# Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-марты № 117 "2024-2025-жылдарга карата Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-марты № 117 "2024-2025-жылдарга карата Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005829>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26488/edition/7725/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005829.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-марты № 117 "2024-2025-жылдарга карата Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому (04.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005829

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 4-марты № 117

2024-2025-жылдарга карата Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө

Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 19-беренелерине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1-тиркемеге ылайык, 2024-2025-жылдарга карата Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасы (мындан ары - Программа); 2-тиркемеге ылайык, 2024-2025-жылдары менчиктештирилүүгө тийиш болгон Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин тизмеги.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн программанын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин анын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчётту Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизсин; белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

К.Конгантиев

Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы N 117 токтомуна 2-тиркеме

2024-2025-жылдары менчиктештирилүүгө тийиш болгон Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин ТИЗМЕГИ

№

Объекттин аталышы, жайгашкан жери жана аянты

Баланста кармоочу

Укук белгилөөчү документ, идентификациялык код

1

2

3

4

1

Бишкек шаары, Ш.Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан "Ак-Кула" ат майданынын мүлктүк комплекси жана унаа кирүүчү өтмөк, турак эмес жайдын аянты - 1666,7 чарчы метр, жер участогунун аянты - 3,4706 га

''Ак-Кула" ат майданы" муниципалдык ишканасы

Б сериясындагы № 027297 мамлекеттик акт, 1-01-06-0035-0507

2

Бишкек шаары, Ш.Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан "Ак-Кула" ат майданынын мүлктүк комплекси, турак эмес жайдын айты - 1818,5 чарчы метр, жер участогунун аянты - 45,736 га

''Ак-Кула" ат майданы" муниципалдык ишканасы

Б сериясындагы № 046772 мамлекеттик акт, 1-01-06-0035-0762

3

Бишкек шаары, Ш.Термечиков көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан турак эмес жай - № 2 аткана, турак эмес жайдын аянты - 377,8 чарчы метр, жер участогунун аянты - 0,292 га

''Ак-Кула" ат майданы" муниципалдык ишканасы

Б сериясындагы № 035285 мамлекеттик акт, 1-01-06-0035-0403

4

Бишкек шаары, Ш.Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан турак эмес жай, турак эмес жайдын аянты - 147,2 чарчы метр, жер участогунун аянты - 0,273 га

''Ак-Кула" ат майданы" муниципалдык ишканасы

Б сериясындагы № 035406 мамлекеттик акт, 1-01-06-0035-0484

5

Бишкек шаары, Ш.Термечиков көчөсү, 22/1 дарегинде жайгашкан жеке турак үй, турак жайдын аянты - 74 чарчы метр, жер участогунун аянты - 0,1 га

''Ак-Кула" ат майданы" муниципалдык ишканасы

Б сериясындагы № 035307 мамлекеттик акт, 1-01-06-0035-0436

6

Бишкек шаары, Ш.Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан турак эмес жай, турак эмес жайдын аянты - 1138,8 чарчы метр, жер участогунун аянты - 0,2723 га

''Ак-Кула" ат майданы" муниципалдык ишканасы

Б сериясындагы № 035319 мамлекеттик акт, 1-01-06-0035-0447

7

Бишкек шаары, Ш.Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан, турак эмес жай - № 10 аткана, турак эмес жайдын аянты - 382,2 чарчы метр, жер участогунун аянты - 0,37 га

''Ак-Кула" ат майданы" муниципалдык ишканасы

Б сериясындагы № 035318 мамлекеттик акт, 1-01-06-0035-0450

8

Бишкек шаары, Ш.Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан, турак эмес жай, турак эмес жайдын аянты - 836 чарчы метр, жер участогунун аянты - 0,48 га

''Ак-Кула" ат майданы" муниципалдык ишканасы

Б сериясындагы № 035403 мамлекеттик акт, 1-01-06-0035-0485

9

Бишкек шаары, Ш.Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан, турак эмес жай - № 8 аткана, турак эмес жайдын аянты - 758,5 чарчы метр, жер участогунун аянты - 0,4522 га

''Ак-Кула" ат майданы" муниципалдык ишканасы

Б сериясындагы № 035320 мамлекеттик акт, 1-01-06-0035-0472

10

Бишкек шаары, Ш.Термечиков көчөсү, 1/1 "Е" дарегинде жайгашкан турак эмес жай, турак эмес жайдын аянты - 431,5 чарчы метр, жер участогунун аянты - 0,28 га

''Ак-Кула" ат майданы" муниципалдык ишканасы

Б сериясындагы № 035309 мамлекеттик акт, 1-01-06-0035-0568

11

Бишкек шаары, Ш.Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан турак эмес жай, турак эмес жайдын аянты - 1966 чарчы метр, жер участогунун аянты - 1,65 га

''Ак-Кула" ат майданы" муниципалдык ишканасы

Б сериясындагы № 035321 мамлекеттик акт, 1.01-06-0035-0546

12

Бишкек шаары, Ш.Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан турак эмес жай, турак эмес жайдын аянты - 542,3 чарчы метр, жер участогунун аянты - 0,2296 га

''Ак-Кула" ат майданы" муниципалдык ишканасы

Б сериясындагы № 035385 мамлекеттик акт, 1-01-06-0035-0506

Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси

И.Аденов
