«Акылман» президенттик лицейи» мекемесинин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин ПТ № 90 тескемесине)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-майындагы ПТ N 90 тескемесине)
"Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Билим берүү жөнүндө", "Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 154 "Акылман" президенттик лицейи" жөнүндө", 2023-жылдын 14-декабрындагы № 343 "Акылман" президенттик лицейи" жөнүндө" жарлыктарына жана "Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин уставына ылайык иштелип чыкты.
2. "Акылман" президенттик лицейинин көзөмөлчүлүк кеңеши (мындан ары - Көзөмөлчүлүк кеңеш) юридикалык жактын статусуна ээ болбогон "Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин (мындан ары - Лицей) жогорку башкаруу органы болуп саналат, Лицейдин уставдык максаттарынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүү, ошондой эле кошумча (бюджеттен тышкаркы) каражаттарды тартуу жана аларды максаттуу пайдаланууну контролдоо функцияларын жүзөгө ашырат.
2-глава. Максаттары жана милдеттери
3. Көзөмөлчүлүк кеңештин негизги максаты билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатууга, ошондой эле Лицейдин ишинин ачык-айкындуулугун жана бөлүнгөн, анын ичинде бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыз кылууга көмөктөшүү болуп саналат.
4. Көзөмөлчүлүк кеңештин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Лицейдин ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
2) Лицейди эл аралык деңгээлдеги билим берүү, илимий жана маданий борбор катары комплекстүү өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
3) Лицейдин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом, ошондой эле эл аралык уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө көмөктөшүү;
4) Лицейге анын уставдык максаттарын жана милдеттерин аткарууга көмөктөшүү;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун кошумча булактарын тартуу.
3-глава. Көзөмөлчүлүк кеңештин компетенциясы
5. Көзөмөлчүлүк кеңеш:
1) Лицейди өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгууга көмөктөшөт жана аны бекитет;
2) Лицейди өнүктүрүүгө инвесторлордун, меценаттардын финансылык каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарын издөөнү жана тартууну жүзөгө ашырат;
3) Лицейге тартылган бюджеттен тышкаркы каражаттар боюнча кирешелер жана чыгашалар сметасынын аткарылышын, ошондой эле тамак-аш азыктарынын жана медикаменттердин сапатын карайт жана көзөмөлдөйт;
4) Лицейди өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу иштешинин учурдагы жана келечектеги милдеттерин чечүүгө, ошондой эле анын ишинин сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтөт.
6. Көзөмөлчүлүк кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Лицейдин ишин жакшыртуу жана билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) өзүнүн жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле кызыкдар уюмдарды, адистерди жана эксперттерди чакырууга;
3) мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырга тиешелүү маалыматтардан тышкары, Лицейдин тиешелүү кызмат адамдарынан ишти (анын ичинде бюджеттен тышкаркы финансы-чарбалык) жүзөгө ашыруу менен байланышкан документтерди же башка маалыматтарды суратып алууга;
4) зарылдыгына жараша Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен туруктуу жана/же убактылуу комиссияларды түзүүгө;
5) Лицейдин ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн консультанттарды, аудиторлорду, эксперттерди тартууга жана келишимдик негизде жумушчу топторду түзүүгө;
6) фискалдык органдар тарабынан Лицейди текшерүүнүн натыйжалары менен таанышууга;
7) аныкталган бузуулар жөнүндө материалдарды зарыл чараларды көрүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, алардын кызмат адамдарына, укук коргоо органдарына берүүгө;
8) Лицейдин ишинин маселелери боюнча коомдук пикирди изилдөөгө жана жалпылоого жана алынган маалыматты Лицейдин ишин өркүндөтүү максатында пайдаланууга;
9) Лицейдин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу менен байланышкан маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүгө.
4-глава. Көзөмөлчүлүк кеңешти түзүү
7. Көзөмөлчүлүк кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемеси менен бекитилет жана 9 адамдан турат, атап айтканда:
1) Кыргыз Республикасынын Президенти же ал дайындаган адам - көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын өкүлү;
4) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өкүлү;
5) чет өлкөлүк билим берүү уюмунун (ЖОЖ/колледж ж.б.) өкүлү;
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү уюмунун (ЖОЖ/колледж ж.б.) өкүлү;
7) Кыргыз Республикасынын креативдик индустриясынын же бизнес-коомчулугунун өкүлү (мүмкүн болсо билим берүү боюнча);
8) Кыргыз Республикасынын жеке менчик жалпы билим берүү уюмунун өкүлү;
9) билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын коомдук ишмери.
8. Көзөмөлчүлүк кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал бекитилген учурдан тартып 3 жылды түзөт. Бир эле адам улам сайын Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөсү болууга укуктуу.
9. Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ал шайланган мөөнөтү аяктаганда;
2) өз каалоосу боюнча ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка туруктуу жашоого чыгып кеткенде;
4) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) ал сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп таанылганда;
6) Лицейге же Көзөмөлчүлүк кеңештин беделине зыян келтирген Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөсүнүн жүрүм-турум этикасы бузулганда;
7) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;
8) Көзөмөлчүлүк кеңештин жыйналыштарына жүйөлүү себептерсиз катары менен беш жолудан ашык катышпаганда;
9) каза болгон учурда.
10. Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим мындай чечим үчүн Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси добуш берген учурда добуш берүү жолу менен кабыл алынат.
5-глава. Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
11. Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) байкоочулардын статусунда Лицейде өткөрүлүүчү чогулуштарга, жыйналыштарга жана башка иш-чараларга катышууга;
2) Көзөмөлчүлүк кеңеш жана/же Лицей тарабынан түзүлүүчү комиссиялардын, жумушчу топтордун ишине катышууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Лицейдин Уставында каралган башка укуктарга.
12. Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Көзөмөлчүлүк кеңештин жыйналыштарына катышууга;
2) жалпы кабыл алынган жүрүм-турум этикасын сактоого;
3) Көзөмөлчүлүк кеңештин чечимдерин аткарууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Лицейдин Уставында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
13. Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууда Лицейдин кызыкчылыгында гана аракеттенүүгө милдеттүү.
14. Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрү ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ченемдерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
6-глава. Көзөмөлчүлүк кеңештин ишин уюштуруу
15. Көзөмөлчүлүк кеңеш өз ишин көз карандысыздык, ачык-айкындуулук, коллегиалдуулук, ак ниеттүүлүк жана мыйзамдуулук принциптеринде жүзөгө ашырат.
16. Кыргыз Республикасынын Президенти же ал тарабынан дайындалган адам Көзөмөлчүлүк кеңештин туруктуу төрагасы болуп саналат.
17. Төрага жок мезгилде Көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасынын милдеттерин аткаруу төраганын чечими менен, ал эми мындай тапшырманы берүүгө мүмкүн болбогон учурда - Көзөмөлчүлүк кеңештин чечими менен, Көзөмөлчүлүк кеңештин жалпы курамынын көпчүлүк добушу менен анын мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.
18. Көзөмөлчүлүк кеңеш өзүнүн курамынан катчыны шайлайт.
Көзөмөлчүлүк кеңештин катчысы:
1) Көзөмөлчүлүк кеңештин жыйналыштарын даярдоону камсыз кылат;
2) Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүнө жыйналыштын өтө турган күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарлайт, Көзөмөлчүлүк кеңештин жыйналышынын протоколун жүргүзөт;
3) Көзөмөлчүлүк кеңеште иш кагаздарын уюштурат жана жүргүзөт, ошондой эле анын чечимдеринин аткарылышынын мөөнөттөрүн контролдойт;
4) Көзөмөлчүлүк кеңештин жана анын төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды аткарат.
7-глава. Көзөмөлчүлүк кеңештин ишин финансылык камсыздоо
19. Көзөмөлчүлүк кеңеш өз ишин уюштуруу үчүн мыйзамдарга каршы келбеген булактардан финансылык жана башка материалдык каражаттарды тартууга укуктуу.
20. Көзөмөлчүлүк кеңеш тарабынан тартылган акча каражаттарын топтоо үчүн Лицейдин директору банкта мекеменин топтоо эсебин ачат.
21. Акча каражаттары эсептен Көзөмөлчүлүк кеңештин чечиминин негизинде гана анда көрсөтүлгөн конкреттүү максаттарга алынышы мүмкүн.
22. Көзөмөлчүлүк кеңеш акча каражаттарын өз ишин уюштурууга, бирок келип түшкөн сумманын 2 пайызынан ашык эмесин пайдаланууга укуктуу.
8-глава. Көзөмөлчүлүк кеңештин жыйналыштары
23. Көзөмөлчүлүк кеңештин биринчи жыйналышын анын Төрагасы ачат.
24. Көзөмөлчүлүк кеңештин биринчи жыйналышында ачык добуш берүү менен Көзөмөлчүлүк кеңештин катчысы шайланат.
25. Көзөмөлчүлүк кеңештин жыйналышында анын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот.
26. Көзөмөлчүлүк кеңештин жыйналышы ага Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышкан учурда укуктуу болот.
27. Көзөмөлчүлүк кеңештин жыйналыштары жылына кеминде бир жолу, ачык өткөрүлөт.
28. Көзөмөлчүлүк кеңештин жыйналыштарын өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү Көзөмөлчүлүк кеңештин жылдык иш планы менен аныкталат.
29. Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрү Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талабы боюнча кезексиз жыйналыш чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
30. Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына жеке өздөрү катышат. Жыйналышка катышуу мүмкүн болбогон учурда Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөсү күн тартибине киргизилген маселе боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө жиберүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн пикир Көзөмөлчүлүк кеңештин жыйналышында каралууга тийиш жана добуш берүүдө эске алынат.
31. Көзөмөлчүлүк кеңештин чечими боюнча анын жыйналышына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, илимий, профсоюздук жана башка уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Лицейдин иши жаатында адистешкен эксперттер жана башка консультанттар катыша алат.
32. Көзөмөлчүлүк кеңештин жыйналыштары ачык өтөт, аларга Лицейдин өкүлдөрү, жарандар, жарандык коомдун уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алат.
33. Көзөмөлчүлүк кеңештин чечимдери Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага жыйналыштын төрагасы жана катчысы кол коет.
34. Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөсүнүн өзгөчө пикири жазуу жүзүндө таризделет жана Көзөмөлчүлүк кеңештин чечимине тиркелет.
35. Көзөмөлчүлүк кеңештин чечими боюнча тигил же бул маселелер электрондук почта же онлайн режиминде добуш берүүгө коюлушу мүмкүн.
36. Эгерде документтер, чечимдер, сунуштамалар же башка маалыматтар Көзөмөлчүлүк кеңеш тарабынан кабыл алынбаса же бекитилбесе же белгиленген тартипте макулдашылбаса, Кеңештин мүчөсү аларды Көзөмөлчүлүк кеңештин атынан жарыялоого, мамлекеттик органга же башка адамдарга берүүгө укуксуз.
9-глава. Көзөмөлчүлүк кеңештин ишин токтотуу
37. Көзөмөлчүлүк кеңеш Лицей кайра уюштурулган учурда өз ишин токтотот.
10-глава. Корутунду жоболор
38. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштар зарылдыгына жараша иштелип чыгат жана экспертизадан жана макулдашуудан кийин Көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасына бекитүүгө киргизилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабры ПЖ № 343 ""Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.12.2023 · № 343
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 154 "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.06.2023 · № 154
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-майындагы ПТ № 90 ("Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин уставын бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 06.05.2024 · № 90