Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Туу айылдык кенешинин «Жер тилкесинин категориясын которуу жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 16-январы № 8
Жер тилкесинин категориясын которуу жөнүндө Кызыл-Ту айыл аймагынын аймагында Кара-Сакал айылында №234 контурунда, аянты 3,0 га жер тилкесинин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, жесирлерге, жетимдерге социалдык шаарча куруу үчүн жер тилкесинин категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Жеке турак жай куруу” категориясына которуу маселеси айылдык кенештин сессиясында каралып, талкууланып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12,18- беренеге ылайык Кызыл-Туу айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ту айыл аймагынын аймагында Кара-Сакал айылында №234 контурунда, аянты 3,0 га жер тилкесинин «Ас-Сафа» кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, жесирлерге, жетимдерге социалдык шаарча куруу үчүн жер тилкесинин категориясын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Жеке турак жай куруу” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбековко жүктөлсүн;
3. Кызыл-Ту айыл өкмөтүнүн башчысы А.М. Сагынбеков бул жер участогун трансформациялоо жөнүндө ылайыктуу чечим кабыл алууга милдеттендирилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык Кенештин төрагасы
М.Б. Суюналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон