# Лебединовка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 23-3 "Жер участогунун (жайыт жерлеринин) категориясын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Лебединовка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 23-3 "Жер участогунун (жайыт жерлеринин) категориясын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23-3
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77933/edition/8007/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230006103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лебединовка айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы № 23-3 "Жер участогунун (жайыт жерлеринин) категориясын "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (24.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006103

---

ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

XXVIII чакырылыш 2024-жылдын 24-январы № 23-3 Жер участогунун (жайыт жерлеринин) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө Рысалиева Нургуль Токторбековнанын 2024-жылдын 15-январындагы № 46, Лебединовка айыл аймагында № 49 контурда жайгашкан, идентификациялык номерлери 7-01-09-0004-0605 жана 7-01-09-0004-0611, жалпы аянты 1,17 га жер участокторунун (жайыт жерлер) категориясын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттарда жерлери» категориясына кампаларды куруу үчүн которуу жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Лебединовка айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жыйналышынын протоколунун, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2023-жылдын 4-июлундагы№ 04-6/5786 корутундусунун, жерлерди эксплуатациялоо, техникалык-экономикалык түшүндүрүү катынын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин 2023-жылдын 4-июлундагы № 02-7/2648 корутундусунун, "Кыргызгипрозем" мамлекеттик мекемесинин Республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын жерге жайгаштыруу башкармалыгынын 2023-жылдын 5-июлундагы № N-541 корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 18-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылйык, Лебединовка айылдык кеңешинин 23-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ кылат:

1. Лебединовка айыл аймагынын №49 контурунда жайгашкан, 7-01-09-0004-0605 жана 7-01-09-0004-0611 идентификациялык номурлуу, жалпы аянты 1,17 га жерди, (жайыт жерлеринин) категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына, складдарды куруу үчүн которууга макулдук берилсин.

2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Лебединовка айыл аймагынын №49 контурунда жайгашкан, 7-01-09-0004-0605 жана 7-01-09-0004-0611 идентификациялык номурлуу, жалпы аянты 1,17 га жерди, (жайыт жерлеринин) категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына, складдарды куруу үчүн которуу жагын кароо өтүнүчү жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай уулу Адилетке тапшырылсын.

Төрага

К.К.Умурбаев
