Кант шаардык кеңешинин «Кант шаардык кеңешинин ченемдик штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 5-апрели № 3/II-28
Кант шаардык кеңешинин ченемдик штаттык санын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 - “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде уюштуруу жөнүндө” токтомунун 5)п.а. 1-т.негизинде, Кант шаардык кеңешинин ишин натыйжалуу уюштуруу максатында: КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык санына бир катчы-кагаз иштерин жүргүзүүчү штаттык бирдиги жана айдоочунун бир штаттык бирдиги киргизилсин.
2. Кант шаардык кеңешинин ченемдик штаттык саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Талатбек у. К.) жүктөлсүн.
Төрага
М.Бейшебаев
Кант шаардык кеңешинин
05.04.2024-ж. № 3/II-28
токтомунун тиркемеси
Кант шаардык кеңешинин ченемдик штаттык саны
№
Кызмат ордунун аталышы
Штаттык бирдигинин саны
1.
Төрага
1
2.
Жооптуу катчы
1
Бардыгы
2
ТТК
2
КТК
1
Жыйынтыгы
5
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 - “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде уюштуруу жөнүндө” токтомунун 5)п.а. 1-т.негизинде, кошумча бир катчы-кагаз иштерин жүргүзүүчү штаттык бирдиги жана айдоочунун бир штаттык бирдиги киргизилди.
Жооптуу катчы
Д.Байсалова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Күчүн жоготкон