# Лебединовка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 23-4 "Жер участогунун (сугат айдоо жерлеринин) категориясын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Лебединовка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 23-4 "Жер участогунун (сугат айдоо жерлеринин) категориясын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23-4
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77934/edition/8014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230006109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лебединовка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 23-4 "Жер участогунун (сугат айдоо жерлеринин) категориясын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (24.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006109

---

ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

XXVIII чакырылыш 2024-жылдын 24-январы №23-4 Жер участогунун (сугат айдоо жерлеринин) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө Рысалиева Нургүл Токторбековнанын 2024-жылдын 15-январындагы № 47, Лебединовка айыл аймагындагы № 48 контурда жайгашкан, идентификациялык номерлери 7-01-09-0004-0607 жана 7-01-09-0004-0608, жалпы аянты 1,0 га, 2019-жылдын 22-октябрындагы № 2019/46434 жана № 2019/46435 айыл чарба багытындагы жерлерди сатып алуу-сатуу келишими, жерге (үлүшкө) жеке менчик күбөлүктөрү ЧА сериясы № 0115939 жана ЧА сериясы № 0115938 негизиндеги, өзүнө таандык жеке менчиктеги жер участокторунун (сугат айдоо жерлери) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлери" категориясына, өнөр жай-логистикалык борборлорду куруу үчүн которуу жөнүндө арызын карап жана талкуулап, жерлерди эксплуатациялоо, техникалык-экономикалык түшүндүрүү катынын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин 2024-жылдын 10-январындагы № 03-7/92 корутундусунун, "Кыргызгипрозем" мамлекеттик мекемесинин Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын жерге жайгаштыруу башкармалыгынын 2024-жылдын 11-январындагы № Р-5 корутундусунун, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2024-жылдын 11-январындагы № 04-6/194 корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 18-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылйык, Лебединовка айылдык кеңешинин 23-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Рысалиева Нургүл Токторбековнанын 2024-жылдын 15-январындагы № 47, Лебединовка айыл аймагындагы № 48 контурда жайгашкан, идентификациялык номерлери 7-01-09-0004-0607 жана 7-01-09-0004-0608, жалпы аянты 1,0 га, 2019-жылдын 22-октябрындагы № 2019/46434 жана № 2019/46435 айыл чарба багытындагы жерлерди сатып алуу-сатуу келишими, жерге (үлүшкө) жеке менчик күбөлүктөрү ЧА сериясы № 0115939 жана ЧА сериясы № 0115938 негизиндеги, өзүнө таандык жеке менчиктеги жер участокторунун (сугат айдоо жерлери) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлери" категориясына, өнөр жай-логистикалык борборлорду куруу үчүн которууга макулдук берилсин.

2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Лебединовка айыл аймагындагы № 48 контурда жайгашкан, идентификациялык номерлери 7-01-09-0004-0607 жана 7-01-09-0004-0608, жалпы аянты 1,0 га, 2019-жылдын 22-октябрындагы № 2019/46434 жана № 2019/46435 айыл чарба багытындагы жерлерди сатып алуу-сатуу келишими, жерге (үлүшкө) жеке менчик күбөлүктөрү ЧА сериясы № 0115939 жана ЧА сериясы № 0115938 негизиндеги, өзүнө таандык жеке менчиктеги жер участокторунун (сугат айдоо жерлери) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлери" категориясына которуу жагын кароо өтүнүчү жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай уулу Адилетке тапшырылсын.

Төрага

К.К.Умурбаев
