдерге ылайык аныкталат.

24. Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатуунун мезгилдүүлүгү 5 жылда бир жолу деп аныкталган.

25. Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатууга бир билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми мамлекеттик кесиптик лицейлерде квалификациясын жогорулатууга иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын билим алуучулардын жалпы санына бөлүү менен аныкталат.

Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын эсеби 5-таблицада берилген.

5-таблица

№

Чыгымдардын түрлөрү

Чыгымдар (сом)

Саны

Бардыгы (сом)

1

Жол кире акысы

480

2

960

2

Суткалык чыгымдар

600

10

6000

3

Жашаган жери

700

10

7000

4

Жалпысынан бир кызматкерге

13960

5

Жылына квалификацияны жогорулатуу курстарына жиберилүүчү окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин саны

590

6

Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатууга жалпы чыгымдар

8253000

7

Мамлекеттик кесиптик лицейлерде окуган билим алуучулардын саны

27346

8

Жылына 1 билим алуучуга эсептелген окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченеми (сом)

300

§ 4. Тамактанууга чыгымдардын ченемин эсептөө

26. Ченемге окуу мөөнөтү 2 жана 3 жылды түзгөн билим алуучулардын тамактануусуна чыгымдар киргизилет.

27. Билим алуучулардын тамактануусуна чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтому менен бекитилген Тамак-ашка чыгымдардын акчалай нормаларынын жана жыл ичиндеги окуу күндөрүнүн орточо санынын негизинде аныкталган:

- окуу топторундагы билим алуучулар үчүн - 240 күн;

- жетим балдар жана реабилитациялык топтордун билим алуучулары үчүн - 365 күн.

28. Мамлекеттик кесиптик лицейлерде окуу жылы 1-сентябрдан башталып, 30-июнда аяктайт жана 40 окуу жумасын түзөт (каникул убагын эсепке албаганда).

6 жана 7-таблицаларда бир билим алуучунун тамак-ашына чыгымдар берилген.

6-таблица

№

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

Окуу мөөнөтү 2 жана 3 жыл

1

Жыл ичиндеги тамактанган күндөрдүн орточо саны

240

2

Бир күнгө 1 билим алуучуга тамак-аштын ченеми (сом)

60

3

Жыл ичинде 1 билим алуучуга эсептелген тамак-ашка чыгымдардын ченеми (сом)

11700

7-таблица

№

Көрсөткүчтөрдүн аталышы

Окуу мөөнөтү 10 ай 2 жана 3 жыл

1

Жыл ичиндеги тамактанган күндөрдүн орточо саны

365

2

Бир күнгө 1 билим алуучуга тамак-аштын ченеми (сом)

110

3

Жыл ичинде 1 билим алуучуга эсептелген жетим балдар жана реабилитациялык топтордогу балдар үчүн тамак-ашка чыгымдардын ченеми (сом)

40150

§ 5. Стипендия төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө

29. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин билим алуучуларына стипендияларды төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө" токтому менен бекитилген ченемдердин жана эрежелердин негизинде жүргүзүлөт.

Бир билим алуучуга эсептелген стипендия төлөөгө чыгымдарды эсептөө 8-таблицада берилген.

8-таблица

1

Бардык билим алуучулар (адам), анын ичинде стипендия алуучулар (адам)

27346

11947

2

Стипендиянын орточо өлчөмү (сом)

275,0

3

Стипендиалдык фонд (миң сом)

33061,8

4

Бардык жетим балдар/реабилитациялык топтордогу балдар(адам)

628

5

Жетим балдар жана реабилитациялык топтордогу билим алуучулар үчүн стипендиянын өлчөмү (сом)

624

5

Стипендиалдык фонд (миң сом)

4893,9

6

Жыл ичинде 1 билим алуучуга эсептелген окуу топторунда стипендия төлөөгө чыгымдардын ченеми (сом)

1300

7

Жыл ичинде 1 билим алуучуга эсептелген жетим балдар жана реабилитациялык топтордогу билим алуучулар үчүн стипендия төлөөгө чыгымдардын ченеми (сом)

7490

§ 6. Жетим балдарга жана реабилитациялык топтордогу билим алуучуларга бошонуу жөлөкпулуна чыгымдардын ченемин эсептөө

30. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин жетим балдардын жана реабилитациялык топтордун билим алуучуларынын ичинен бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 618 "Жетим балдар жана баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн башка социалдык аялуу категориялары үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык 3000 сом өлчөмүндө бошонуу жөлөкпулу менен камсыз кылынат.

§ 7. Күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын ченемин эсептөө

31. Күндөлүк ондоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын ченеми мамлекеттик кесиптик лицейлерде күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө каражаттарга бир билим алуучуга эсептелген муктаждыкты аныктоо менен аныкталат.

32. Мамлекеттик кесиптик лицейлерде күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө каражаттарга муктаждык негизги курулуш материалдарын, коштоочу материалдарды жана инвентарларды сатып алууга чыгымдарды түздөн-түз калькуляциялоо методу менен аныкталат.

33. Эсептөөлөр мамлекеттик кесиптик лицейлерде күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын иш жүзүндө түзүлгөн орточо көрсөткүчтөрү боюнча жүргүзүлдү.

Мамлекеттик кесиптик лицейлерде күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө бир билим алуучуга эсептелген чыгымдар 9-таблицада берилген.

9-таблица

№

Чыгымдардын түрлөрү

Бир билим алуучуга чыгымдар (сом)

1

Боёк, акиташ сатып алууга чыгымдар

167487

2

Коштоочу курулуш материалдарын сатып алууга чыгымдар

33792

3

Коштоочу инвентарларды сатып алууга чыгымдар

4176

4

Бардык чыгымдар

205455

5

Мамлекеттик кесиптик лицейдин долбоордук кубаттуулугу (билим алуучулардын саны)

460

6

Жылына күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө 1 билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми

440

§ 8. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө

34. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө бир билим алуучуга аянттын (кв.метр) орточо ченемин жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча жылытылуучу аянттын 1 кв. метринин орточо наркын аныктоого негизделген.

35. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөргө чыгымдарды камтыйт:

- жарыктандыруу;

- суу;

- байланыш;

- электрдик жылытуу;

- борбордук жылытуу (жылуулук энергиясы);

- аралаш жылытуу (меш жана электрдик).

36. Бир билим алуучуга аянттын орточо ченеми мамлекеттик кесиптик лицейлердин техникалык мүнөздөмөлөрүнүн маалыматтарынын (паспортторунун) негизинде төмөнкү формула боюнча эсептелет:

,

мында:

- бир билим алуучуга аянттын орточо ченеми;

A - имараттардын аянты; БСдолбоор - лицейдин долбоордук кубаттуулугу боюнча билим алуучулардын саны. Имараттардын түрлөрү боюнча мамлекеттик кесиптик лицейлердин имараттарынын аянттарынын бир билим алуучуга орточо ченеми 10-таблицада берилген.

10-таблица

№

Бир билим алуучуга аянттын (кв.метр) орточо ченеми

11,0

1

анын ичинде:

2

Окуу-администрациялык имарат (кв.м)

3,5

3

Өндүрүштүк устаканалар (кв.м)

1,7

4

Жатакана (кв.м)

2,0

5

Ашкана (кв.м)

0,7

6

Калган имараттар (кв.м)

2,9

37. 1 кв. метрдин орточо наркы коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бекитилген чыгымдарды мамлекеттик кесиптик лицейлердин жылытылуучу жайларынын жалпы аянтына бөлүү менен аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:

,

мында:

- түрдөгүКК - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча 1 кв.м орточо наркы,

Pi-түрдөгүКК - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бекитилген чыгымдар; Ажылытылуучу - кесиптик лицейлердин имараттарынын жылытылуучу жайларынын аянты.

38. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бир билим алуучуга 1 кв.м орточо наркы 11-таблицада берилген.

11-таблица

№

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү

1 кв.м орточо наркы (сом)

1

Жарыктандыруу

39

2

Суу

27

3

Байланыш

8

4

Электрдик жылытуу

343

5

Борбордук жылытуу

277

6

Аралаш жылытуу

315

39. Бир билим алуучуга эсептелген коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдардын ченеми аянттын орточо ченемин (кв.метр) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бир 1 кв.метр орточо наркына көбөйтүү жолу менен аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:

40.

БКЧКК = Ча 1 билим алуучуга x ΣКК 1 кв.м Нi,

мында: БКЧКК - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоонун ченеми, Ча 1 билим алуучуга - 1 билим алуучуга аянттын ченеми, ΣКК 1 кв.м Нi коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча 1 кв. метрдин наркы. 1 кв. метрдин наркы төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

ΣКК 1 кв. м. Н = с 1 кв.метржарык + 1 кв.метрсуу + 1 кв.метрбайланыш + Н кв.метрi- түрдөгү жылытуу

41. Мамлекеттик кесиптик лицейлерде коммуналдык кызмат көрсөтүүлергө бир билим алуучуга эсептелген чыгымдар 12-таблицада берилген.

12-таблица

Жылытуунун түрлөрү

Сумма (сом)

1

Электрдик же борбордук жылытуу менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө жылына 1 билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми (сом)

4230

2

Аралаш жылытуу менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө жылына 1 билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми (сом)

3740

3

Байланыш кызматына акы төлөөгө жылына 1 билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми (сом)

80

42. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө бир билим алуучуга эсептелген чыгымдардын орточо (эсептик) ченеми жылына 4100 сом.

§ 9. Чыгымдардын ченемдерин эсептөө

43. Кесиби, окуу мөөнөтү жана курсу боюнча мамлекеттик кесиптик лицейлердин бир билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:

БКЧi = Аi+ СТИПi + TAMi + OКCi + KBAЛ + ОИ + КК,

мында: БКЧi - i-кесип, окуу мөөнөтү боюнча мамлекеттик кесиптик лицейди бюджеттик каржылоонун ченеми; Аi - i-кесип, окуу мөөнөтү боюнча персоналга эмгек акы төлөөгө бир билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми; СТИПi - i-окуу мөөнөтү боюнча стипендия төлөөгө бир билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми; TAMi - i-окуу мөөнөтү боюнча бир билим алуучуга эсептелген тамак-ашка чыгымдардын ченеми; OКCi - i-кесип, окуу мөөнөтү боюнча сарпталуучу окуу материалдарына бир билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми; KBAЛ - окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатууга бир билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми; ОИ - жаңы окуу жылына даярдоодо мамлекеттик кесиптик лицейлерди күндөлүк оңдоо иштерине бир билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми; КК - мамлекеттик кесиптик лицейлерди жылытуунун түрлөрү боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө бир билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми.

44. Бюджеттик каржылоонун ченемдери кесиптер, окуу мөөнөтү боюнча мамлекеттик кесиптик лицейлердин жайгашкан жери (шаар, айыл) боюнча дифференциялоо менен эсептелет.

45. Мамлекеттик кесиптик лицейлер боюнча келерки жылга бюджеттин жалпы чыгымдарын аныктоодо башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында билим алуучуну даярдоонун мамлекеттик наркынын финансылык жактан камсыз болушунун орточо (эсептик) ченеми колдонулат, ал Бириктирилген кесиптер боюнча типтүү ченемдердин орточо наркына жараша түзүлгөн.

46. Каржылоонун шарттары өзгөргөн учурда (эмгек акыны, стипендияларды жана билим алуучулардын тамактануу ченемдерин жогорулатуу, инфляциянын деңгээлине чыгымдарды индексациялоо) мамлекеттик кесиптик лицейлерди бюджеттик каржылоонун ченемдери кайра каралат жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:

БКЧi = ЭАi ҮЖÎ IЭА +СТИПi ҮЖ Î iСТИП + ТАМi ҮЖ Î IТАМ + ПРi ҮЖ ÎIИНФ,

мында: БКЧi - - i-кесип, окуу мөөнөтү боюнча келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейлерди бюджеттик каржылоонун ченеми; ЭАi ҮЖ - i-кесип, окуу мөөнөтү боюнча мамлекеттик кесиптик лицейлерде учурдагы жылы эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченеми; IЭА - билим берүү кызматкерлеринин келерки жылы эмгек акысынын өсүшүнүн болжолдонгон индекси; СТИПi ҮЖ - i-окуу жылы боюнча учурдагы жылы мамлекеттик кесиптик лицейлерде стипендияларды төлөөгө чыгымдардын ченеми; iСТИП - i-окуу мөөнөтү боюнча учурдагы жылы окуу жана социалдык стипендиянын өлчөмүнүн болжолдонгон өсүшү; ТАМi ҮЖ - i-окуу мөөнөтү боюнча учурдагы жылы мамлекеттик кесиптик лицейлерде тамак-ашка чыгымдардын ченеми; IТАМ - i-окуу мөөнөтү боюнча учурдагы жылы тамак-аштын акчалай ченемдеринин өлчөмүнүн болжолдонгон өсүпгү; ПРi ҮЖ - i-окуу мөөнөтү боюнча учурдагы жылы мамлекеттик кесиптик лицейлерде эмгек акы, стипендия төлөөгө жана тамак-ашка чыгымдардан тышкары чыгымдардын ченеми; IИНФ - келерки жылга болжолдонгон инфляциянын индекси.

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик орто билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын бир билим алуучуга эсептелген бюджеттик каржылоонун ТИПТҮҮ ЧЕНЕМДЕРИ (сом)

№

Адистиктердин аталышы

Адистиктердин коду

Билим берүү процессине чыгымдар

анын ичинде:

Билим берүү чөйрөсүнө чыгымдар

анын ичинде:

Жылына бир билим алуучуга кеткен чыгымдар

Эмгек акы төлөө фонду, анын ичинде Социалдык фондго

Окутууда сарпталуучу материалдар

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

Стипендия төлөөгө чыгымдар

Коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө (анын ичинде байланыш) чыгымдар

Учурдагы оңдоого чыгымдар

1

Билим берүү жана педагогикалык илимдер

50000

63527

57469

2740

598

2720

4144

3800

344

67671

2

Музыкалык билим берүү

50601

139429

135221

890

598

2720

4144

3800

344

143573

3

Искусствонун көркөм жана колдонмо түрлөрү

70000

290431

283408

5090

598

1335

4144

3800

344

294575

4

Тармактар боюнча дизайн

70602

64672

57469

5270

598

1335

4144

3800

344

68816

5

Экономика жана башкаруу

80000

51294

47891

1470

598

1335

4144

3800

344

55438

6

Сервис, туризм жана маалыматтык коопсуздук

100000

61472

57469

2070

598

1335

4144

3800

344

65616

7

Айыл чарба жана айыл чарба илимдери

110000

61702

57469

2300

598

1335

4144

3800

344

65846

8

Геодезия жана жерге жайгаштыруу

120000

61572

57469

2170

598

1335

4144

3800

344

65716

9

Геология, пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү

130000

62432

57469

3030

598

1335

4144

3800

344

66576

10

Электр- жана жылуулук энергиясы

140000

60682

57469

1280

598

1335

4144

3800

344

64826

11

Машина куруу жана материалдар технологиясы

150000

62192

57469

2790

598

1335

4144

3800

344

66336

12

Жер үстүндөгү транспорттун техникасы жана технологиясы

190000

61642

57469

2240

598

1335

4144

3800

344

65786

13

Автоматика жана башкаруу

220000

62532

57469

3130

598

1335

4144

3800

344

66676

14

Информатика жана эсептөө техникасы

230000

52354

47891

2530

598

1335

4144

3800

344

56498

15

Токой ресурстарын көбөйтүү жана кайра иштетүү

250000

61372

57469

1970

598

1335

4144

3800

344

65516

16

Өнөр жай экологиясы жана биотехнология

260000

62122

57469

2720

598

1335

4144

3800

344

66266

17

Архитектура жана курулуш

270000

62522

57469

3120

598

1335

4144

3800

344

66666

18

Техночөйрө коопсуздугу жана жаратылышты абаттоо

280000

62042

57469

2640

598

1335

4144

3800

344

66186

19

Бир жылга бюджеттин көлөмүн пландоо үчүн бир билим алуучуга чыгымдардын орточо (эсептик) ченеми

61356

56524

2592

598

1642

4144

3800

344

65500

Эскертүү: Типтүү ченемдер орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ушул типтүү ченемдеринин тиркемесинде берилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасына ылайык эсептелген.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бир билим алуучуга эсептелген бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдеринин тиркемеси

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо МЕТОДИКАСЫ

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын (мындан ары - мамлекеттик колледждер) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо методикасында колдонулуучу ыкманын негизи мамлекеттик колледждердин бюджетин бир билим алуучуга эсептеп пландоо болуп саналат.

2. Мамлекеттик колледждерди бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери (мындан ары - чыгымдардын ченемдери) деп негизги кесиптик билим берүү программаларынын мазмунун аныктоочу ченемдердин жана эрежелердин жыйындысы, бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатына базалык талаптар, билим алуучуларга чектүү жол берилген окуу жүктөмү катары билим берүү ченемин ишке ашыруу түшүнүлөт.

3. Мамлекеттик колледждердин чыгымдарынын ченемдеринин наркын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө", 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө", 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө", 2008-жылдагы 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомдору, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому менен бекитилген ченемдер колдонулат.

4. Бул Методикада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) билим берүү процесси - орто кесиптик билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруунун алкагындагы окутуу-тарбиялоо процесси;

2) билим берүү чөйрөсү - окутуу-тарбиялоо процессин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон социалдык, материалдык жана тиричилик шарттарынын жыйындысы;

3) орто кесиптик билим берүү уюмдарында билим алуучуларды даярдоонун кепилденген мамлекеттик наркын финансылык камсыздоонун орточо (эсептик) ченеми.

## 2-глава. Мамлекеттик колледждердин чыгымдарынын ченемдеринин түзүмү

5. Чыгымдардын ченемдери билим берүү процессине жана билим берүү чөйрөсүнө учурдагы чыгымдарды камтыйт.

Билим берүү процесси төмөнкүлөргө чыгымдарды камтыйт:

1) персоналга эмгек акы төлөөгө;

2) стипендияларды төлөөгө;

3) сарпталуучу окуу материалдарына;

4) окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга.

Билим берүү чөйрөсү төмөнкүлөргө чыгымдарды камтыйт:

1) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө;

2) жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө мамлекеттик колледждерди күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө.

6. Чыгымдардын ченемдерин эсептөө төмөнкүлөр боюнча жүзөгө ашырылат:

- орто кесиптик билим берүү программалары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүсүнүн адистиктеринин (мындан ары -адистиктер) тизмесине ылайык адистиктердин жана даярдоо багыттарынын ирилештирилген топтору.

7. Сарпталуучу окуу материалдарына чыгымдардын ченемдеринде негизги адистиктер боюнча окуу жана сарпталуучу окуу материалдарын сатып алууга иш жүзүндө түзүлгөн чыгымдар эсепке алынат.

## 3-глава. Билим берүү процессине чыгымдардын ченемдерин эсептөө

§ 1. Мамлекеттик колледждердин кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө

8. Мамлекеттик колледждердин кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

9. Мамлекеттик колледждердин кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченеми төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат:

- орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын түзүмүнө ылайык даярдоонун окуу циклдери боюнча сааттардын саны;

- окутуучулардын саатына эмгек акысынын орточо наркы;

- ирилештирилген адистиктер жана даярдоо багыттары боюнча топтордун иш жүзүндө орточо толушу;

- окутуучулардын негизги эмгек акысына үстөктөрдүн, кошумча төлөөлөрдүн иш жүзүндө түзүлгөн орточо үлүшү;

- мамлекеттик колледждин жалпы эмгек акы фондундагы административдик, окутуу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акы фондунун иш жүзүндө түзүлгөн үлүшү.

10. Орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын түзүмүнө жараша даярдоонун окуу циклдери боюнча сааттардын саны боюнча маалыматтар 1-таблицада берилген.

1-таблица

№

Окуу циклдери жана аларды өздөштүрүүнүн долбоорлонуучу натыйжалары

Орто жалпы билим берүүнүн базасында окутуунун ар кандай мөөнөттөрүндө эмгек сыйымдуулугу, кредиттер (зачеттук бирдиктер)

1 жыл 10 ай

окуу ишинин сааттары

2 жыл 10 ай

окуу ишинин сааттары

1

Жалпы гуманитардык цикл

18

540

18

540

2

Математикалык жана табигый-илимий цикл

6

180

6

180

3

Кесиптик цикл

75

2250

135

4050

4

Практикалар (практикалык жөндөмдөр жана көндүмдөр орто кесиптик окуу жайларынын негизги кесиптик билим берүү программасы менен аныкталат)

15

450

18

540

5

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

6

180

6

180

6

Дене тарбия (көрсөтүлгөн семестрлерде жумасына 2 сааттан)

3-5 семестрлер

3-6 семестрлер

7

Билим берүү программасынын жалпы эмгек сыйымдуулугу (кредиттер)

120

3600

180

5400

8

1 кредит окуу ишинин 30 сааты

30

30

11. Окутуучуларга эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөөдө билим алуучулардын билим алуу жана практикалык даярдыгынын өзгөчөлүгүн эске алуучу мамлекеттик колледждер үчүн топтордун толушунун иш жүзүндө түзүлгөн көрсөткүчү колдонулат. Мамлекеттик колледждердеги топтордун орточо, иш жүзүндө толушунун көрсөткүчтөрү 2-таблицада берилген.

2-таблица

№

Көрсөткүч

Өлчөө бирдиги

Топтордун орточо толушу

1

Бардык адистиктер боюнча топтордун орточо иш жүзүндө толушу, төмөнкүлөрдөн тышкары

адам

20

2

Декоративдик-колдонмо искусствосу жана элдик кол өнөрчүлүк (түрлөрү боюнча)

адам

7

3

Скульптура

адам

7

5

Живопись

адам

7

3

Музыкалык билим берүү

адам

9

4

Экономика жана башкаруу

адам

24

5

Информатика жана эсептөө техникасы

адам

24

12. Эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөөдө окутуучулардын саатына эмгек акысынын орточо эсептелген өлчөмү колдонулат - 188,9 сом.

13. Колледждердин административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналына эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемдерин эсептөөдө административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акы төлөө фондунун жалпы эмгек акы төлөө фондундагы иш жүзүндө түзүлгөн үлүшүнүн 52 пайызы колдонулат.

14. Жатаканасы бар мамлекеттик колледждерде кошумча штаттарды (жатакана боюнча кезметчи, тарбиячы, кастелянша) кармоого байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн эмгек акы төлөө фондуна жогорулатуучу коэффициент колдонулат - коэффициенттин мааниси 1,08 түзөт.

15. Окутуучулардын негизги эмгек акысына үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн катышы иш жүзүндө түзүлгөн пропорциялардын негизинде белгиленген.

16. Эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемдерин эсептөө үчүн окутуучулардын негизги эмгек акы фондуна үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн үлүшү - 16 пайыз колдонулат.

Бул төлөмдөрдүн суммасына педагогикалык иш стажы, окумуштуулук даражасы, ардак наамдары үчүн үстөктөр жана кошумча төлөөлөр, ошондой эле кошумча төлөөлөрдүн башка түрлөрү киргизилген.

17. Эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченеми ирилештирилген адистиктер боюнча эсептелет жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:

,

мында: Зi - i-адистиги боюнча бир билим алуучуга эсептелген эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченеми; Сi - i-адистиги боюнча бир билим алуучуга эсептелген окутуучулардын акы төлөнүүчү сааттарынын саны; Оп - окутуучулардын саатына эмгек акысынын орточо өлчөмү; Нп - окутуучулардын саатына эмгек акысына үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн үлүшү; НУi - i-адистиги боюнча топтордун иш жүзүндө толушу;

- административдик, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акы төлөө фондунун жалпы эмгек акы төлөө фондундагы үлүшү;

Дп - окутуучулардын эмгек акы төлөө фондунун жалпы эмгек акы төлөө фондундагы үлүшү; СФ -иш берүүчүдөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи; 12 - жыл ичиндеги айлардын саны. § 2. Билим алуучуларга стипендияларды төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө

18. Мамлекеттик колледждерде билим алуучуларга стипендияларды төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүнде" токтому менен бекитилген ченемдердин жана эрежелердин негизинде жүргүзүлөт.

Бир билим алуучуга эсептелген стипендия төлөөгө чыгымдардын эсеби 3-таблицада берилген.

3-таблица Бир билим алуучуга эсептелген стипендия төлөөгө чыгымдардын эсеби

1

Бардык билим алуучулар (адам)

5528

2

анын ичинде: педагогикалык адистиктерде билим алуучулар (адам)

1770

3

Стипендия алуучулар (адам)

663

4

анын ичинде: педагогикалык адистиктердин стипендия алуучулары (адам)

212

5

Стипендиалдык фонд (миң сом)

9827,9

6

анын ичинде: педагогикалык адистиктердин стипендиалдык фонду (миң сом)

4902,9

7

Жылына 1 билим алуучуга эсептелген стипендия төлөөгө чыгымдардын ченеми (сом)

1335

8

Жылына 1 билим алуучуга эсептелген педагогикалык адистиктер боюнча стипендия төлөөгө чыгымдардын ченеми (сом)

2770

§ 3. Сарпталуучу окуу материалдарына чыгымдардын ченемин эсептөө

19. Сарпталуучу окуу материалдарына чыгымдардын ченемин эсептөө окуу сабактарынын негизги түрлөрүн өткөрүүдө, ошондой эле практикадан өтүү мезгилинде пайдаланылуучу материалдарды жана инструменттерди сатып алуу үчүн түзүлгөн чыгымдарды эске алуу менен жүргүзүлөт.

20. Сарпталуучу окуу материалдарына чыгымдардын ченеми адистерди даярдоонун негизги адистиктери боюнча 1 билим алуучуга эсептелип жүргүзүлөт.

21,Окуу сабактарынын негизги түрлөрүн өткөрүү үчүн сарпталуучу окуу материалдарына чыгымдардын ченеми материалдарды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга төмөнкү чыгымдарды камтыйт:

- сарпталуучу материалдар, реактивдер жана приборлор;

- көрсөтмө куралдар, аудио жана видеоматериалдар, методикалык материалдар;

- окуу процесси үчүн зарыл болгон газета жана журналдардын мезгилдүү басылмаларына жазылуу;

- окуу куралдарын жана материалдарды сатып алууга чыгымдар (спорт залдар үчүн майда инвентарлар, класстык журналдар, ведомосттор, кеңсе товарлары, кеңсе техникаларын тейлөө жана башка материалдар);

- чарбалык чыгымдар (мамлекеттик колледждерди күтүүгө чарбалык жана жуучу каражаттар).

22. Билим берүү жана педагогика илимдери адистиктери боюнча сарпталуучу окуу материалдарына билим алуучуларды балдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү практикасында окутуу үчүн зарыл болгон дары-дармектер жана материалдар киргизилген.

Жылына бир билим алуучуга эсептелген адистиктер боюнча топтоштурулган, сарпталуучу окуу материалдарына чыгымдардын суммасы 4-таблицада берилген.

4-таблица

№

Адистиктердин аталышы

Адистиктердин коду

Бир билим алуучуга чыгымдардын ченеми

1

Билим берүү жана педагогика илимдери

050000

2740

2

Музыкалык билим берүү

050601

890

3

Искусствонун көркөм жана колдонмо түрлөрү

070000

5090

4

Дизайн (тармактар боюнча)

070602

5270

5

Экономика жана башкаруу

080000

1470

6

Тейлөө, туризм жана маалыматтык коопсуздук

100000

2070

7

Айыл чарба жана айыл чарба илимдери

110000

2300

8

Геодезия жана жерге жайгаштыруу

120000

2170

9

Геология, чалгындоо жана пайдалуу кендерди иштетүү

130000

3030

10

Электр жана жылуулук энергиясы

140000

1280

11

Машина куруу жана материалдардын технологиясы

150000

2790

12

Техника жана жерде жүрүүчү транспорттун технологиялары

190000

2240

13

Автоматика жана башкаруу

220000

3130

14

Информатика жана эсептөө техникасы

230000

2530

15

Токой ресурстарын кайра өндүрүү жана кайра иштетүү

250000

1970

16

Өнөр жай энергетикасы жана биотехнология

260000

2720

17

Архитектура жана курулуш

270000

3120

18

Техносфералык коопсуздук жана жаратылышты көрктөндүрүү

280000

2640

§4. Окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченемин эсептөө

23. Окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченеми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген ченемдерге ылайык аныкталат.

24. Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуунун мезгилдүүлүгү 3 жылда бир жолу деп аныкталган.

25. Окутуучулардын кесиптик деңгээлин өркүндөтүүгө жана квалификациясын жогорулатууга бир билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми колледждерде квалификациясын жогорулатууга иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын билим алуучулардын жалпы санына бөлүү жолу менен аныкталат.

Окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын эсеби 5-таблицада берилген.

5-таблица

№

Чыгымдардын түрлөрү

Чыгымдар (сом)

Саны

Бардыгы (сом)

1

Жол кире акысы

480

2

960

2

Суткалык чыгымдар

500

10

5000

3

Жашаган жери

700

10

7000

4

Жалпысынан бир кызматкерге

12960

5

Жылына квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүүчү окутуучулардын саны

255

6

Персоналдын квалификациясын жогорулатууга жалпы чыгымдар (миң сом)

3304,8

7

Колледждерде билим алуучулардын саны

5528

8

Жылына 1 билим алуучуга эсептелген окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдар (сом)

598

## 4-глава. Билим берүү чөйрөсүнө чыгымдардын ченемдерин эсептөө

§ 5. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө

26. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө бир билим алуучуга аянттын (кв. метр) орточо ченемин жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча жылытылуучу аянттын 1 кв. метринин орточо наркын аныктоого негизделген.

27. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөргө чыгымдарды камтыйт:

- жарыктандыруу;

- суу;

- байланыш;

- жылытуу.

28. Бир билим алуучуга аянттын орточо ченеми мамлекеттик колледждердин имаратынын техникалык мүнөздөмөлөрүнүн маалыматтарынын (паспортторунун) негизинде төмөнкү формула боюнча эсептелет:

, мында: ЧА 1 билим алуучуга - бир билим алуучуга аянттын орточо ченеми; A - имараттардын аянты; ОСдолбоор - мамлекеттик колледждердин долбоордук кубаттуулугу боюнча билим алуучулардын саны. Имараттардын түрлөрү боюнча мамлекеттик колледждердин имараттарынын аянттарынын бир билим алуучуга орточо ченеми 6-таблицада берилген.

6-таблица

1

Бир билим алуучуга аянттын (кв. метр) орточо ченеми

6,6

2

анын ичинде:

3

Окутуу-административдик имарат (кв. метр)

4,1

4

Окутуу устаканалары, лабораториялар (кв. метр)

0,2

5

Жатакана (кв. метр)

1,3

6

Ашкана (кв. метр)

0,2

7

Калган имараттар (кв. метр)

0,8

29. 1 кв. метрдин орточо наркы коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бекитилген чыгымдарды мамлекеттик колледждердин жалпы жылытылган аянтына бөлүү жолу менен аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:

мында:

,

мында:

- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча 1 кв. метрдин орточо наркы;

- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бекитилген чыгымдар;

Ажылыт. - мамлекеттик колледждердин имараттарынын жылытылуучу жайларынын аянты.

30. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бир билим алуучуга 1 кв. метрдин орточо наркы 7-таблицада берилген.

7-таблица

№

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү

1 кв. метрге орточо нарк (сом)

1

Жарыктандыруу

27

2

Суу

33

3

Байланыш

26

4

Жылытуу

393

31. Бир билим алуучуга эсептелген коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдардын ченеми аянттын орточо ченемин (кв. метр) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча 1 кв. метрдин орточо наркына көбөйтүү жолу менен аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:

БКЧКК = ЧА 1 билим алуучуга x ΣКК 1 кв.метрден,

мында: БКЧКК - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоонун ченеми; ЧА 1 билим алуучуга - бир билим алуучуга аянттын ченеми 7 кв. метрге барабар; ΣКК 1 кв.метр - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча 1 кв. метрдин наркы. 1 кв. метрдин наркы төмөнкү формула боюнча эсептелинет:

ΣКК 1 кв. метр = 1 кв.метржарык + 1 кв.метрсуу + 1 кв.метрбайлан. + кв.м.- жылыл.

32. Жылына бир билим алуучуга эсептелген мамлекеттик колледждердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдарынын орточо (эсептик) ченеми бир жылда 3800 сомду түздү.

§ 6. Күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын ченемин эсептөө

33. Мамлекеттик колледждерде күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын ченеми мамлекеттик колледждерди күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө каражаттарга бир билим алуучуга эсептелген муктаждыкты аныктоо менен эсептелет.

34. Мамлекеттик колледждерде күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө каражаттарга муктаждык негизги курулуш материалдарын, коштоочу материалдарды жана инвентарларды сатып алууга чыгымдарды түздөн-түз калькуляциялоо методу менен аныкталат.

35. Эсептөөлөр мамлекеттик колледждерде күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын иш жүзүндө түзүлгөн орточо көрсөткүчтөрү боюнча жүргүзүлдү.

Мамлекеттик колледждерде күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө бир билим алуучуга эсептелген чыгымдар 8-таблицада берилген.

8-таблица

№

Чыгымдардын түрлөрү

Бардык чыгымдар (сом)

1

Боёк, акиташ сатып алууга чыгымдар

181650

2

Коштоочу курулуш материалдарын сатып алууга чыгымдар

21803

3

Коштоочу инвентарларды сатып алууга чыгымдар

2880

4

Бардык чыгымдар

206333

5

Мамлекеттик колледждин долбоордук кубаттуулугу (студенттердин саны)

600

6

Жылына күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө 1 билим алуучуга эсептелген чыгымдардын ченеми

344

## 5-глава. Жетим балдардын ичинен билим алуучулардын тамак-ашына чыгымдардын эсеби

36. Жетим балдардын тамак-ашына чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтому менен бекитилген чыгымдардын ченемдеринин негизинде аныкталган.

9-таблицада жетим балдардын ичинен бир билим алуучунун тамак-ашына чыгымдар берилген.

9-таблица

№

1 жыл 10 ай

2 жыл 10 ай

1

Бир жылда тамактанган күндөрдүн саны

365

365

2

Бир күндө 1 билим алуучуга тамак-аштын ченеми (сом)

50

50

3

Жылына 1 билим алуучуга эсептелген жетим балдардын тамак-ашына чыгымдардын ченеми (сом)

18250

18250

## 6-глава. Чыгымдардын ченемдерин эсептөө

37. Адистик боюнча мамлекеттик колледждердин бир билим алуучуга эсептелген чыгымдарынын ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:

БКЧi = БКЧБПi + БКЧБЧi + TAMЖЕТ,

мында: БКЧi - i-адистиги боюнча мамлекеттик колледжди бюджеттик каржылоо ченеми; БКЧБПi - i-адистиги боюнча билим берүү процессине мамлекеттик колледжди бюджеттик каржылоо ченеми; БКЧБЧi - i -адистиги боюнча билим берүү чөйрөсүнө мамлекеттик колледжди бюджеттик каржылоо ченеми; TAMЖЕТ - жетим балдардын ичинен билим алуучулардын тамак-ашына иш жүзүндөгү чыгымдар.

38. Адистик боюнча билим берүү процессине мамлекеттик колледждердин бюджеттик чыгымдарынын бир билим алуучуга эсептелген ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:

БКЧБПi = ЭАi; + СТИП + OСi; + КВАЛ,

мында: ЭАi - i-адистиги боюнча бир билим алуучуга эсептелген персоналдын эмгек акысын төлеөге чыгымдардын ченеми; СТИП - бир билим алуучуга эсептелген стипендияга чыгымдардын ченеми; OСi - i-адистиги боюнча бир билим алуучуга эсептелген сарпталуучу окуу материалдарынын ченеми; КВАЛ - бир билим алуучуга эсептелген окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченеми.

39. i-адистиги боюнча билим берүү чөйрөсүнө мамлекеттик колледждердин бир билим алуучуга эсептелген чыгымдарынын ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:

БКЧБЧi = ОИ + КК,

мында: ОИ - жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө бир билим алуучуга эсептелген мамлекеттик колледждерди күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдардын ченемдери; КК - бир билим алуучуга эсептелген мамлекеттик колледждерди жылытуунун түрлөрү боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдардын ченемдери.

40. Бюджеттик каржылоонун ченемдери ирилештирилген адистиктер боюнча эсептелет.

41. Жетим балдардын ичинен билим алуучулардын тамак-ашына чыгымдар бюджеттик каржылоонун ченемдерине кирбейт жана жылына иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча аныкталат.

42. Келерки жылга колледждер боюнча бюджеттин жалпы чыгымдарын аныктоодо орто кесиптик билим берүү уюмдарында билим алуучуларды даярдоонун мамлекеттик наркынын финансылык камсыз болушунун орточо (эсептик) ченеми колдонулат, ал Ирилештирилген адистиктер боюнча типтүү ченемдердин орточо наркына жараша түзүлгөн.

43. "Музыкалык билим берүү" жана "Искусствонун көркөм жана колдонмо түрлөрү" адистиктери үчүн финансылык камсыз болуунун орточо (эсептик) ченемине тиешелүү түрдө 2, 3 жана 4, 8 жогорулатуучу коэффициенттер колдонулат.

44. Каржылоонун шарттары өзгөргөн учурда (айлык акынын, стипендиянын жогорулашы, инфляциянын деңгээлине карата чыгымдарды индексациялоо) мамлекеттик колледждерди билим берүү процессине жана билим берүү чөйрөсүнө бюджеттик каржылоонун ченемдери кайра каралып чыгат жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:

БКЧБПi = ЭАi ҮЖÎ IЭА +СТИПҮЖÎ IСТИП + OCi ҮЖ Î IИНФ + КВАЛYЖÎIКВАЛ,

мында: ЭАi ҮЖ - учурдагы жылы i-адистиги боюнча мамлекеттик колледждерде эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемдери; IЭА - келерки жылда билим берүү тармагындагы кызматкерлердин айлык акысынын болжолдуу өсүү индекси; СТИПҮЖ - учурдагы жылы мамлекеттик колледждерде стипендияларды төлөөгө чыгымдардын ченеми; IСТИП - учурдагы жылы стипендиянын өлчөмүнүн болжолдуу өсүүсү; КВАЛYЖ - учурдагы жылы мамлекеттик колледждердеги окутуучулардын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченеми; IКВАЛ - учурдагы жылы кызматкерлердин иш сапары менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу ченемдеринин өлчөмүнүн болжолдуу өсүүсү.

БКЧБЧi =ОИҮЖ Î IИНФ +ККYЖ Î IИНФ,

мында: ОИҮЖ - жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө бир билим алуучуга эсептелген мамлекеттик колледждерде күндөлүк оңдоо иштерин жүргүзүүгө чыгымдарды бюджеттик каржылоо ченемдери; ККYЖ - бир билим алуучуга эсептелген мамлекеттик колледждердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдарынын ченеми; IИНФ - келерки жылга инфляциянын болжолдуу индекси.

3-тиркеме

Мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли жана даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине түзөтүү коэффициенттери

## 1-глава. Мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли

№

Көрсөткүчтүн аталышы

Өлчөмү (сом)

1

Мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли

38500

2

Эмгек акы төлөөгө чыгымдар, анын ичинде Социалдык фондго төгүмдөр

33700

## 2-глава

. Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине түзөтүү коэффициенттери

№

Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) тобунун аталышы

Түзөтүү коэффициенти

1

Билим берүү

1,10

2

Экономика жана башкаруу, экология, туризм

1,00

3

Энергетика

1,15

4

Тоо-кен өнөр жайы, транспорт, айыл чарбасы

1,40

5

Саламаттык сактоо, дене тарбия

1,50

6

Музыкалык искусство

5,80

6-1

Көркөм искусство

5,50

7

Маданият, искусство (музыкалык, көркөм искусствону кошпогондо)

4,70

8

Компьютердик технологиялар, телекоммуникациялар жана байланыш

1,30

9

Жабдуулар, технологиялык адистиктер, курулуш

1,30

Эскертүү: Мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли жана даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине түзөтүү коэффициенттери ушул базалык деңгээлинин тиркемесинде берилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн аныктоо методикасына ылайык эсептелген.

Мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине жана даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине түзөтүү коэффициенттеринин тиркемеси

Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн аныктоонун МЕТОДИКАСЫ

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн аныктоонун ушул методикасы (мындан ары - Методика) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында адистерди окутуунун наркын эсептөөнүн эрежелерин жана тартибин аныктайт.

2. Методика мамлекеттик органдар тарабынан жогорку кесиптик билим берүү программаларын ченемдик каржылоого өткөрүүнү жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыкты.

3. Бул Методиканын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

мамлекеттик билим берүү гранты - республика үчүн артыкчылыктуу даярдоо багыттары (адистиктер) боюнча адистерди даярдоого мамлекеттик заказга киргизилген даярдоо багыты (адистиги) боюнча ЖОЖдо грант ээси - жеке жакты окутууга акы төлөөгө республикалык бюджеттин каражаттары; мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли - мамлекеттик билим берүү грантынын минималдуу өлчөмү; даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору - мамлекеттик билим берүү грантынын бирдей өлчөмдөрү белгиленген даярдоо багыттарын (адистиктерди) бириктирүүчү топтор; түзөтүү коэффициенттери - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) ар бир нарктык тобу үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүн аныктоодо мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине карата колдонулуучу, даярдоо багыттары (адистиктер) боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрүн чагылдыруучу жогорулатуучу коэффициенттер.

## 2-глава. Мамлекеттик билим берүү грантынын түзүмү

4. Мамлекеттик билим берүү грантын эсептөө жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын иш жүзүндө түзүлгөн консолидацияланган чыгымдарынын негизинде бюджеттик каражаттардын эсебинен, ошондой эле бир билим алуучуга эсептелген билим берүү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

5. Мамлекеттик билим берүү гранты окуу процессин камсыз кылуу менен байланышкан, түз жана кыйыр чыгымдарга бөлүнгөн учурдагы чыгымдардын ченемдерин камтыйт.

6. Мамлекеттик билим берүү грантын эсептөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна ылайык билим алуучулардын стипендиясына чыгымдар жана жетим балдардын ичинен билим алуучулардын тамак-ашына чыгымдар эске алынбайт.

## 3-глава. Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топторун аныктоо

7. Бүтүрүүчүгө "бакалавр", "магистр", "адис" квалификацияларын ыйгаруу менен ырасталган жогорку кесиптик билим берүүнүн адистиктери чыгымдар жана экономиканын артыкчылыктуу тармактары боюнча даярдоо багыттарынын (адистиктердин) 9 нарктык тобуна бириктирилген.

Таблица

Чыгымдар жана экономиканын артыкчылыктуу тармактары боюнча даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору

№

Топ

Адистиктердин коддору

1

Билим берүү

51/52/53/54/55

2

Экономика жана башкаруу, экология, туризм

52/58/60/62

3

Энергетика

64

4

Too кендерин казуу өнөр жайы, транспорт, айыл чарба

61/63/65/67/73

5

Саламаттык сактоо, дене тарбия

56

6

Музыкалык искусство

57

6-1

Көркөм искусство

57

7

Маданият, искусство (музыкалык, көркөм искусстводон тышкары)

57

8

Компьютердик технологиялар, телекоммуникация жана байланыш

59/70/71/69

9

Жабдуулар, технологиялык адистиктер, курулуш

65/68/72/74/76/75

8. Адистиктердин коддору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык бекитилген.

## 4-глава. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн эсептөө

§ 1. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн эсептөө үчүн база

9. Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмү бул багыттар (адистиктер) боюнча билим алуучулардын саны басымдуулук кылган ЖОЖдордун иш жүзүндөгү чыгымдарына жараша эсептелет.

10. Чыгымдар даярдоо багыттарынын (адистиктердин) тиешелүү нарктык топтору боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн эсептөөнүн негизинде жаткан мамлекеттик ЖОЖдордун тизмеги ушул Методиканын тиркемесинде берилген.

§ 2. Түз чыгымдардын ченемин эсептөө

11. Түз чыгымдардын ченеми төмөнкү чыгымдарды камтыйт:

- ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамына жана башка персоналына эмгек акы төлөөнү;

- билим берүү кызматтарын көрсөтүү процессинде керектелүүчү материалдарды сатып алууну.

12. Түз чыгымдардын ченеми эмгек акы төлөө фонду боюнча жана даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору боюнча бир билим алуучуга эсептелген учурдагы керектөө үчүн материалдарды сатып алууга каражаттардын иш жүзүндө консолидацияланган чыгымдарын аныктоо жолу менен эсептелет.

13. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө түз чыгымдарды эсептөө төмөнкүлөргө негизделген:

- эмгек акы төлөө фонду боюнча каражаттардын иш жүзүндө консолидацияланган чыгымдарына жана бюджеттик каражаттардын эсебинен жана контракттык негизде окуган "бакалавр", "магистр", "адис" багыттары боюнча окутуунун күндүзгү формасында билим алуучуларды окутууга багытталган учурдагы керектөөлөр үчүн материалдарды сатып алууга;

- тиешелүү окуу жылынын башталышындагы абал боюнча бюджеттик каражаттардын эсебинен жана контракттык негизде окуган "бакалавр", "магистр", "адис" багыттары боюнча күндүзгү окуу формасында билим алуучулардын санына.

14. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө түз чыгымдардын ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет:

мында:

- даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө түз чыгымдардын ченеми;

- даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу боюнча студенттерди окутууга бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен эмгек акы төлөө фонду боюнча ЖОЖдордун консолидацияланган чыгымдары;

- даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу боюнча студенттерди окутууга бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен билим берүү кызматтарын көрсөтүү процессинде зарыл болгон материалдарды сатып алууга ЖОЖдордун консолидацияланган чыгымдары;

- даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу боюнча тиешелүү окуу жылынын башталышына карата абал боюнча бюджеттик каражаттардын эсебинен жана контракттык негизде окуган "бакалавр", "магистр", "адис" багыттары боюнча күндүзгү окуу формасында билим алуучулардын саны.

§ 3. Кыйыр чыгымдардын ченемин эсептөө

15. Кыйыр чыгымдардын ченеми төмөнкү чыгымдарды камтыйт:

- транспорт кызматтарын сатып алуу;

- профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу;

- коммуналдык кызматтарга акы төлөө;

- имараттарды жана жайларды учурдагы ондоо;

- жабдууларды жана шаймандарды учурдагы оңдоо.

16. Кыйыр чыгымдардын ченемин эсептөө даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору боюнча бир билим алуучуга эсептелген транспорттук, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, имараттарды жана жайларды, жабдууларды жана шаймандарды учурдагы оңдоо жүргүзүүгө, иш сапар чыгымдарына иш жүзүндө консолидацияланган чыгымдарды аныктоо жолу менен эсептелет.

17. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө кыйыр чыгымдарды эсептөө төмөнкүлөргө негизделген:

- бюджеттик каражаттардын эсебинен жана контракттык негизде окуган "бакалавр", "магистр", "адис" багыттары боюнча окутуунун күндүзгү формасында билим алуучуларды окутууга багытталган транспорттук, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга, имараттарды жана жайларды, жабдууларды жана шаймандарды учурдагы оңдоо жүргүзүүгө, иш сапар чыгымдарына карата иш жүзүндөгү консолидацияланган чыгымдарга;

- тиешелүү окуу жылынын башталышындагы абал боюнча бюджеттик каражаттардын эсебинен жана контракттык негизде окуган "бакалавр", "магистр", "адис" багыттары боюнча окутуунун күндүзгү формасында билим алуучулардын санына.

18. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө кыйыр чыгымдардын ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет:

мында:

- даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө кыйыр чыгымдардын ченеми;

Тi -даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу боюнча студенттеринин окуу процессин камсыз кылуу үчүн бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен транспорттук кызматтарын сатып алуу боюнча ЖОЖдордун консолидацияланган чыгымдары; ИЧi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу боюнча бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен профессордук-окутуучулук персоналдын иш сапар чыгымдары; КУi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу боюнча бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен ЖОЖдордун коммуналдык чыгымдары; УОi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу боюнча бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен имараттарды жана жайларды, жабдууларды жана инвентарларды учурдагы оңдоо жүргүзүүгө ЖОЖдордун консолидацияланган чыгымдары; CCi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу боюнча тиешелүү окуу жылынын башталышына карата абал боюнча бюджеттик каражаттардын эсебинен жана контракттык негизде окуган "бакалавр", "магистр", "адис" багыттары боюнча күндүзгү окуу формасындагы билим алуучулардын саны. § 4. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн эсептөө

19. Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:

ГӨi = ТЧi + КЧi

мында: ГӨi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмү; ТЧi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын түз чыгымдарынын ченеми; КЧi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын кыйыр чыгымдарынын ченеми.

20. Мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли катары "Экономика жана башкаруу, экология, туризм" нарктык тобу боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын минималдуу өлчөмү кабыл алынат.

21. Мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине формула боюнча эсептелген даярдоо багыттарынын (адистиктердин) ар бир нарктык тобу үчүн түзетүү коэффициенттери колдонулат:

мында:

- даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобу үчүн түзөтүү коэффициенти;

ГӨi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-ошол нарктык тобунун мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмү; Б - мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли.

## 5-глава. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн индексациялоо

22. Каржылоо шарттары өзгөргөндө (эмгек акы төлөөнү, билим алуучулардын стипендияларын жана тамак-аш ченемдерин жогорулатуу, инфляциянын деңгээлине чыгымдарды индексациялоо) мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли кайра каралат жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:

МББГ = ЭМҮЖ Î IЭА +ПРYЖ Î IИНФ

мында: МББГ - мамлекеттик билим берүү гранты; ЭМҮЖ - мамлекеттик билим берүү грантынын эмгек акы төлөө чыгымдары; IЭА - келерки жылы жогорку кесиптик билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын өсүү индекси; ПРYЖ - эмгек акы чыгымдарын кошпогондо, мамлекеттик билим берүү гранты; IИНФ - келерки жылга болжолдонгон инфляциянын индекси.

Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн аныктоонун методикасына тиркеме

Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн эсептөө үчүн даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик уюмдарын бөлүштүрүү

№

Нарктык топтун аталышы

ЖОЖдордун аталышы

1

Билим берүү

Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети

Академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети

А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

Батыралы Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек эл аралык университети

Талас мамлекеттик университети

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети

Баткен мамлекеттик университети

2

Экономика жана башкаруу, экология, туризм

Академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

3

Энергетика

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети

4

Тоо-кен казуу өнөр жайы, транспорт, айыл чарба, курулуш

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети

5

Саламаттык сактоо

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Ош мамлекеттик университети

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети

6

Музыкалык искусство

К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы

7

Көркөм искусство

Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт академиясы

8

Маданият, искусство (музыкалык, Көркөм искусстводон тышкары)

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети

9

Компьютердик технологиялар, телекоммуникация жана байланыш

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети

10

Жабдуулар, технологиялык адистиктер

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети
