Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 „Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 апреля 2026 года № 286 "Об условиях оплаты труда работников организаций системы образования Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-04-25.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-майы № 224
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коргоо чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жана материалдык дем берүү системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 6-тиркемесинин эскертүүсүндө:
- 2-пункт "академик Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясында - 200 пайызга" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда - 100 пайызга" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 14-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун кызматкерлеринин ушул тиркеменин 30-37-пункттарында көрсөтүлгөн тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти кызматкерлердин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициентинен 30 пайызга жогору белгиленет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 286 "Кыргыз Республикасынын билим берүүсистемасынын уюмдарынын кызматкерлеринеэмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 25.04.2026 · № 286
- КР Министрлер Кабинетинин 25.04.2026-ж., № 286 токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 286
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 " Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлсрине эмгек акы…Постановление · 30.03.2022 · № 181
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 286 "Кыргыз Республикасынын билим берүүсистемасынын уюмдарынын кызматкерлеринеэмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 25.04.2026 · № 286
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.