# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 229-т (Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 229-т (Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 229
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006311>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19191/edition/8210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230006311.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 229-т (Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу жөнүндө) тескемеси (10.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006311

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 10-майы № 229-т

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Бишкек шаарынын № 1 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында "Балдардын билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү: балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу үчүн жаңы ыкманы колдонуу" пилоттук долбоорунун жыйынтыктары эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында "Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү: Кыргыз Республикасында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча чаралар" долбоорун (мындан ары - Долбоор) этап-этабы менен ишке ашыруу башталсын:

- 2024-жылы - 570 мектепке чейинки билим берүү уюмунда;

- 2025-жылы - 570 мектепке чейинки билим берүү уюмунда;

- 2026-жылы - 570 мектепке чейинки билим берүү уюмунда.

3. "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондуна Кыргыз Республикасынын ар бир облусунда ушул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн Долбоорду экиден ишке ашыруу сунушталсын.

4. Долбоорду ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ ушул тескеменин тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча):

- Долбоорду тиешелүү аймактарда ишке ашырууну координацияласын;

- социалдык маселелер боюнча орун басарын жумушчу топтун жетекчиси кылып аныктап, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын - акимдерди, административдик райондордун, мэриялардын башчыларын, билим берүү, саламаттык сактоо, финансы, өзгөчө кырдаалдар, архитектура жана курулуш чөйрөлөрүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин курамга киргизүү менен Долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топторду түзсүн;

- региондорду өнүктүрүү фонддорунун социалдык долбоорлорду ишке ашырууга каралган финансылык каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды Долбоорду ишке ашырууга белгиленген тартипте багыттасын.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте Долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен каражаттарды багыттоо сунушталсын.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана кийинки жылдарда эмгек акы фондусун каржылоону белгиленген тартипте карасын.

8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте мектепке чейинки билим берүү уюмдарын кошумча кадрдык камсыздоо боюнча чараларды белгиленген тартипте көрсүн.

9. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте маалымат суроого жана иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) кызматкерлерин, ошондой эле эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартууга укуктуу деп белгиленсин.

10. Министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

11. Төмөнкүлөр аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ведомстволор аралык жумушчу топтун жумушчу органы болуп;

- "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фонду Долбоорду ишке ашыруу боюнча координатор (макулдашуу боюнча) болуп.

12. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

"Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү: Кыргыз Республикасында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча чаралар" долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Бишкек шаарынын мэри; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
