Сары-Таш айылдык кеңешинин «Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылынан “Логистикалык борбор” куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы 2018-жылдын 17-марты № 18/1
Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылынан “Логистикалык борбор” куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-декабрындагы № 517-б буйругун аткаруу максатында
Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндөгү” мыйзамынын 1-беренесинин негизинде Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Таш айылынан 350,0 га жер аянты, анын ичинен 250,0 га “Логистикалык борборун” куруу үчүн,б.а.өнөр жай,транспорт,байланыш жана коргонуу үчүн, жана 100,0 га жер аянты калктуу конуштар үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Эмилов Баймамат Абылкасымовичке милдеттендирилсин.
Төрага
Жаныбек уулу Т.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.