# Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-майындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-майындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15375/edition/8157/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230006263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 16-майындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (16.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006263

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2024-жылдын 16-майы № 86 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230006263/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 68-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ушул берененин 21-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу аялдарга, он сегиз жашка чейинки куракта кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш курагына чыккан эркектерге дайындалбайт.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:

"21. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу кылмыш жасаган учурда алтымыш жаш курагына чыккан, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган, эркектерге дайындалышы мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230006263/st-2)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза поцессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 349-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштарды кошпогондо, сот жазаны дайындабастан айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде айыптоо өкүмү чыгарылган учурга карай төмөнкүлөр орун алса:".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230006263/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-майындагы № 38 (3591) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жапаров

2024-жылдын 11-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
