# Ивановка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5- февралы № 133/XXXIV-28 «Глауконит» ЖЧК курулуш кумун иштетүү үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ивановка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5- февралы № 133/XXXIV-28 «Глауконит» ЖЧК курулуш кумун иштетүү үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 133/XXXIV-28
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005929>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26549/edition/7826/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005929.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ивановка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 5- февралы № 133/XXXIV-28 «Глауконит» ЖЧК курулуш кумун иштетүү үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө" токтому (05.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005929

---

ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2021-жылдын 5- февралы № 133/XXXIV-28

«Глауконит» ЖЧК курулуш кумун иштетүү үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө 2021-жылдын 29-январындагы «Глауконит» ЖЧКсынын директору Пратов Э.М атынан келген катын жана 2021-жылдын 5-февралындагы агрардык-жер комиссиясынын отурумунун № 03 протоколун карап чыгып, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №1836-V токтомуна, “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө " жобосунун 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25 беренесинин 1 пунктуна жана 7 беренесине, Кыргыз Республикасынын "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан 2021-жылынын 15-январындагы № 6847 ТЕ жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясын жана 2021-жылдын 15-январындагы № 6847 ТЕ лицензиясына № 1 Лицензиялык макулдашуусун эске алуу менен, Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1.Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан колдонуу мөөнөтү 2030-жылдын 25 декабрына чейин 2021-жылынын 15-январында берилген № 6847 ТЕ- лицензиясы менен бекитилген координаттарына ылайык, курулуш кумун жүргүзүү үчүн жалпы аянты 6,4 га болгон Ивановка айыл аймагындагы жер участогун убактылуу пайдаланууга берилсин.

2. 1,0 га ижара акысын жылына 30000 сом өлчөмүндө төлөнсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынан каттоо жүргүзүлсүн..

4. « Глауконит » ЖЧКсынын атынан директору Пратов Э.М.. Ивановка айыл өкмөтү менен жер участогуна ижара келишимин түзүүгө милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

Төрага

Э. Д. Усупов
