# Сары-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 17-мартындагы № 18/1 "Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылынан “Логистикалык борбор” куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 17-мартындагы № 18/1 "Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылынан “Логистикалык борбор” куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18/1
- Кабыл алынган күнү: 17.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006096>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26680/edition/8002/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 17-мартындагы № 18/1 "Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылынан “Логистикалык борбор” куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө" токтому (17.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006096

---

САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы 2018-жылдын 17-марты № 18/1

Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылынан “Логистикалык борбор” куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-декабрындагы № 517-б буйругун аткаруу максатында

Сары-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндөгү” мыйзамынын 1-беренесинин негизинде Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылынан 350,0 га жер аянты, анын ичинен 250,0 га “Логистикалык борборун” куруу үчүн,б.а.өнөр жай,транспорт,байланыш жана коргонуу үчүн, жана 100,0 га жер аянты калктуу конуштар үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Эмилов Баймамат Абылкасымовичке милдеттендирилсин.

Төрага

Жаныбек уулу Т.
