# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майы № 226 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майы № 226 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230006028>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26622/edition/7929/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230006028.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майы № 226 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (08.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230006028

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 8-майы № 226

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартибин бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 6-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборлоруна балдарды жеткирүү жана убактылуу кармоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган, ишке тартылган мамлекеттик органдардын каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
