Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартиби (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 226 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартиби (мындан ары - Тартип) 18 жашка чыга элек, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган же болбосо укук бузууларды жана укукка каршы жосундарды жасоосуна өбөлгө түзгөн абалда кабылган адамдарды ата-энесине, туугандарына, мыйзамдуу өкүлдөрүнө, балдар мекемелеринин өкүлдөрүнө (мындан ары - ата-энеси/башка адамдар) өткөрүп бергенге чейин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасындагы укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна (мындан ары - Борбор) жеткирүү жана убактылуу кармоо эрежелерин аныктайт.
2. 18 жашка чыга элек убактылуу кармалган адамдарды медициналык тейлөө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Борбордун жайларында 18 жашка чыга элек убактылуу кармалган адамдарды санитардык-эпидемияга каршы камсыз кылуунун үстүнөн контролдоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүктөрүнө жүктөлөт. Баланы Борборго кабыл алууда төмөнкүлөр кабардар болууга тийиш: ата-энеси/башка адамдар, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери (мындан ары - тийиштүү органдар). Борбордун нөөмөт бөлүмүндө ишеним кутучасы орнотулат, ал аркылуу балдар өз арыздарын жана сунуштарын билдире алат.
3. Балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо үчүн Борборлорду пайдалануунун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана ушул Тартип түзөт.
2-глава. 18 жашка чыга элек адамдарды жеткирүү, кабыл алуу жана убактылуу кармоо тартиби
4. Борбор тарабынан балдарды кабыл алуу күнү-түнү жүзөгө ашырылат. Балдарды жеткирүү ички иштер органдарынын кызматкерлери, 2002-жылдын 7-ноябрында Кишинёв шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун негизинде Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (мындан ары - КМШ) өлкөлөрүнүн адистештирилген мекемелеринин кызматкерлери жана кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.
5. Борбордо 4 жаштан 18 жашка чейинки төмөндө көрсөтүлгөн балдарды убактылуу жайгаштырууга болот:
- адашкан;
- көзөмөлсүз калган;
- өз алдынча келген;
- балдар мекемелеринен өз алдынча чыгып кеткен;
- ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын камкордугусуз калган, аларга мамлекет жана коом тарабынан жардам көрсөтүү үчүн;
- өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилген учурда, тез арада коргоону камсыз кылууга муктаж болгон;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде КМШ өлкөлөрүнөн кайтарылган.
6. Борбордо төмөндө көрсөтүлгөн балдарды убактылуу жайгаштырууга болбойт:
- төрт жашка чыга элек;
- алкоголдук же наркотикалык мас абалында болгондугу ачык көрүнүп турган;
- кош бойлуулугунун айкын белгилери менен;
- медициналык жардамга муктаж болгон.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн балдар саламаттыкты сактоо жана балдарды коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өткөрүп берилет.
7. Борбордо балдарды убактылуу кармоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн балдарды жеткирүү жөнүндө токтому;
- КМШ өлкөлөрүнүн адистештирилген мекемелеринин кызмат адамдары тарабынан түзүлгөн балдарды кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы.
Токтом/кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы тиешелүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын/КМШ өлкөлөрүнүн адистештирилген мекемелеринин мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.
8. Бала Борборго жеткирилгенден кийин ага өздүк кароо жана анын өздүк буюмдарына кароо, ошондой эле медициналык кароо жүргүзүлөт. Баланы өздүк кароо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 528-беренесине ылайык текшерилип жаткан бала менен бир жыныстагы кызматкерлер тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
Эгерде өздүк кароо учурунда Борборго алынып келинген балдардан курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар, уулу, баңги жана психотроптук заттар табылса, аймактык ички иштер органынын тергөө-ыкчам тобу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын талаптарына ылайык зарыл болгон процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзөт. Өздүк кароо учурунда белгиленген тартипте төмөнкүлөр убактылуу алынууга тийиш: акча, байланыш каражаттары, баалуу кагаздар, зер буюмдар, оюн карталары, спирт ичимдиктери, тамеки буюмдары, ширеңкелер, документтер, тешүү, аралоо жана кесүү буюмдары, айнек идиштери, ошондой эле балдардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугу үчүн башка буюмдар.
9. Убактылуу алынып коюлган буюмдар ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык жеткирип келген адамдардын катышуусунда өздүк кароо протоколунда баяндалат.
Өздүк кароодо убактылуу алынып коюлган буюмдар материалдык баалуулуктарды каттоо журналына киргизилет жана сейфте сакталат.
10. Баланы ата-энесине/башка адамдарга өткөрүп берүүдө убактылуу сактоо үчүн алынып коюлган буюмдар ата-энесине/башка адамдарга ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык тилкат алуу менен берилет.
11. Борборго алынып келинген баланын ден соолугунун абалы суралат. Медициналык жардам көрсөтүү зарыл болгон учурда, ал медициналык тез жардам бригадасы тарабынан саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү дарылоо мекемесине жөнөтүлөт.
12. Борборго жайгаштырылган балдар сүрөткө тартылып, ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык эсепке алуу журналына катталат жана маалымат базага киргизилет.
13. Борборго жайгаштырылган балдарга ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык эсепке алуу көктөмөлөрү ачылат, алар төмөнкү документтер менен комплекттелет:
- баланы Борборго жеткирүү жөнүндө токтом;
- өздүк кароонун протоколу;
- балага анкета, ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык;
- бала менен жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымкат;
- өткөрүлгөн тарбиялык иш-чаралар жөнүндө материалдар;
- ден соолугунун абалы жөнүндө дарыгердин корутундусу;
- баланын психологиялык мүнөздөмөсү боюнча психологдун корутундусу жана башка документтер.
Балага ачылган эсепке алуу көктөмөлөрү Борбордун кызматкерлери тарабынан балдарды Борбордо убактылуу кармоо мезгилинде жүргүзүлөт жана 3 жыл сакталат. Мөөнөтү бүткөндөн кийин эсепке алуу көктөмөлөрү иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жок кылынат.
14. Балдар жеткирилген учурдан тартып 3 саатка чейин Борбордо убактылуу кармалат.
15. Балдардын жана ата-энелердин/башка адамдардын анкеталык маалыматтары аныкталбаган учурларда, ата-энелер/башка адамдар балага келүүдөн баш тартканда жана балдардын келүү мөөнөтү дем алыш жана майрам күндөрүнө, түнкү убакытка туура келгенде, балдар ата-энелерине/башка адамдарга берилгенге чейин Борбордо 48 сааттан ашпаган убакытка чейин кармалышы мүмкүн. 48 саат өткөндөн кийин ата-энесин/башка адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, бала балдарды коргоо боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берилет.
16. Борборго жайгаштырылган балдар жаш курагына жана жынысына жараша топторго бөлүнөт, алардын саны 20 адамдан ашпашы керек. Эркектер жана кыздар өзүнчө уктоочу бөлмөлөргө жайгаштырылат.
Балдар Борбордо күнү-түнү байкоо алдында турат, Борбордон өз алдынча чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган коопсуз шарттарда кармалат.
17. Күн тартиби балдардын Борбордо күнү-түнү болушун эске алуу менен түзүлөт жана Борбордун начальниги тарабынан бекитилет.
18. Балдар Борбордо болгон учурда ушул Тартиптин 7-тиркемесинде көрсөтүлгөн тамактануунун ченемдерине ылайык төрт маал ысык тамак-аш менен камсыз кылынат.
19. Борбордо кармалган балдарга төмөнкүлөргө укук берилет:
- аталган мекемеге жеткирилгендиги жөнүндө ата-энесине/башка адамдарга билдирүүгө;
- ата-энеси/башка адамдар менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө;
- гумандуу, ар-намысты жана адамдык абийирди кемсинтпеген мамилеге;
- төшөнчү буюмдарын алууга.
3-глава. Борборго жеткирилген балдар менен иштөө тартиби
20. Балдарды Борбордо кармоо учурунда алар үчүн үйдөгү абалга жакын шарттар түзүлөт. Балдар медициналык кароодон жана мончо-душ процедураларынан өтүшөт.
Балдардын курагын эске алуу менен ата-энелерине/башка адамдарга өткөрүп берилген убакытка чейин психологиялык иштер, ошондой эле жеке тарбиялоо-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт, таанып билүүчү-өнүктүрүүчү сабактар өткөрүлөт.
21. Көзөмөлсүз, кароосуз калууга өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды табуу максатында Борбордун кызматкерлери:
- анын жеке сапаттарын, кызыгууларын, жашоо мүнөзүн, үй-бүлөсүн, балдар мекемесин өз алдынча таштап кетүүнүн, окууну токтотуунун себептерин тактайт;
- укук бузган учурда балага мүмкүн болуучу кесепеттерин түшүндүрөт.
4-глава. Балдарды өткөрүп берүү тартиби
22. Балдар Борборго келген ата-энесине/башка адамдарга өткөрүп берилет.
Борбордо кармалган балдар мекемелерин өз алдынча таштап кеткен балдар аларга келген балдар мекемелеринин өкүлдөрүнө өткөрүп берилет. Балдарды өткөрүп берүү ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык баланы өткөрүп берүү жөнүндө акт менен таризделет. Эгерде ата-энеси/башка адамдар балага Борборго келүүдөн баш тартса, баланын жашаган жери боюнча тиешелүү органдардын кызматкерлери чакыртылып, бала профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн аларга өткөрүлүп берилет. Ден соолугунун абалы боюнча саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган (саламаттык сактоо кызматкерлерине берилген) балдар Борборго кайра кабыл алынган учурда кайрадан катталат.
23. Туруктуу жашаган жерине кайтарылган чет өлкөлүк жарандардын балдарды ташуу 2002-жылдын 7-ноябрында Кишинёв шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
24. Балдарды Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка жана Кыргыз Республикасына коштоп баруу, ошондой эле чектеш мамлекеттер аркылуу транзиттик ташуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
25. Бала Борборго кабыл алынгандан кийин, анын курагы 18 жашка жеткендиги документ түрүндө аныкталган учурда, ушул Тартиптин 9-тиркемесине ылайык өз алдынча кетүү актысы түзүлөт.
5-глава. Борбордун ыйгарым укуктары жана милдеттери
26. Борбордун кызматкерлери жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
- баланын ата-энесинин/башка адамдардын инсандыгын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин автоматташтырылган маалыматтык системаларын пайдаланууга;
- баланын өзүнүн мыйзамсыз аракеттеринин аныкталган учурлары, ошондой эле балага карата укукка каршы аракеттер, анын укук бузууларга катыштыгы бар экендиги аныкталган учурда, мыйзамда белгиленген тартипте андан ары чараларды көрүү үчүн тиешелүү органдарга баланын Борборго келип түшкөндүгү жөнүндө билдирүүгө;
- ата-энелери/башка адамдар балага келүүдөн баш тартышса, балдардын жашаган жери боюнча тиешелүү органдардын өкүлдөрүн чакырууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан жана окуу жайларынан бала, ата-энеси/башка адамдар жөнүндө маалыматтарды суроого;
- өз милдеттерин аткаруудан качкан же баланы тарбиялоо, окутуу жана багуу боюнча милдеттерин талаптагыдай аткарбаган ата-энелерди/башка адамдарды аныктоого;
- балдарды ата-энесине/башка адамдарга берүүдө документтердин (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ата-энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүк, ишеним кат, кызматтык күбөлүк, аты-жөнүн өзгөрткөндүгү жөнүндө күбөлүк ж.б.) көчүрмөсүн алууга;
- жалпы билим берүү программасын уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүүгө.
27. Борбордун кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- балдарды күнү-түнү кабыл алууга жана аларды мыйзамдуу өкүлдөрүнө берүүгө;
- балдар Борборго кабыл алынган учурдан тартып бала, анын ата-энеси/башка адамдар жөнүндө анкеталык маалыматтарды жана башка маалыматтарды жана көзөмөлсүз жана кароосуз калган себептерин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүгө;
- Борбордо болуу учурунда балдардын жеке коопсуздугун камсыз кылууга;
- ата-энесине/башка адамдарга баланын турган жери жөнүндө өз убагында билдирүүгө;
- балага сылык мамиле кылууга, камкордук көсөтүүгө жана көңүл бурууга.
6-глава. Корутунду жоболор
28. Борбордун кызматкеринин аракеттери баланын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушуна алып келди деп эсептеген жаран (ата-эне/башка адамдар), алардын аракеттерине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жогору турган жетекчилигине, прокурорго же сотко даттанууга укуктуу.
29. Борбордун кызматкерлери укукка каршы аракеттери үчүн тартиптик, кылмыш-жаза жоопкерчилигин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликти жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жоопкерчиликти тартат.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартибине 1-тиркеме
БЕКИТЕМ
_________________________________________
ИИО аталышы жана гербдик мөөрү
________________________ башчысы
_________________________________________
наамы, аты-жөнү
_________________________________________
20____-ж. "___" _______________
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборуна балдарды жеткирүү жөнүндө ТОКТОМУ
20____-ж. "___" _______________
"_______" саат "______" мүнөт
Мен, _______________________________________________________________________________
кызмат орду, наамы, аты-жөнү
_________________________________________________________________________________
аты-жөнү, туулган жылы, айы, күнү
_________________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________________
туулган жери, окуган, иштеген жери, кызмат орду,
_________________________________________________________________________________ ата-энеси же башка адамдар жөнүндө маалымат, жашаган жери, иштеген жери, кызмат орду _________________________________________________________________________________ ________________________________________________________ материалдарын карап чыгып,
АНЫКТАДЫМ:
_________________________________________________________________________________
Борборго балдарды жайгаштыруу үчүн жагдайлар жана негиздер,
_________________________________________________________________________________
Борборго буга чейин жеткирилгендиги көрсөтүлөт
_________________________________________________________________________________
ТОКТОМ КЫЛДЫМ:
Бала ____________________________________________________________________________
аты-жөнү, туулган жылы
_________________________________________________________________________________
Борбордун аталышы
_______________________________________________________________________ жөнөтүлсүн.
жеткирүүнү негиздери
______________________________ ________________________ _______________________
кызмат орду, наамы, аты-жөнү, кол тамгасы
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартибине 2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна жеткирилген балага өздүк кароо жүргүзүү ПРОТОКОЛУ
20____-ж. "___" _______________
"_______" саат "______" мүнөт
Мен, _______________________________________________________________________________
кызмат орду, наамы, аты-жөнү
_________________________________________________________________________________
баланы жеткирген кызматкердин кызмат орду, наамы, аты-жөнү
_________________________________________________________________________________ катышуусунда баланы жеке текшерип кароо жүргүздүм. _________________________________________________________________________________
баланын аты-жөнү, курагы Борборго жеткирүүнүн негиздери
_________________________________________________________________________________ Өздүк кароонун жүрүшүндө, убактылуу сактоо үчүн төмөнкү буюмдар алынды: _________________________________________________________________________________
убактылуу алынган буюмдардын аталышы, саны жана белгилери
_________________________________________________________________________________
паспортун, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алууда
_________________________________________________________________________________
сериясы, номери, качан жана ким тарабынан берилгени көрсөтүлөт
_________________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________________ Кийген кийими (мезгилге жарага) _____________________________________________________
кийимдердин аталышы, алардын өңү-түсү көрсөтүлөт
_________________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________________ Балага кароо жүргүзүү _____________________________________________________________ _________________________________________________________________________________ Баланын кол тамгасы ______________________________________________________________
(аты-жөнү, кол тамгасы)
Баланы жеткирген адамдын кол тамгасы ______________________________________________
(аты-жөнү, кол тамгасы)
Өздүк кароо жүргүзгөн Кызматкердин кол тамгасы _________________________________________________________
(аты-жөнү, кол тамгасы)
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартибине 3-тиркеме
Жеке буюмдарды алгандыгы тууралуу ТИЛ КАТ
Жеке текшерип кароо жүргүзүү протоколунда көрсөтүлгөн убактылуу сактоодо турган буюмдарды кабыл алып, текшерип чыктым, эч кандай дооматым жок. __________________________________________________________________________________
буюмдарды алган адамдын аты-жөнү
20____-жылдын "___" ____________ ________________________
(кол тамгасы)
Жеке текшерип кароо жүргүзүү протоколунда көрсөтүлгөн убактылуу сактоодо турган буюмдарды кайтарып бердим ___________________________________________________________________________________
(кызмат орду, наамы, аты. жөнү)
___________________________________________________________________________________
_________________________
(кол тамгасы)
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартибине 4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна жеткирилген балдарды эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
Башталышы 20____-ж. "___" _______________ Аякташы 20____-ж. "___" _______________
№
Борборго жеткирилген күнү жана убактысы
Жеткирилгендин аты-жөнү
Туулган күнү. айы, жылы
Баланын иш жүзүндө жашаган жери
Ким тарабынан жеткирилди (кызмат орду, аты-жөнү)
Борборго жеткирүү үчүн негиздер
Борбордон кеткен күнү жана убактысы
Бала кимге өткөрүп берилди
Баланы өткөрүп берген кызмат адамынын аты-жөнү
Эскертүү
Эскертүү. Журнал номерленип, көктөлүп, Борбордун начальнигинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартибине 5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна жеткирилген балдардын эсепке алуу көктөмөсү № ______________
Фамилиясы _________________________________________________________________ Аты ________________________________________________________________________ Атасынын аты _______________________________________________________________ Туулган күнү, айы, жылы жана жери _____________________________________________
БАЛА ТУУРАЛУУ ТАКТАЛГАН МААЛЫМАТТАР
Фамилиясы _________________________________________________________________ Аты ________________________________________________________________________ Атасынын аты _______________________________________________________________ Туулган күнү, айы, жылы жана жери _____________________________________________
Келип түштү 20____-жылдын "___" ____________ Чыгарылды 20____-жылдын "___" ____________
_____________________ баракта
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартибине 6-тиркеме
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан Балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборуна жеткирилген балага АНКЕТА
1. Аты-жөнү ______________________________________________________________
2. Туулган күнү, айы, жылы жана жери ________________________________________
3. Улуту _________________________________________________________________
4. Иш жүзүндө жашаган дареги ______________________________________________
5. Окуган, иштеген жери, кызмат орду _________________________________________
_________________________________________________________________________
эгерде окубаса, анда кайсы мезгилден бери, кандай себеп боюнча
_________________________________________________________________________
6. Бул калктуу конушка каяктан жана эмне себептен келди _______________________
_________________________________________________________________________
келген дареги жана себеби көрсөтүлөт
7. Соттолгондугу тууралуу маалымат _________________________________________
мурда кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылганбы
_________________________________________________________________________
Ата-энеси жана башка адамдар жөнүндө маалымат
8. Аты-жөнү, туулган жылы _________________________________________________
_________________________________________________________________________
9. Жашаган, иштеген жери, кызмат орду _______________________________________
_________________________________________________________________________
10. Кошумча маалыматтар _________________________________________________
_________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________ Толтурду: ___________________________ ______________________
кызмат орду, аты-жөнү, күнү, кол тамгасы
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартибине 7-тиркеме
Балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлорундагы балдардын тамактануу ченемдери
№
Азык-түлүктүн аталышы
Бир балага ченем
мектепке чейинки курак
калориялуулугу
мектеп курагы
калориялуулугу
1
2
3
4
5
6
1
Буудай наны
100
207
200
414
2
Буудай уну
35
117,6
35
117,6
3
Картошка уну
3
9,36
3
9,36
4
Акшак, буурчак, макарон азыктары
45
150,7
80
268
5
Картошка
300
192
400
256
6
Жашылчалар
400
104
470
122,2
7
Жаңы жемиштер
260
57,2
250
55
8
Ширелер
200
100
200
100
9
Кургатылган жемиштер
10
21,9
15
32,8
10
Шекер
55
215
70
273,7
11
Кондитер азыктары
25
97,5
25
97,5
12
Чай
0,2
0,2
0,2
0,2
13
Эт
95
87,4
135
124,2
14
Тоок эттери
25
22,5
30
27
15
Сүт жана сүт азыктары
500
285
500
285
16
Быштак
50
40,5
70
56,7
17
Каймак
10
20,1
10
20,1
18
Сыр
10
20,1
12
24,1
19
Канмак май
35
254,4
50
363,5
20
Өсүмдүк майы
12
104,7
18
157,1
21
Жумуртка (даана)
1
65
1
65
22
Татымалдар
2
-
2
-
23
Туз
8
-
8
-
24
Ачыткы
1
-
1
-
Бардыгы:
2172,16
2869,06
Эскертүү. Негизги азыктар боюнча тамак-ашты алмаштыруунун ченемдерине ылайык айрым тамак-аш азыктарын алмаштырууга жол берилет.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартибине 8-тиркеме
Баланы өткөрүп берүү жөнүндө АКТ
Мен, _______________________________________________________________________________
кызмат орду, наамы, аты-жөнү
____________________________________________________________________________________ 20____-жылдын "___" ____________ "_______" саат "______" мүнөт _______________________________________________________________ баланы өткөрүп бердим
аты-жөнү, туулган жылы
____________________________________________________________________________________
балдар мекемелерине өткөрүп берүүдө алардын толук аталышы көрсөтүлөт
____________________________________________________________________________________
кызмат адамдарынын толук аты-жөнү
____________________________________________________________________________________
ата-энесине/башка адамдарга өткөрүп берүүдө, алардын аты-жөнү көрсөтүлөт
____________________________________________________________________________________
туугандык даражасы, паспорт номери, сериясы, качан жана ким тарабынан берилген,
____________________________________________________________________________________
баланы кабыл алган адамдын дареги
____________________________________________________________________________________ Бала менен бирге убактылуу сактоо үчүн алып коюлган буюмдар берилди _____________________ ____________________________________________________________________________________
санап көрсөтүлөт
____________________________________________________________________________________ Эскертүү ____________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ Тапшырдым __________________________________________________________________________
кызмат орду, аты-жөнү, кол тамгасы
Кабыл алдым _______________________________________________________________________
аты-жөнү, кол тамгасы
20____-жылдын "___" ____________
Баланы кабыл алган мекеменин мөөрү же штампы
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартибине 9-тиркеме
БЕКИТЕМ
_________________________________________
Борбордун гербдик мөөрү
________________________ начальниги
_________________________________________
наамы, аты-жөнү
_________________________________________
20____-ж. "___" _______________
Өз алдынча кетүү АКТЫСЫ
Биз, төмөнкү курамда кол коюучулар: ________________________________________ ________________________________________________________________________
кызмат орду, наамы, аты-жөнү
________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ 20____-жылдын "___" ____________ "_______" саат "______" мүнөттө ____________ ________________________________________________________________________
аты-жөнү, жашаган жери
________________________________________________________________________ эрезеге жеткен адам өз алдынча кеткендиги жөнүндө ушул актты түздүк. Убактылуу сактоо үчүн алынып коюлган буюмдар берилди ______________________ ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________
санап көрсөтүлөт
Акт түзгөн кызматкерлер: _________________________________________ _______________________
аты-жөнү кол тамгасы
_________________________________________ _______________________
аты-жөнү кол тамгасы
_________________________________________ _______________________
аты-жөнү кол тамгасы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майы № 226 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча…Постановление · 08.05.2024 · № 226