# Ош шаардык мэриясынын 2024-жылдын 15 мартындагы №218 Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык мэриясынын 2024-жылдын 15 мартындагы №218 Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006222>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26776/edition/8126/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык мэриясынын 2024-жылдын 15 мартындагы №218 Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө токтому (04.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006222

---

ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ ТОКТОМ

2024-жылдын 15-марты № 218

Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн 2024-жылдын 30-январындагы №1 буйругун, “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 14-февралындагы №111 катын эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун 2-пунктунун негизинде, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 17, 18, 44, 49-беренелерин жана «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын 8, 18, 20, 27-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасы тарабынан шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуу үчүн техникалык шарттарды даярдоо, шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуу үчүн тарифтик ставка баалары жана эсептөө ыкмалары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасына тиешелүү иш кагаздарын берүүдө бекитилген бааларды колдонуу жагы милдеттендирилсин.

3. “Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө” токтому Ош юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

4. “Шаардык таза жана саркынды суу тармактарына кошулуудагы бааларын жана эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө” токтомун Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасына (Д.Кокочоров) милдеттендирилсин.

5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнө (Э.Кармышаков) жүктөлсүн.

Мэрдин орун басары

С.К. Джунусбаев
