КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгымдардын ченемин белгилөө жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 15-ноябры № 602
"Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгымдардын ченемин белгилөө жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 472 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомуна пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө боюнча колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөгө чыгымдарын оптималдаштыруу максатында, ошондой эле товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомуна мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча почталык тейлөөгө чыгымдардын ченеми төмөнкүдөй белгиленсин:
2024-жылдын 1-январынан тартып - төлөмдөрдүн көлөмүнөн 2% деңгээлде; 2025-жылдын 1-январынан тартып - төлөмдөрдүн көлөмүнөн 2% деңгээлде; 2026-жылдын 1-январынан тартып 2027-жылдын 31-декабрына чейин - төлөмдөрдүн көлөмүнөн 2% деңгээлде. (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 472 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-августундагы № 472 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен биргеликте пенсиялык каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу жана максатсыз пайдалануу фактыларын, ошондой эле "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткаруу боюнча бузууларды жоюу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 157 "Почта кызматынын уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө кызматтары үчүн чыгымдардын ченемин белгилөө жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 5-августундагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 602 "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун…Постановление · 05.08.2025 · № 472
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 157 "Почта кызматынын уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө кызматтары үчүн чыгымдардын…Постановление · 01.09.2021 · № 157 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 5-августундагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 602 "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун…Постановление · 05.08.2025 · № 472
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 157 "Почта кызматынын уюмдары тарабынан пенсияларды жана жөлөкпулдарды жеткирүү жана төлөө кызматтары үчүн чыгымдардын…Постановление · 01.09.2021 · № 157 · Күчүн жоготкон