Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 363 «Ислам академиясы» мекемесин түзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 10-майы № 234 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 363 "Ислам академиясы" мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык)
Теологиялык билим берүү системасын өркүндөтүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 363 "Ислам академиясы" мекемесин түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Чүй облусу, Токмок шаары, 3-кичи район дарегинде жайгашкан эксплуатацияга берилүүчү бүткөн курулуш объектисине белгиленген тартипте шайкештикти баалоону жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясы менен макулдашуу боюнча жогоруда аталган даректе жайгашкан жер участогун (идентификациялык коду 7-10-08-0055-1283) имараттары жана курулмалары менен белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн жер участогун анда жайгашкан имараттары жана курулмалары менен "Ислам академиясы" мекемесине оперативдүү башкаруу укугуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) "Ислам академиясы" мекемесинин уюштуруучусу болуп чыксын;
2) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен макулдашуу боюнча "Ислам академиясы" мекемесинин уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
3) белгиленген тартипте "Ислам академиясы" мекемесин юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
4) окуу процесси башталганга чейин 2025-жылдын 1-сентябрына карата уюштуруу иштерин аткаруу, окуу жылынын башталышына даярдоо, лицензиялык процесстерди өткөрүү, абитуриенттерди кабыл алууну жүргүзүү үчүн "Ислам академиясы" мекемесине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 788 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык 10 штаттык бирдик карасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна ылайык эмгек акы төлөөнү жүзөгө ашырсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 13 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 17-майындагы № 37 (3590) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 234 "Кыргыз…Постановление · 15.01.2025 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 363 "Ислам академиясы" мекемесин түзүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.12.2023 · № 363
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 " Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлсрине эмгек акы…Постановление · 30.03.2022 · № 181
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 788 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын типтүү…Постановление · 20.11.2015 · № 788