# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-майындагы ПТ № 90 ("Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин уставын бекитүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-майындагы ПТ № 90 ("Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин уставын бекитүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005817>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19184/edition/7716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005817.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-майындагы ПТ № 90 ("Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин уставын бекитүү тууралуу) тескемеси (06.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005817

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 6-майы ПТ № 90 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 343 "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) "Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин уставы 1-тиркемеге ылайык;

2) "Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

3) "Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул тескемеге ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

3-тиркеме

"Акылман" президенттик лицейи" мекемесинин көзөмөлчүлүк кеңешинин КУРАМЫ

Жапаров Садыр Нургожоевич

\-

Кыргыз Республикасынын Президенти (же ал дайындаган адам), көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасы;

Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна

\-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасынын орун басары;

Туманбаев Каныбек Тургунбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;

Омурбеков Медербек Омурбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү;

Шаматов Дуйшон Алиевич

\-

Назарбаев университетинин Жогорку билим берүү мектебинин доценти (Астана ш.);

Орумбаев Мырзабек Турганбаевич

\-

"Адал Азык" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

Жоробеков Айдарбек Жолборсович

\-

Кыргыз-Шведдик физика-математикалык комплексинин директору/негиздөөчүсү;

Сайдилканов Жодар Разакович

\-

"Интегра Инжиниринг Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү;

Макен Зарина

\-

жеке ишкер, "Инсан" өнүктүрүү борборунун жетекчиси.
