# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230006263)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-майындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006263/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15375/edition/8157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230006263/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (16.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006263/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 68-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ушул берененин 21-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу аялдарга, он сегиз жашка чейинки куракта кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш курагына чыккан эркектерге дайындалбайт.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:

"21. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш курагына чыккан, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган, эркектерге дайындалышы мүмкүн.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230006263/st-2)
