Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Жабыр тарткан айыл чарба субъекттерине үрөн берүү тууралуу) Тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2023-жылдын 15-ноябры № 687-т Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн олуттуу түрдө аз жыйналуусуна алып келген Кыргыз Республикасынын айрым райондорундагы жагымсыз климаттык кубулуштардын (нөшөрлөгөн жамгырдын, селдин, мөндүрдүн) кесепетинен жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын айыл товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Жайыл, Панфилов, Москва, Чүй, Сокулук жана Түп райондорунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен биргеликте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 "Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык түзүлгөн актылардын негизинде 2023-жылдын вегетация мезгилинде жабыр тарткан айыл чарба субъекттердин тизмесин аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине берсин;
- жогоруда көрсөтүлгөн жабыр тарткан айыл чарба субъекттерине берүү үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-январындагы № 24-т тескемесине ылайык сатып алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн көлөмүн аныктасын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте:
- акысыз негизде үрөн бөлүп берүү үчүн жогоруда көрсөтүлгөн жабыр тарткан айыл чарба субъекттеринин жалпы тизмесин түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген разнарядкалардын негизинде жогоруда көрсөтүлгөн жабыр тарткан айыл чарба субъекттерине үрөн берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги берген разнарядкалардын негизинде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн калдыктарын берүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул тескемени аткарууда мүмкүн болуучу чыгымдарды эске алсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-январындагы № 24-т (Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алуу үчүн акча каражат бөлүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 25.01.2022 · № 24-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 597 "Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2019 · № 597 · Күчүн жоготкон