# Кызыл-Туу айылдык кенешинин 2024-жылдын 16-январы № 8 "Жер тилкесинин категориясын которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кенешинин 2024-жылдын 16-январы № 8 "Жер тилкесинин категориясын которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230005780>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-26460/edition/7673/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230005780.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кенешинин 2024-жылдын 16-январы № 8 "Жер тилкесинин категориясын которуу жөнүндө" токтому (16.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230005780

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 16-январы № 8

Жер тилкесинин категориясын которуу жөнүндө Кызыл-Ту айыл аймагынын аймагында Кара-Сакал айылында №234 контурунда, аянты 3,0 га жер тилкесинин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, жесирлерге, жетимдерге социалдык шаарча куруу үчүн жер тилкесинин категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Жеке турак жай куруу” категориясына которуу маселеси айылдык кенештин сессиясында каралып, талкууланып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,18- беренеге ылайык Кызыл-Туу айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Ту айыл аймагынын аймагында Кара-Сакал айылында №234 контурунда, аянты 3,0 га жер тилкесинин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, жесирлерге, жетимдерге социалдык шаарча куруу үчүн жер тилкесинин категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Жеке турак жай куруу” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн;

3. Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбеков бул жер участогун трансформациялоо жөнүндө ылайыктуу чечим кабыл алууга милдеттендирилсин;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Айылдык Кенештин төрагасы

М.Б. Суюналиев
